Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:26

Атамбаев-Текебаевдин тиреши өчөшүү болуп жатканы өкүнтөт


“Де-факто” гезити бүгүнкү санын Адахан Мадумаровдун “Бийликтен жакшылык болбой калды” деген маеги менен ачты. Атамбаев менен Текебаевдин тиреши чындыктын жүзүн ачыш эмес, өчөшүү болуп жатканы өкүнтөрүн, эки тараптын мындай доолоруна 5 жыл мурда эле чекит коюлса туура болмогун, жабылуу аяк жабылуу калсын деп олтуруп акыры ушул абалга келгенибизди, азыр элдин башы маң болуп, кимге ишенерин билбей турганын, эгер Текебаев койгон документтердин баары такталса анда Атамбаевдин бир күн да президент болуп олтурганга акысы жоктугун, журналисттер канчалык тепкилесе да Мадумаров айтчусун айта берерин, азыркы Конституция туңгуюкка алып барарын, Отунбаеванын президенттиги мыйзамдуу эмес экенин ошол кезде эле айтканын, ошондо журналисттер аны жерден алып көргө салганын эстеп, президенттин жанында жүргөн азаматтын “7-канал” деген телеси Жалал-Абадда берүүлөрүн эртең менен Мадумаровдон баштап, кечинде Мадумаров менен бүтөрүн, аз күндөн бери ага Текебаев кошулуп жатканын кеп кылды.

“Супер инфо” гезити жаңы санын Мирлан Өмүралиевдин “Максим Бакиевге арналган жер Атамбаевге кандайча өтүп кетти?” деген макала менен ачып, “Коррупцияга каршы күрөш жүргүзөм, уурулардын, жегичтердин орду түрмөдө” деп ураан салган президент жер боюнча эл ичинде ар кандай ой-пикирлердин чыгышына жол бербеши керек эле” деп жазды. “Ата Мекенди” чыгаруу үчүн КСДП өзү түзгөн коалицияны уратууга барабы?” деген, “Бишкек мэри жерди мыйзамдуу алып, президентке мыйзамдуу сатканын далилдей албай убара” деген, “Кыргыз эли Түркиядан башкарылууда” деген макалаларды басып, Адахан Мадумаровдун “Атамбаевдин абалга эч кандай таасири тийбейт, азыр Кыргызстанды анын айланасындагы 3-4 киши башкарууда” деген маегин жарыялады.

“Фабула” гезити бүгүнкү санын “Ооруга күлгөндөр, обу жок үргөндөр” деген макала менен ачып, эзелтен нарктуу, салттуу кыргыз эли оору менен ойнобогонун, оору адамды таба кылбаганын, бирок сайрап чыкма саясатчылар жадагалса президенттин оорусунан да упай топтоого киришип, ар кандай кеп-сөздөргө от коюп, “боктон шоколад жасап” жатышканын, айрымдар Атамбаев жаткан отелде бир номер "11 миң доллар экен” деп жер сабап жибергенге чейин барышканын билдирди. Тынчтык Алтымышевдин “Кадыржандын калпынан Исмаилованын ишмердигине чейин” деген, Мирлан Алыбаевдин “Кадыржан Варшавадан үн катты, Төлөйкан анын жанында олтурду” деген макалаларын тартуулады. Анда Жогорку Кеңештин Коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутат Максат Сабиров Төлөйкан Исмаилованы “өлкө чыккынчысы” деп атаганын жазды. Максат Сабиров:-ЕККУнун трибунасынан Кадыржан Батыров “Кыргыздар өзбектерди “геноцид кылды” деп сүйлөп атса Кадыржандын айтканы туура дегенсип Төлөйкан Исмаилованын башын ийкеп олтурганы мага өтө катуу тийди. Биз мындайлардын жоопкерчилигин кароо боюнча сунуштарды киргиздик,-деп, Чолпонбек Абыкеев:-НПОшниктер Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун кулдары,-деп, Бакыт Бакетаев:- Кадыржан Батыровду кармап келип камаш керек. Азыркы Конституцияны өзгөртпөсөк алдыга эмес, артка кетебиз. Референдум өтүшү керек,-деп, Кадыр Кошалиев:-Төлөйкан Исмаилованын Кадыржан Батыровдун жанында олтурганы НПОлордун кимдердин кызыкчылыгы үчүн иштеп жаткандыгын даана көрсөттү,-деп, Жеңиш Молдокматов:- Адам жанын алган, жүздөгөн балдарды жетим, энелерди жесир калтырган, анык сепаратист-террорист Кадыржан Батыровдун жанында НПОлордун ана башчысы Төлөйкандын баары туура дегенсип баш ийкеп олтурганын көрүп жаным сыздады. Мындай эл чыккынчыларына катуу чараларды көрүү керек,-деп, экс-депутат Надира Нарматова:- Бул деген биздин башкы прокуратуранын, күч органдарынын жана бийликтин алсыздыгы. 6 жыл бою эч кандай чара көрбөгөндүктүн натыйжасы. Кадыржан Батыровдун Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө арнап сактап жүргөн бир “бомбасы” болсо керек. Болбосо минтип публичный сүйлөбөйт эле,-деп жооп берди.

“Эркин тоо” гезити “Жол кырсыктары Жогорку Кеңеште талкууланды” деген макала менен бүгүнкү санын ачып, Түркияда дарыланып жаткан мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы жакшы экендигин, өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев эртең Бириккен Улуттур уюмунун башкы ассамблеясында сөз сүйлөрүн кабарлады. Журналист Таалайбек Темиров макаласын” Эл өзү чечсин” деп атап, Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселесин оппозиция эмес добуш берүү аркылуу эл өзү чечерин жазды. Ушул эле гезит филармонияда “Ардактуу инсандар” аттуу коомдук бирикменин 12 кишиге “Журт атасы” деген наамды бергенин, алар: Асыкбек Оморов, Түгөлбай Казаков, Аширбек Бакаев, Айылчы Сарыбаев, Бейшенбек Үкүев, Кантөрө Токтомаматов, Камчыбек Узакбаев жана башкалар “Журт атасы” болгонун маалымдады.

“Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин “Жогорку Кеңештин депутаттары Конституцияга оңдоолор боюнча мыйзам долбоорун референдумга коет жана элдин өзү чечкенге мүмкүнчүлүк берет” деп ишенем” деген аталыштагы сөзүн басты. Илим докторлору Сыртбай Мусаев менен Бекбосун Бөрүбашевдин “Конституция жана андагы көйгөйлөр” деген аталыш менен ойлорун ортого салды. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун маеги “Башкы нерсе бул–“Ырыс алды–ынтымак” деген ат менен Нарынга барган сапарындагы жолугушууда эл берген суроолорго жообу тартууланды.

“Вечерний Бишкек” гезити да жарыкка чыкты.

XS
SM
MD
LG