Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:18

Кол чатыр көтөрткөн прокурор кызматынан кол жууду


Аптанын аягындагы кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Эркин Тоо” гезити кечээ президент Алмазбек Атамбаев Балыкчы-Тамга-Чолпон-Ата-Корумду автожолун кайра калыбына келтирүүнүн жүрүшү менен таанышканын, Бишкек шаары келечекте Орто Азиянын кооз шаарларынын бири болорун, “Кыргызалтын” ишканасынын камакка алынган бардык акцияларын Канаданын соту бошотконун кабарлады. “Тайлак уруунун эмес, улуттун баатыры” деген баштеманын алдында ой-пкирлердин топтому да ушул санда.

“Кыргыз туусу” гезити Дүйнөлүк көчмөндөр 2-оюнуна 35 күн калганын, ушул тапта даярдык кызуу жүрүп жатканын, маселен, коопсуздукту сактоо боюнча 4 миңден ашуун күч кызматкерлери тартыларын, 1000 комузчу Атайдын “Маш ботоюн” чертерин, азырынча дүйнөнүн 20 мамлекети катыша тургандыгын билдиргенин, билдирүү 7-августка чейин кабыл алынарын жазды. Журналист Назарбек Байжигитовдун “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө катышкан инсан” аттуу макаласы Төрөкүл Жанузаковдун баскан жолун, ишмердигин талдоого алды. Жазуучу Жума Мамбетовдун “Теңирим сүйгөн Теңир Тоо” китеби Нарын облусунун тарыхый инсандарына арналганын кабарласа, дагы бир жазуучу Жуматай Абдырахмановдун Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев жөнүндөгү романы жарык көргөнүн, жаңы роман улуттук адабиятыбыздан ордун табарын, анткени роман таланттуу жазуучунун колунан чыкканын маалымдады.

Журналист Болотбек Таштаналиевдин “Арзымат менен Токтогулдун айтышы: канчасы жалган, канчасы чын?” аттуу макаласынын алгачкы бөлүгү мына ушул “Кыргыз туусу” гезитинин бүгүнкү санына басылып чыкты.

“Супер инфо” гезити “Дордой” футбол клубунун оюнчусу, “кара кыргыз” атыккан Даниэл Того менен анын жубайы Элнура Орозбаеванын маегин, “Банктык аманат: ыңгайлуу, ишенимдүү, пайдалуу” деген адистин кеңешин, көгүлтүр көл жээгинде жеткинчектер кантип тил үйрөнгөнүн чагылдырган сүрөттүү баянды, мас айдоочунун айынан майып болуп калган Гүлсана Акматалиеванын айтып бергендерин, белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун “Чынгыш баатырдын эрдиги жана даанышмандыгы” деген ат менен жарыялана баштаган эмгегинин алгачкы бөлүгүн, “таш кордо” кандай жасаларын, президент төртүнчү ырын жаздырганын окуйсуздар.

Аталган гезит “Кол чатыр көтөртөм деп коомчулуктун каарына калган прокурор кызматынан кол жууду” деген макала жарыялап, анда Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманкулов кызматынан алынганын, аткаминерлердин мындай бай-манаптык жоруктары президент Алмазбек Атамбаевге чейин жеткенин, президент кыргыз чинвниктеринин мындай жосундарын сынга алып: “Мамлекеттик кызмат–элге кызмат кылуу, муну унутуп койгон айрым жогорку кызматтагы чиновниктердин бай-манаптык кылык-жоруктары коомузбузда терс баасын алып жатат, эл алардын жупуну болушун талап кылууда, бул адилеттүү доомат” деп айткан сөзүн шилтеме кылуу менен, Кыргызстандын тарыхында кызматтан өз ыктыяры менен баш тарткан аткаминер жоктугун, кокус кызматынан бошотулуп калса, эртеси эле оппозиция болуп чыга каларын жазды. Шаардын көркүн бузуп жаткан көрнөк-жарнактар Жазгүл Кенжееванын макаласында сөз болду. Ырчы Гүлзада Рыскулованын маеги “Орусияда мигрант болуп иштеп да көрдүм” деп аталды.

“Вечерний Бишкек” гезити кечээ журналисттерге КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата-Журт” жана “Кыргызстан” фракциялары Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өтөрүн айтканын кабарлады. Ага ылайык, жакын арада ал элдик талкууга коюлуп, бир ай талкууланарын, мыйзамда премьер-министрдин укугу кеңейтилерин, ошондо премьер-министр акимдерди өзү дайындап каларын, ошондой эле сот системасындагы реформаларды тездетүү каралганын, референдум болжол менен ноябрь айына белгиленип жатканын жазып чыкты. Ушул эле гезиттен Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кыргыз-кытай темир жолун салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Евгений Кимдин макаласынан окуп алсаңыздар болот.

XS
SM
MD
LG