Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:29

“Күнөө ороктобу же орокчулардабы?”


Кыргыз басылмалары.
Кыргыз басылмалары.

Бейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Азия ньюс” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин “Интерфакс” агенттигине берген маегинен үзүндү басты. Бүгүн өлкөнүн дээрлик бардык негизги жетекчилигин КСДПнын өкүлдөрү ээлеп турушуна байланыштуу суроого президент буга мисалдар көп экенин, Европа биримдиги менен АКШда ушундай экенин, “Акаев менен Бакиев кайтып келиши мүмкүнбү?” деген суроого кайтып келишсе кубанычта гана болмогун, анткени күч органдарынын аларга бере турган суроолору арбын экендигин, “Кийинки жылдын күзүндө боло турган президенттик шайлоого мураскер даярдоо боюнча оюңуз кандай?” деген суроого, “Демократиялык өлкөдө мураскер даярдашпайт, мындай жол бизге ылайык эмес, демократиялык өлкөлөрдө мамлекет башчысын эл өзү шайлайт, биздин элибиз да өзү тандоого тийиш. Албетте, шайлоого башка партиялардай эле КСДП да катышат, бирок эл сөзсүз ушул партиядан чыккан талапкерди шайлайт дегенди түшүндүрбөйт. Таптакыр башка талапкер жеңип кетиши мүмкүн”, деп жооп берди.

Сабыр Муканбетовдун макаласы “Текебаевди “Ата Мекенден” кууп чыгышабы?” деген ат менен жарык көрдү. Журналист Кенжебек Арыкбаев макаласын “Күнөө ороктобу же орокчулардабы?” деп атап, бийлик жана анын жерге жасап келаткан мамилесин талдоого алды.

“Азия-ньюстун” бүгүнкү санына милициянын генерал-майору, Ички иштер министринин мурдагы 1-орунбасары Бакыт Жусубалиев 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата маек куруп, өмүрүнүн 30 жылдан көбүн милицияга арнаганын, старшинадан генералга чейинки жолду басканын, азыр жаш пенсионер болуп үйүндө олтурганын, анын аталарынын да фашизмди жок кылууда катышы бардыгын, Жусубалы чоң атасы 1942-жылы Смоленск шаарында жаракат алып, көп азап-тозоктон улам госпиталда каза болгонун, сөөгү ошол жакка коюлганын кечээ жакында гана издеп жүрүп таап чыкканын, өзү болсо армияда, болгондо да Германияда, Советтер Союзунун Баатыры, атактуу маршал Чуйковдун 8-гвардиясында кызмат кылганын, гвардиянын атынан алдыңкы жоокер катары сөз сүйлөп, СССРдин Генералдык Штабынын начальниги, Советтер Союзунун Маршалы Николай Огарковдун алкышына татыганын, маршал кучактап туруп: “Мен кыргыз жеринде болгомун. Эли меймандос, сыпайы. Аябагандай күчтүү улут. Тайманбас баатырлар!” деп айтканы бүгүн да жүрөгүндө жүргөнүн эстеп, генерал Бакыт Жусубалиев кыргыз элин алдыда келаткан Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады.

Депутат Исках Масалиев маегин “2000-жылы Атамбаев президенттик шайлоого катышканда мен штаб башчысы болгом” деп атап, спикерди шайлоонун алдында президентке киргенин, Атамбаев менен мамилеси жакшы экенин, саясый партиялардын жетекчилери катары же башка багыттар боюнча кеңешип иш кыларын, бийликтеги кадрдык өзгөрүүлөр президенттик шайлоого таасир берерин айтуу азырынча эрте экенин кеп кылды. Дагы бир макала “Президенттик креслону кыялданган тың чыкмалар” деген ат менен депутат Асылбек Жээнбеков, Ахматбек Келдибеков, Темир Сариев, Өмүрбек Суваналиев, Өмүрбек Бабанов, Абдил Сегизбаев тууралуу саясый мүнөздөгү чакан макалалар жарыяланды.

Юрист Бекибай Мамытов “Кыргызстанды өнүктүрүүгө Чыныбай Турсунбековдун күчү жетет” деп айтты.

“Азыркы оппозицияда жүргөндөр кызмат талашкандар” деген аталыштагы ой-пикирлерге кайрылсак, профессор Бекбосун Бөрүбашев:-Азыркы оппозиция аталып жүргөндөр кызмат талашып, өз тагдырына таарынып жүргөндөр. Буларга кызмат сунуштаса эле оппозиция экенин унутуп салып, бийликке өтүп кетип атпайбы,-деп,

“Кыргызстан” патриоттук партиясынын лидери Назарбек Нышанов:- Чыныгы ооппозиционер менмин. Камалып кеткен Кубаныч Кадыров, Бектур Асановдорду мен оппозиция деп санабайм. Өзгөчө Бекназаровду, Талгарбековчуларды, Жумалиевчилерди, “Элдик парламент” дегендерди оппозиция катары санап да болбойт,-деп,

саясатчы Токтогул Какчекеев:- Азыркы оппозициямын дегендердин бирөө да кыргызга “жарк” эткен эмгеги менен көрүнө алган эмес,-деп,

коомдук ишмер Жусупжан Жээнбеков:- Оппозиция керек. Кезинде Акаев да Текебаевди өзүнө оюнчук оппозиция кылган. Мисалы, Талгарбековду 4 - 5 гезит кайра-кайра жазып атат, “качкан президенттер колдоп атат” деп, буларды эл ээрчибесин билип туруп, түзүп коюп, “бизде оппозиция бар” деп айткысы келип атат окшойт,-деп,

экс-губернатор Мамасадык Бакиров:-Оппозиция десе эле бир нерсени тартып алчу мокочо катары карабаш керек. Элдин арасында бүгүнкү бийликтин саясатына каршы көз караштагы адамдар бар. Бул демократиялык коомдогу нормалдуу нерсе,-деп жооп беришти.

XS
SM
MD
LG