Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:32

Кармаш кайда алып барат?


Бүгүн “Фабула”, “Вечерний Бишкек”, “Эркин тоо”, “Кыргыз туусу”, “Супер инфо” гезиттери жарыкка чыкты.

“Фабула” гезити Тынчтык Алтымышевдин өкмөттөгүлөрдүн ишин талдоого алган “Жаңы өкмөттө жылыш барбы?” деген макаласын тартуулады. Гүлмира Шаршеева даярдаган бет “Депутат Ө. Текебаев, А. Шыкмаматов, А. Салянова “Альфа Телекомдун” 50 пайыздык акциясын сатууну көздөгөнбү же бул үч депутатка жасалган саясый тапшырмабы?“ деп аталып, бул суроого Икрамидин Айткулов: - Бийлик тарабынан эч кандай тапшырма болгонуна ишенбейм,-деп,

Ренат Самүдүнов: - Бул башкалардан болгон провокация болушу да мүмкүн,-деп,

Шүкүрбек Эркебаев: - Эмнеге бийлик көп жыл унчукпай жүрүп, бул депутаттар оппозицияга өткөндө козгоп жатат?-деп,

Эмил Токтошев: - Бул кезектеги эле кара пиар,-деп,

Камила Талиева: - УКМКнын колундагы документтин негизинде үч депутатка коюлуп жаткан айып негиздүү экенине ишенсе болот, - деп,

Алга Кылычев: - Кыргызда “шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” деп коет, Текебаев чычалабай, саясый оюн кылбай, ак болсо ак экенин мыйзам чегинде тиешелүү органдар аркылуу далилдеш керек, - деп,

Бегалы Наргозуев: - Текебаев, Шыкмаматов, Саляновалар өздөрү ушундай адилетсиз бийликтин бекемделишине салым кошкон саясатчылар, - деп жооп беришти.

“Фабула” гезитине муну менен бирге эле Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева коррупция менен кантип күрөш жүргүзсө болорун өз көзү менен көрүп келген Румыниянын мисалында айтып берди. Депутат Рыскелди Момбеков маегин “Базарды жабууга жергиликтүү бийликтин акысы жок” деп атаса, журналист Тилек Рыскуловдун академик Абдылдажан Акматалиев менен маеги “Чоор жана жер чыгармасы–Болгарияда” деп аталды.

“Эркин тоо” гезитинде “Добуштарды сатууга каршы кандай күрөшсө болот?” деген суроого алынган жоопторду, тарыхчы Токторбек Өмүрбековдун Тайлак баатыр жөнүндө эмгеги, музыка адиси Шарипа Кемелгазиеванын “Музыка сабагын атайын билими барлар гана бериши керек” деген, Бактыбек Имамадиевдин “Бала бакчалар жетишпейт” деген макалалары, өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо боюнча президенттин жарлыгы жана башкалар бар.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санына 2016-жылдагы “Кыргыз брендине” татыктуу болгондорду жана “Жыл мыктыларын” атады. Көч башында “Көчмөндөр оюну, “Имарат строй” курулуш ишканасы баштаган ишканалар жана жеке адамдардын сүрөттөрү менен жарык көрдү. Гезиттен окурмандардын каттарын, журналисттер Болотбек Таштаналиевдин “Сыр жыттанган мектептерде чыр жыттанат да ыя, же “Ысмайыл” мектеп директорлору, “чоң муштум” завучтар” деген, Мырзакат Тыналиевдин Таластагы жер талаш чуусун талдап жазган "Чубактын кунундай чубалган чатак” деген, Улуттук банктын эксперти Дана Сайфулинанын “Эмне үчүн “Сом–Кыргызстандын жүзү? Же улуттук валютанын коргоо элементтери жөнүндө” деген макалалары жарык көрдү.

“Супер инфо” гезитинен “Текебаев-Атамбаев тиреши кайда алпарат?” деген, ырчы Гүлжигит Сатыбековдун “Үйлөндү, балалуу болду” деген кептин баары калп” деген, Мээрим Атантаеванын “Моделдер эмес, актрисалар көп атаандашат” деген, “Асынып өлдү деген аялды күйөөсү муунтуп өлтүргөн деп шектелүүдө” деген, ырчы Нияз Абдыразаковдун “Ырчылыктын үзүрүн эми көрө баштадым” деген, ырчы Сайкал Садыбакасованын “Сахнаны таштоо мен үчүн оор болот” деген макалаларды, маектерди, “Көздү чел басканда чечекейди сөзсүз алмаштыруу керекпи?” деген кеңешти жана башкаларды окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” гезити журналисттер Бермет Маликованын “Депутаттык кумар жана беймаза” деген, Кира Саввинанын “Текебаев: баштан бак таюунун хронологиясы, секс-чырдан Белизге чейин” деген, Ольга Дядюченконун “Ваннадагы табышмактуу өлүм же Бишкекте көзү өткөн маркумдардын квартиралары кандайча бөлүштүрүлөт?” деген макалаларды, киновед Гүлбара Төлөмүшованын кыргыз киносунун 75 жылдыгына арналган баянын жана башка материалдарды окурмандарга тартуулады.

XS
SM
MD
LG