Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:16

“Энергохолдинг” энергетиканы эптейби же кургуйга кептейби?


Энергетика.
Энергетика.

Апта соңундагы кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Жаңы ордо” гезити бүгүнкү санын “УКМК төрагасын тыңшаган кызматтар президентти тыңшабайт деп ким кепилдик бере алат?” деген суроолуу баштема менен ачты. Кыргыз өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашевдин маеги да ушул санга басылды. Гезит укук коргоочулар Азиза Абдрасулова менен Төлөйкан Исмаилова президент Атамбаевди 2 млн. сомдук сотко беришкени, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын кызматтык телефону менен сүйлөшкөнү жазылып алынганы өлкө коопсуздугу үчүн өтө чоң сокку экени, видеодогу телефон аркылуу сүйлөшүүнүн негизинде иликтөө иштери жүргүзүлүшү зарылдыгы, бийлик өз каршылаштарын күч колдонуп сындырууга аракет кыла бергендин ордуна мурдагы бийликтердин ыкмасынан арылбаса арты жакшы болбой каларын өткөн чактар көрсөткөнүн жазып чыкты.

“Жаңы ордонун” жаңы санында академик Сабырбек Жумабековдун чуркоо марафону тууралуу маегин, кыргыздын атактуу уулдарынын бири Бекмамат Осмонов тууралуу бир тууган иниси Акылбек Осмоновдун айтып бергендери, “Түрксой” эл аралык сыйлыгы менен сыйланган “Жетиген” журналынын башкы редактору Абдиламит Жумашевдин кызыктуу маеги, “Бир бол” фракциясынын депутаты Алмазбек Акматовдун апасы жөнүндө айткандары жана башкаларды жарыяланган.

“Фабула” гезити бул санын Тынчтык Алтымышевдин “Энергохолдинг” энергетиканы эптейби же кургуйга кептейби?” деген макаласы менен ачты. Дагы бир кабарда Жалал-Абад шаардык соту Кадыржан Батыровдун үйүн Бакиевге берүү чечимин чыгарып, бүтүндөй кыргыз элин шылдың кылганын, сот андайле айкөлдүк кылса бала бакчага же башка бир социалдык обьектиге алып берсе болбойт беле, Бакиевдер үй-жайсыз талаада калгансып ушундай чечим чыгарганын, ушундай былгытмалыктын азабынан кыргыз эли жарыбай келатканын жазды.

“Элдик парламентке” оппозиционерлер да нааразы” деген теманын алдында азыркы бийлик атаандаштары пикирлерин билдиришкен:

Азимбек Бекназаров:- Талгарбеков ким экенин эл жакшы билет да. Артында ээрчиген эл деле жок экен. Баарын көрдүк го?-деп,

Кубатбек Байболов:- Бийлик маал-маалы менен мыйзамдуу алмашып турмайынча, акыйкат сот орномоюнча, жашоо оңолмоюнча, чабал бийликти оодарып түшүүнү көздөгөндөр чыга берет. Колго суу куйчуларды бий кылып, чач ал десе баш алгандарды камай бергенден пайда жок. Андан көрө бийликтин табиятын өзгөртүү керек,-деп,

Турсунбек Акун:- Талгарбеков менен Мадумаров чогулган жерге барып айттым, Атамбаев качкын президенттерге окшоп креслосун кучактап алып “бербейм” деп отурган жери жок, мөөнөтүм бүтөрү менен кетем деп атат, күткүлө, туура эмес кылып атасыңар” деп. Мен деген баарынын бетине айтам,- деп жооп берди.

“Де-факто” гезитинде депутат Улан Пиримовдун “Бизге бүгүн өлкөнүн тынчтыгы керек” деген маеги, Нургазы Айтмырзаевдин “Бишкек” подстанциясындагы “бардакка” ким жооптуу?” деген макаласы жана башка материалдарга орун берилген.

“Жаңы агымда” Келдибек Назировдун “Үн тыңшагыч маамыттар”, “Маалымат каражаттарын көзөмөлдөө аракети”, Кадыр Бостондун “Президент болууну самагандар баш көтөрүүдө”, “Сирияга кеткен эже-сиңдилердин таржымалы", Темирбек Алымбековдун “Бир карын майды бир кумалак чиритет спектакли” деген макалалары, Наргиза Козубекованын “Атамбаевдин шоопуру таксист болуп иштейт” деген ат менен президенттин шоопуру Ишенкул Жакыпов менен маегин жана Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматовдун Туяк ырчы тууралуу айткандары жарыяланды.

“Эркин Тоо” гезити “Кыргыз паспортун кимдер сатууда?” деген суроого жооп издеди. Таалайбек Темировдун макаласы “Кумтөрдүн" экологиясына арналды. Академик Жамин Акималиев жөнүндө академик Абдыганы Эркебаев мааракелик макаласын жазды. Жазуучу, акын Ильгиз Талиптин айтылуу Салижан Жигитов тууралуу кызыктуу эскерүүсү соңуна чыкты. Жазуучу Надырбек Райымбековдун чакан аңгемеси да ушул санда.

“Кыргыз туусу” гезити Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин “Рамазан айы–тазалануунун, кечиримдүүлүктүн, айкындуулуктун айы” деген жана башка макалаларды, маектерди жарыялады.

“Вечерний Бишкек” басылмасы дүйнөлүк кинематографияга кошкон көрүнүктүү салымы үчүн жакында РСФСРдин эмгек сиңирген артисти Наталья Аринбасарова Бишкекте болуп, ”Ак илбирс” сыйлыгы менен сыйланып кайтканын маалымдады. Айтматовдун атактуу “Жамиласы” боюнча тартылган фильмде Жамиланын ролун ойноп эсибизде калган Аринбасарова кечки гезитке кенен маек куруп берген.

XS
SM
MD
LG