Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

Казакстандын маданияты жок маданият министри


Казакстандын маданият министри Арыстанбек Мухамедиулы.
Казакстандын маданият министри Арыстанбек Мухамедиулы.

Шаршембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

"Багыт” гезити журналист Назгүл Осмонованын “Казак министри казак элин кыргыздардын алдында жер каратты” деген макаласын тартуулады. Автор Казакстандын маданияты жок маданият министринин эсине 20-кылымдын 30-жылдарындагы Казакстанды каптаган ачкачылыкты, ошондо 2 миллионго жакын казак калкы ачкадан кырылып, бир далайы тууган тутуп, азып-тозуп кыргыздарды көздөй кол сунуп келгенин, ошондо Кыргыз мамлекетинин башчысы Жусуп Абдыракманов Сталиндин совет өлкөсү үчүн даярдай турган эт, эгин жыйноо планынан баш тартып, аны тентип-тербип, өлөрүн санап келген казактарга берип, аларды кырылып кетүүдөн сактап калганы эчким өчүралгыс болуп тарых беттеринде сакталып калганын, ачкадан аман калыш үчүн айрымдар алтургай өлгөн адамдын этин жегенге чейин барганын, Казакстандын Мерке, Луговой, Алматы, Жамбул аймагынан келгендер Кыргызстандын Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл аймактарында жан сактап калышканын, боору ачыган кыргыз эли үйлөрүнө киргизип, кийим-кечесин, төшөнчүсүн бөлүшүп багып алганын, ошондо кыргызга бүлө болуп, кыргыз жеринде биротоло жашап калган казак туугандар бүгүн арабызда толтура экендигин, бир эле мисал ошол ачкачылык алааматында бир эле Талас калкы кабагым-кашым дебей, өзүнүн саны канча болсо үстүнө дагы ошончо казакты батырып бакканын, ал эми Сталиндин буйругун аткарбагандыгы үчүн кыргыздын кымбат уулу Жусуп Абдыракманов 1933-жылдын сентябрында кызматынан алынып, партиядан чыгарылып, кийин түрмөгө камалып, акыры атылып жок болгонун, азыр анын бейити Айтматовдун сөөгү жаткан Бишкектеги шейит кеткендердин “Ата-Бейитинде” жатканын казак туугандардын унутчаак уулунун эсине салды. Улуу Чыңгыз агабыздын маңкурт Жоломаны сыяктуу ата-теги ким экендигин эстей албаган, жакшылыкты бат унуткан, бир тууган казак калкын улуу, сабырдуу жана боорукер кыргыз калкынын алдында беделин түшүрүп, уят кылган маданиятсыз министринин эсине салды. Бул макаланы акыр аягына чейин окугуңуздар келсе бүгүн жарык көргөн “Багыт” гезитин сатып алыңыздар.

“Багыт” мындан тышкары Бишкек шаар кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаевдин “Бишкекте 2 жылдын ичинде 150 чакырым жол оңдолот” деген, КСДП фракциясынын депутаты Бакыт Жетигеновдун “Өкмөттүк эмес уюмдарды бул мыйзамсыз эле катуу көзөмөлгө алса болот” деген, экс-депутат Нарынбек Молдобаевдин “Баш мыйзамды саясый эрк менен өзгөртпөсө бул жүрүш менен өзгөртпөйт” деген маектерин, Таластан Касымбек Карыбаевдин бейөкмөтчүлөр Азиза Абдрасулова менен Төлөйкан Исмаиловалар тууралуу макаласын жарыялады. Маданиятка эмгек сиңирген кызматкер, белгилүү журналист Бөкөнбай Боркеевдин “Зейнеп Шакеева жүрөгү менен ырдайт” аттуу макаласы да ушул санда.

“Көк асаба” гезити акын, журналист Жыргалбек Касаболотовдун Москвада жашап, иштеп келаткан акын кызыбыз Нарсулуу Гургубаеванын чыгармачылыгы тууралуу жакшы сөзүн, жакшы каалоо-тилегин айтып, маңдайынан сылаган макаласын тартуулады. Гезит төкмө акын Чыңгызхан Кожошевдин маегин да басты. “Элечек” жөнүндө сүрөттүү баян да ушул санда. Чолпонбек Капарбек уулунун маектеши Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университетинин профессору, кыргыз деп күйгөн жигиттердин бири Аттокур Жапанов болду. Аттокурдун маеги “Бизге булчуңдары буркуйган аскерлер эмес, акылы жетик жоокерлер керек” деген ат менен басылып чыкты.

Нарындын Эмгекчил айылынын ардагери Оболбек Мамытовдун “Үмүт өчпөйт” аттуу накыл кептери, ой-сунуштары тартууланды. Комузчу Кенжебек Алдаярдын “Кайталангыс Нурак Абдрахманов” деген жана Нурактын “Арзыганын атып алган кыздын күүсү - “Саадак какты” деген макалалары “Көк асаба” гезитинин бүгүнкү санында.

“Вечерний Бишкек” гезити Москвага Ош облусунан барып мандикерлик кылып жүргөн 25 жаштагы кыргызстандык жигит эми кыз зордуктагандыгы жана талап-тономой уурулугу үчүн Россия Федерациясынын мыйзамдары боюнча соттолуп, түрмөнүн түбүнө түшөрүн, бул айбан зордуктай турган болочок курмандыгын дайыма Интернеттен издеп таап, ишсиз жүргөн кыздарга иш таап берем деп алдап, жолугууга чакырып, темир жол өткөн тар, көздөн буруу жерге алып барганда бычак такап, зордуктап, сумкасында эмнеси болсо ошонун баарын тоноп алып безип кетип жүргөнүн, аягынан бузулган айбан Москвада көп жылдан бери бир тугандары менен жашап, иштеп жүргөнүн, аялы, балдары барын, ал ар дайым Москвага Кыргызстандын булуң-бурчунан иш издеп барган кыргыз кыздарына “аңчылыкка” чыгып, айбандык ишин жасап келсе, эми орус полицейлери тарабынан камакка алынганын, анын жаштыгы эми түрмөдө чирий тургандыгын жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG