Жаңылыктар | 20.10.2025 | Украинадагы уруш: Донбасстын тагдыры эмне болот?
АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленский менен ок атышууну токтотуу талабын аткаруу үчүн Орусияга Донецк облусун берүүнү талкуулабаганын билдирди. Трамп президенттик Air Force One учагынын бортунан журналисттерге Украина жана Орусия фронттун азыркы сызыгында токтошу керектигин айтты. Буга чейин The Washington Post жогорку кызматтагы эки булакка шилтеме кылып жазгандай, Путин 16-октябрда Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшкөндө Украина Донецк облусун толук өткөрүп бериши керектигин айткан. Путин буга жооп катары Запорожье жана Херсон облустарындагы Орусия басып алган аймактарды Украинанын өзүнө кайтарууну сунуштаган.
Шерине