Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:19

Уктап жаткан арстанды ойготпош керек


Конституцияны өзгөртүүгө каршылар.
Конституцияны өзгөртүүгө каршылар.

17-августта жарык көргөн кыргыз гезиттерине баяндама.

“Майдан” гезити Кыргызстан энергетиктери электр энергиясынын баасын казак туугандарга 6,8 тыйындан сатып, кошуналарга сугат сууну жөн эле шаркыратып агызып жатканын жазып чыкты. “Кыргызстанда экспорт үчүн аныкталган баа тарифи – 4 цент. Эмнеге аны карманган жокпуз? 5,6 сомдон сатып алууга мажбур кылып, “кааласаң ал, каалабасаң жок”,- деген мамилесин көрүп туруп мындай чыккынчылык кадамга Улуттук энергохолдинг кантип барып жатат?” деп суроо коет гезиттин редактору Нургазы Анаркулов.

Ушул эле гезитте Акүй уктап жаткан арстанды ойготуу аракетин жасап жатканы Нурдин Сейитовдун макаласында кеп болот. “Эгер президент уктап жаткан арстанга тийишсе, ал аны жеп коёт да, президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин олтура албай калат... Президентке Конституцияны өзгөртүү коркунучтуу кесепеттерге алып келишин эскертебиз”, деп жазат макала автору.

Конституцияны өзгөртүүгө 2020-жылдын сентябрына чейин болбостугун мурда эле Убактылуу өкмөт мүчөлөрү макулдашканын коомдук ишмер Азимбек Бекназаров “Алмаз досум Конституцияны эле эмес, Кыргызстандын эгемендүүлүгүн да сатып жатат” деген маегинде белгилеген. Бекназаровдун айтуусунда, Атамбаев Конституцияны бузуп күч органдарын түзүп, тышкы саясатты өзүнө алып алды. “Бирок, Атамбаевди билген киши катары ал бирөөлөрдү уга турган киши эмес экенин баса белгилеп койгум келет,- дейт Азимбек Бекназаров.- Башкача айтканда, Атамбаев Путинге караганда оюна келгенин кылып коёт. Анткени, президент мамлекетчил укукчул, юрист эмес, мыйзамды түшүнбөйт. Маанайына жараша иш кылат. Бүгүн көңүлү жакшыбы жакшы иш кылат. Маанайы жок болсо, Россиянын кеңешчилерин эле эмес, президентин да сөгүп сала берет”.

Жогорку Нарын алабындагы төрт ГЭСтин курулушуна делген 37 миллион долларды кайтарып берүүнү Орусия Кыргызстандан талап кылды. Мына ушул “кылым курулушу” тууралуу аферанын жөн-жайы тууралуу пикирин сурап гезит эксперттер менен журналисттерге кайрылган. Алардын жооптору “Майдандын” жаңы санында жарык көргөн.

Басылманын жаңы санында журналист Бейшенбек Бекешовдун “Чаар-Арча кыргыны” деген эскерүүсүнө да орун берилген. Барскоон капчыгайында Үркүндө кыргынга учураган беш жүз бейкүнөө кыргыздан жалгыз Бектен деген жаш бала аман калып, ал алааматтын 80 жылдыгына чейин жашап каза болгону баяндалган. Гезитте Вахаб-Бостон Умаровдун “Эртең тилим жоголору чын болсо, анда жакшы бүгүн өлүп каларым” деген аталыштагы публицистикалык ой толгоосу, акын Үмүтай Эралиеванын “Бул кезде кетип, чындык бизден алыс, Арыбыз тебеленип өлдү намыс...” ыр түрмөгү да жарыяланган.

“Вечерний Бишкек” жаңы санында Бишкектин 7-кичи районунда жашагандар жаңы салынчу үй курулушуна техникаларды киргизбей жатышканын жазып чыкты. Жашоочулар жапжашыл бак кыйылып, тар жерге жаңы үйдүн салынышына нааразы. Ушул эле гезитте Кыргызстандын балык чарбасы кризиске белчесинен батып, айыл, суу чарба министрлиги чет элдик каржы мекемелерине жардам сурап кайрылганы, тармакты алдыга тартып кете турган иштиктүү долбоорлор азырынча ишке кире электиги Вячеслав Аникиндин макаласында козголгон.

Бишкек шаарындагы жылуулук электр борборун жаңыртуу ыраатында жүрүп жатканын шаршембидеги “Слово Кыргызстана” гезити маалымдады. Жаңыланган борбор жергиликтүү көмүрдү жагып, бул тармакты алдыга жылдырышы керек. Кыргызстанда 1,4 миллиард тонна көмүр запасы бардыгы аныкталганы менен, республиканын керектөөсүнүн жарымына жакынын гана жергиликтүү көмүр компаниялары камсыз кыла алат. Калганы сырттан сатылып алынып келинет. Ал эми жол курулушуна арналган Галина Луневанын макаласында тоо шартынын өзгөчөлүктөрү автоунаа катнашын жакшыртуу маселеси козголгон.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG