Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:21

Жокчулукту чакырган жыртык шымчандар деле салтта жок болчу


Кызуу талаш жараткан көрнөк.
Кызуу талаш жараткан көрнөк.

Бейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Азия ньюс” гезити бүгүнкү санында “Президенттин демилгесин колдогондор көбөйдү” деген баштеманын алдында айрым жарандардын ойлоруна орун берди. Баштеманын кириш сөзүндө “Кайран элим, кайда баратабыз?” деген такталар Кыргызстандын бардык жерине илине башталганын, ага улай эле президент өзү буга түшүндүрмө берип: “Араб, Пакистан, Бангладеш сыяктуу өлкөлөрдүн маданиятын кыргыз маданияты менен чаташтырбоо керек. Мындай баннерлер бизге зарыл. Кептин баары бөтөн элдин тилин, кийим-кечектерин таңуулоодон башталат. Аягы барып адам өлтүрүүгө жетиши мүмкүн. Мунун ислам менен эч кандай тиешеси жок. Ислам–тынчтыктын жана мээримдүүлүктүн дини”, деп айтканын окурмандардын дагы бир жолу эсине салды.

Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин:-Баннердин максаты–улуттук маданиятыбызды, улуттук кийимдерди сактоого чакырык. Бөтөн элдердин маданиятын таңуулоого, маңкуртташууга каршыбыз! Бул ИГИЛге алып баруучу түз жол,-деп,

тарыхчы Кыяс Молдокасымов:-Тарыхта илгертен эле чет өлкөдөн келген саякатчылар болобу, кербен тарткан соодагерлер болобу, кыргыз кыз-келиндеринин ачык-айрымдыгына, жүздөрүн жашырып-жаппай жүргөнүнө, келген адамдар менен адам катары тең ата сүйлөшө алгандыгына, жашоо-турмушунда эркектер менен тең катар эле аралашып жүргөндүгүнө суктанган. “Кыргыз деген ушундай сонун эл бар экен” деп таң калган. Ал эми бүгүн коомду каалагандай бөлүп-жарган диний агымдар күчөп кетти. Алтургай кыргыздын эркектери ата-бабаларыбыздын түшүнө кирбеген узун этек кийимдерди кийип жүрүшөт. Дин эркиндигин эч ким чектеген эмес, бирок кыргыздын каада-салтын, кийим-кечегин сактаган динди гана эл урматтайт,-деп,

спортчу Шаршен Касенов:- Бир эле мисал келтирейин. Дүйнөдөгү эң көрүнүктүү мусулман саясатчыларынын бири Хамид Карзайды карагыла? Кана сакалын төшүнө чейин өстүргөнү? Ар дайым сакалын тегиздеп алып жүрөт. Дагы бир айтарым, айт намаздарын аянтка чогултпоо керек. Көп эл чогулган жер бүгүн кооптуу боло баштады. Мындай жерге бомба менен кирип алып жардырганга оңой,- деп,

окумуштуу Жолборс Жоробеков: - Улутту улут кылып көрсөтө турган тил, каада-салт жана улуттук кийим. Арабдын салпылдаган кийимдери менталитетибизге дагы, тарыхыбызга дагы, элибизге дагы туура келбейт. Мен мурда өлкөдөгү дин комиссиясын жетектегем. Ошондо мага арабдардын өздөрү айтышкан: “Салпылдаган, формасы жок кийимдер географиялык, климаттык шарттарга ылайыкталган кийимдер, мунун исламга эч кандай тиешеси жок” деп. Ошондой эле киндиктерин көрсөткөн, кыргызга жокчулукту чакырган тытылган шымдарды кийип, эмчектеринин жарымын, кир болгон киндиктерин көрсөтүп телеканалдардан чыгып жаткан жаштардын обу жок кийингени да каада-салтыбызыга каршы жасалган иштер,- деп жооп берди.

“Азия ньюс” гезитинин жаңы санынан ошондой эле саясат талдоочу Марс Сариевдин “Бийлик ичинен тазаланбаса, акыйкаттык болбосо, биз бирөөлөрдүн колунда оюнчук болуп калабыз” деген, саясат талдоочу, КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Сабыр Муканбетовдун “Чубак молдо диний радикалдашууга от тамызууда” деген, Нарындын губернатору Аманбай Кайыповдун “Тайлак баатырдын мааракесине урматуу Алмазбек Шаршенович зор жардамын берди” деген маектерди, “100 күнгө чейинки генералдын чабыты” деген, “Сапар Исаков жоголгон 15 миң 250 доллардын дайнын билеби?” деген, “Ата-эненин ашкере сүйүүсү азапка айланат, анын кесири элге, коомго тиет” деген макалаларды жана “Өнүгүү-прогресс депутаттарынын жашырган байлыктары”, деген таблицаны окуйсуздар.

Мелис Арыпбектин “Унаиси” уланууда. Юрист Бекибай Мамытовдун кеп-кеңеши да ушул санда.

XS
SM
MD
LG