Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Куудул "куугунтукка кабылдым" дейт


Абдылда Иманкулов
Абдылда Иманкулов

Бүгүн “Фабула”, “Вечерний Бишкек”, “Супер инфо”, “Кыргыз туусу” жана “Эркин тоо” гезиттери жарык көрдү.

“Фабула” гезити “Жаңы өкмөттүн курамы ишеничти актарына ишенич канча?” деген суроо менен айрым жарандарга кайрылды.

Абдишарип Бекилов: Билим берүү министри Элвира Сариеванын жумуштан кеткени эң туура чечим болду, эми партиялык система ушундай экен деп эле көчөдөн чөнтөгүндө тыйыны барларды партия лидерлери кызматка түртө бергенди токтотушe керек ,- деп;

Депутат Махабат Мавлянова: Мен жаңы дайындалган Таалайкүл Исакунова менен Чолпон Султанбекованы жакшы билем. Экөө тең чечкиндүү, аракетчил айымдар, - деп;

Депутат Алмаз Батырбеков: Биздин фракциядан Чолпон Султанбекованы вице-премьерликке сунуштадык. Учурунда чет элдик инвесторлорду тартып иштеген. Ошондой эле Гүлмира Кудайбердиеванын Билим берүү министрлигине барганы туура болду го деп ойлойм. Негизи өкмөттүн түзүлгөн курамына ишенебиз, - деп;

Журналист Дүйшөк Мамбетөмүров: Айыл чарба министрлигин жоюп салып эле фермерлерди өз эркине койсо болот эле. Кечээ эле Грузияга барып ал өлкөнүнүн реформасын үйрөнүп келген Кашкар Жунушалиевдин аракети эми кайда калды? Билим берүү тармагына татыктуу адам эми келди го деп ойлойм,- деп;

Жаш активист Төрөхан Жунусбеков: Өкмөт да, Жогорку Кеңеш да КСДП баштаган Атамбаевдин кадрлары өлкөнү толук башкармай болду, эми жыйынтыгына жараша келерки күздө баа берилет, - деп жооп беришти.

“Эркин Тоо” гезити өкмөт мүчөлөрүн сүрөттөрү менен жарыя кылды. Саясат таануучу Бакыт Бакетаев “Чыныгы парламенттик республикага карай кадам жасалууда” деп маек берди.

“Кыргыз туусу” гезити “Аскар Салымбеков акыркы 20 жыл аралыгында Кыргызстандын бизнес чөйрөсүндө материалдык байлыктын империясын жаратты” деген баштема менен жаңы санын ачып, ишкердиктин флагманы болгон “Дордой” ассоциациясына 25 жыл толгонуна байланышттуу Вера Беделбек кызынын макаласын тартуулады.

“Ислам мамлекети” же ИГИЛ деген ат менен бейкүнөө адамдардын канын суудай төгүп келаткан терррордук уюмдун алсыздана баштаганын Шабдан Абылгазы уулунун макаласынан окуйсуздар. Аталган гезит “Санжыра” аттуу борбор 2012-жылы уюшулуп, ошондон бери дүйнөнү кыдырып кыргыздын 40 томдук санжырасын жазуу ишине киришкенин, долбоордун автору ишкер Рустам Маманов болсо, долбоордун башкаруучусу жана борбордун директору тарых жазуучу, “журт атасы” Асыкбек Оморов экенин белгилеген гезит анын ”Тарыхыбызды тактоо–идеологиянын башкы башаты” деген маегин тартуулады. Журналист Бермет Маткеримованын “Аялдын кырк чырагы” деген макаласы да ушул “Кыргыз туусу” гезитинде.

“Вечерний Бишкек” гезити президенттин түштүк аймактарын кыдыруусу боюнча макалалардын топтомун жарыялады. Компартиянын жаштар канаты Бишкекке Сталиндин эстелигин орнотуу демилгесин көтөрүп чыгышты. Жаштардын оюнча Сталинге тургузулчу эстелик коррупция менен күрөшүүүнүн символу болуп калмакчы.

Бул санда шаар башчысы Албек Ибраимовдун маеги да бар. Журналист Азамат Касыбековдун макаласы “Финполиция мектептеги коррупцияны көргөн эмес” деген ат менен жарык көрдү. “Вечерний Бишкек” басылмасынан ошондой эле Бишкекте ысык суунун баасы эмне үчүн кымбат болуп жатканын да окуп билсеңиз болот.

“Супер инфо” гезитине куудул Абдылда Иманкуловдун “Үй-бүлөмдү өнөр менен бакчумун. Эми кантем, билбейм?” деген маеги жарык көрдү. Белгилүү куудул концерт коеюн десе Бишкетеги театрлардын бири дагы залын бербей жатканына, филармонияга барса, “бош эмес, эмдиги жылдын жай айларына чейин бошобойт” деп койгонуна жаны кашайган Абдылда куудул: “Же элге окшоп арак, бензин сатпасам, же Ак үйгө автомат көтөрүп барбасам, бюджеттен акча уурдабасам, кылмышкерди самолетко салып качырбасам, “120” кой деп жазган бирөө болсо, аны айткан башка бирөө болсо, менде эмне күнөө? 35 жылдан бери үй-бүлөмдү куудулдук менен багып келаткам. Куугунтукка калганым ушул да, программамды даярдап коюп, концерт бергенге зал табалбай жүрөм” деп маек берди. Куудулдун маеги “Супер инфо” гезитинин бүгүнкү санында.

"Азаттыктын" "Көрөгөч" көзөнөгүнө түшкөн тасма: Шеф менен шоопур. 2014-жыл

Куудулдар: Шеф менен шоопур
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:03 0:00

XS
SM
MD
LG