Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:21

Гезиттер: "төрөлбөй" калган төңкөрүш


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары от менен ойнойм, деп ойрону чыккан оппозиция жөнүндө макалалар менен ой-пикирлерди башкы тема кылып жазып чыгууда.

“Эркин Тоо” гезити “Байлыктарын эл-журттун ташып турган, Бак-таалайын, ырысын чачып турган. Балдарыңды карачы, көр дүйнө үчүн, Башка элдерге кыргызды сатып турган” деген ырдын алдында төңкөрүш кылгысы келгендерди сүрөттөрү менен жарыялап, “Элдин жүзүн эми кантип карайсыңар?“ деп тема койду. Макалада Азимбек Бекназаров, Дастан Сарыгулов, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Кубанычбек Кадыровдун сүрөттөрү басылып, булардын элдин алдында кантип шерменде болушканын, баарынан да пайгамбар жашынан эбак өткөн, жаштарга акыл-насаатын, жакшы каалоо-тилегин айтып, батасын бере турган маалында Дастан Сарыгуловдун куучуңдап кутум уюштуруп, өз элин, өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын өзгө элге сатып, бийлик бөлүштүрүп жатканын көрүп турган ар бир кыргыз баласы жерге түкүргөнүн, буга чейин кыргызды саткан мындай кара бет оппозиция болгон эместигин жазып чыкты. Буга арналган журналисттер Атай Алтымышевдин жана Адылбек Акматовдун макалалары басылды.

Жазуучу Ильгиз Талиптин “Залкарлар эстен кетпейт” деген уландысы бар макаласы кыргыздын таланттуу уулу Салижан Жигитовду эскерүүгө арналса, дагы бир таланттуу жазуучубуз Мурза Гапаров тууралуу гезит кабарчысы Карбалас Бакиров эл акыны Эгемеберди Эрматов менен аңгемелешти. Буларды сиздер бүгүн жарык көргөн “Эркин Тоо” гезитинен окуйсуздар.

“Фабула” гезити жаңы санын “Кутум” деген рубриканын алдында “Төрөлбөй калган төңкөрүш же Дастандын дастаны" деген сүрөттүү тема менен ачты. Журналист Тынчтык Алтымышев аталган макаласында Дастан Сарыгулов Акаевдин тушунда жыйган байлыгын сиңирип үйүндө тынч отура бербей, бийлик деп көзү кызарып жашы өтүп баратканда осол абалга кабылганын, акча үчүн элин-жерин башка элдерге сатып жибергиси келген саткындардын “жолбашчысына” айланганын, ал эми энергетика боюнча экспертке айланып кеткен Эрнест Карыбеков деген жигит Кыргызстандын энергетика тармагын эл аралык ири уюмдарга кармата берүү үчүн көптөн бери эле жанталашып келатканын, анын макалалары жалаң ушул аракетке байланганын жазып чыкты. Үсөн Касыбековдун макаласы “Куу сүрөөн БОКтун чагымы” деп аталды. Мирлан Алымбаев топтогон окурмандардын пикири “Карыганда калжаңдаган Сарыгулов жана оппозициянын бийликти басып алуу аракети” деп аталды. Журналист Курманбек Мамбетов: - Дастан Сарыгулов ушинтип олтурса, калгандары аман эле болсун, булардын бийликке келишинен кудай сактасын! - деп, саясат талдоочу Марат Казакпаев:-Бийликти басып алууга кылган аракет боюнча дүйнө мамлекеттеринин баарында кылмыш иши ачылат. Баары мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш. Азимбек Бекназаровго дагы кылмыш иши ачылышы керек болчу. Ага эмне үчүн иш козголбой жатканы таңкалычтуу, - деп, журналист Азимжан Ибраимов: - Өзүн оппозициябыз дегендер машинага олтуруп алып бийликти устукандап бөлүштүрүп отурат. Алар үчүн мамлекеттин, кыргыз элинин тагдыры бир тыйын экен. Алар бийлик үчүн керек болсо кыргызды Өзбекстандын бийлигине сатып жибергенден кайра тартпайт экен. Мындайларды бүгүн тазалабасак эртең кеч болуп калат, - деп, куудул Келдибек Ниязов: - Туфлисинин апкытын басып, таягын сүйрөгөн чалга ЦУМдун алдынан эки жума мурун жолуккам. Жакын барсам Дастан Сарыгулов экен. Ден соолугун сурасам, бийликке нааразы болуп, “жакында көрөсүң” деген, көрсө ушуну көргөзгөнү жаткан турбайбы, - деп, саясат талдоочу Марс Сариев:- Революция кылып бийликти басып алууга азыр негиз жок. Азыр сырткы күчтөрдүн да кызыкчылыгы байкалбайт. Экинчиден, эл азыр мурдагыдай саясий лозунгдар менен бийликке нааразы болгон жери жок. Социалдык, экономикалык негизде эле нааразы болуп жатат. Оппозиция ушуну талдап алса болмок. Ал эми Дастан Сарыгулов карыганда жаман карыбай дөөлөттүү эле карыса болмок, - деп айтышты. Буларды сиздер “Фабуладан” окуйсуздар.

“Кыргыз туусу” гезити өкмөт башчысы Темир Сариевдин “Калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн кыш бүтөрү менен дароо алдыдагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүүнү баштоо керек” деген сөзү менен бүгүнкү санын ачты.

“Вечерний Бишкек” гезитинен сиздер Бермет Маликованын “Ажына болгондордун төңкөрүшү” деген макаласын окуйсуздар. Өткөн жумада президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип атып төңкөрүш жасагасы келгендерди көргөндө эле адамдар иренжирин, баары мандеми барлардан турарын, буларды өтө катуу жазалаш керектигин, жазаланбагандыктын себебинен ушунтип оозу менен орок оруп келатышканын айтканын жазып чыкты. Ольга Дядюченконун макаласы “Данияр Нарымбаевдин ишинин солду көздөй жаңы брулушу” деген аталыш менен жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG