Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:17

“Референдум өтсө парламент тарайбы?”


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Бүгүн “Супер-инфо”, “Фабула”, “Вечерний Бишкек”, “Эркин тоо”, “Кыргыз туусу” гезиттери жарык көрдү.

“Эркин тоо” гезити жаңы санын “Кытайдын өкмөт башчысы расмий сапар менен Кыргызстанга келди” деген баштема менен ачып, Шанхай кызматташтык уюму биримдигинин Бишкекте өткөн саммитинен маалымат берди. Гезиттин калган бетине жалаң мыйзамдар басылды.

“Кыргыз туусу” көпчүлүк коалиция КСДП, “Бир бол”, “Кыргызстан” фракцияларынан түзүлүп, бардыгы 68 депутат болгонун, жаңы түзүлгөн коалиция өкмөт башчылыгына Сооронбай Жээнбековду сунуштаганын, референдум 11-декабрга белгиленгенин, Шанхай кызматташтык уюму Өнүктүрүү банкын жана Өнүктүрүү фондун түзмөй болгонун кабарлады.

Журналист Болотбек Таштаналиевдин макаласы “Мамлекет ичиндеги “мамлекет” же “чала молдо дин бузат” деген ат менен жарык көрдү.

“Супер-инфо” гезитинде белгилүү ырчы Аскат Мусабеков “Эшик сүзгүлөп өзүмдү көп жерден издедим” деп маек берди. Гезит ошондой эле “Эл күткөндөй коалиция куралды” деген ат менен чакан макала жарыялады.

“Фабула” гезити журналист Алмазбек Темирбек уулунун “Референдум өтсө парламент тарайбы?” деген макаласы менен ачып, Конституцияны өзгөртүүдөн чыккан пикир келишпестиктер кас дегендерди табыштырып, дос дегендерди ажыратканын, саясый аналитиктер болсо референдум өткөндөн кийин парламент тарай турганын, келерки жылдын февраль айында жаңы парламент үчүн шайлоо өтөрүн айтып жатышканын, алардын божомолу боюнча КСДП 60-65 мандатка ээ болуп, андан кийинки “Республика” партиясы 25-30 мандаттуу болору, калган орунду эки партия бөлүп алары, парламентке эмдиги жолу 4 эле партия келери айтыла баштаганын жазып чыкты.

Журналист Тынчтык Алтымышев макаласын “Коалиция кимге керек?” деп атады. Эл аралык “Манас” аэропортунун башкаруу кеңешинин башчысы Эмир Чукуев “Саясый максатка жетүү үчүн мамлекеттик ишканага шек келтирбеш керек” деп маек берди. “Замандаш” саясый партиясынын тең төрагасы Жеңиш Молдокматов үй-бүлөсү, жашоо-турмушу, көз карашы, ата-энеси, туулуп-өскөн жери тууралуу маек курду. Академик Абдылдажан Акматалиевдин “Айтматовдун жан дүйнөсү кең эле...” деген ат менен журналист Тилек Рыскуловго берген маеги жарык көрдү. Гинеколог Замира Асаналиеванын “Жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулар өөрчүсө өнөкөт ооруларга айланат” деген врачтык кеңеши да “Фабула” гезитинин бүгүнкү санында. Архитектор Эдил Айдарбеков “Эстелик сүйлөйт” деген макаласы аркылуу эстеликтер тууралуу ой-толгоосун ортого салды.

“Вечерний Бишкек” гезити Марат Исаковдун “Текебаев Эмен паркынан Үзөңгү-Кууш үчүн Акаевден жер тилкесин алганбы?” деген макаласын тартуулады. Макалада парктын ичине жаңы курулган “Фрунзе” рестораны Текебаевдин менчиги экендиги жана анын таржымалы кандай болгону баяндалат. “Мамматрезервди өкмөттүн өкүмү күтүүдө” деген макаласында журналист Зинаида Сорокина курттаган ундун чуусу басылып-басылбай жатып өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондун кара туман кайрадан каптаганы калганын жазды. Ленин атындагы айылдын орто мектебинин 9-классынын окуучуларынын мушташы тууралуу Нина Ничипорованын макаласында кеп болду.

XS
SM
MD
LG