Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:08

"Чапкан сайын көз чыкпайт"


Бүгүн "Фабула", "Вечерний Бишкек" гезиттери жарык көрдү.

"Фабула" гезити бир катар адамдарга кайрылып: "Акыркы учурда сөз эркиндиги деген ураанга жамынып алган көз карандысыз журналисттер, саясатчылар президент баш болгон бир катар адамдарды негизсиз каралап жатабы?" деген суроо салды.

Журналист Үсөн Касыбеков:- Азыр жазыксыз жерден кишинин үстүнөн ушак таратуу оңой болуп калды. Гезиттердин баары ушакчы катынга айланды,-деп,

ЭлТР телеканалынын жетекчиси Айбек Мусаев:- Адамдык абройго шек келтирүү күч алды. Анткени жазмакерлерибиз кайсыл бир саясый топтун кызыкчылыгына иштегендиктен, журналистика саясый бизнестин капканына кабылды. Эртең өлкө эмне болот, ага маани берген жан жок. Карапайым адамдын укугун коргойбуз деп коебуз да иш жүзүндө буга дейре жеп-ичкени менен аты чыккан чиновниктердин, коррупцияга аралашкан демагогдордун укугун коргоп, жазбаганды жазабыз,- деп,

Журналист Аида Надырбекова:- Басылмалар кайсы бир саясатчы тарабынан финансыланат жана анын саясатын жүргүзөт, ушундай эле көрүнүш мамлекеттик басылмаларда да бар. Ошондуктан биз журналисттер сөз эркиндигине жамынып, тигил же бул саясатчынын жеке таарынычын, кегин, көралбастыгын ал каалагандай, жалданып жазып бергенден алыс болушубуз керек,- деп,

Кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров:- Акыркы кездери элибизди экиге бөлгөн күчтөр үстөмдүк кыла баштады. Мен журналисттерден эмес, оппозициядан эмес, президент Алмазбек Атамбаевден алгачкы туура кадамдарды күтөр элем. Ал журт атасы катары элди кантип бириктирем деген суроого жооп издеши керек. Күнөөлөрдү кечирүү, өч албоо, өткөн-кеткендерге амнистия жарыялоо, баарлашуу, диалогго баруу керек, президент күнөөлүү болбогон күндө дагы өлкөдө болуп жаткан ар бир кубулушка жооптуу,- деп,

Саясатчы Осунбек Жамансариев:- Оппозиция менен бийликтин кармашы күчөгөн сайын негизсиз маалыматтарды эки тарап тең бири-биринен кем калышпай берип жатышкандай,- деп,

Активист Максат Казакбаев:- Оозго эмне келсе, ойго эмне келсе жазып жаткандыгы чын. Этика, маданият деген жок. Негизсиз дегенге кошулам, бирок бийлик дагы адилеттүү эмес. Бир эле журналисттер күнөөлүү эмес, бийликтегилер да адегенде маданияттуу, калыс болсо, басма сөз каражаттары да оңолмок,- деп,

Активист Аманбол Бабакулов:- Мен баарын жаман дегенден алысмын, бирок журналисттердин арасында бир саясатчынын камчысын чапкандар жок эмес,- деп жооп беришти.

Чынайым Кутманалиеванын суроолоруна жооп берген саясат талдоочу Токтогул Какчекеевдин маеги "Жакшыбызды чыгарып, жаманыбызды жашырышыбыз керек" деп аталат. Маек "Президент бу сапар көчмөн элдерге таандык мүнөзүн көрсөтүп, айрым адамдардын дарегине катуу сын айтып койду" деген, "Президентти ачуу сөз айтууга аргасыз кылган жагдайлар бар" деген, "Сасык" деген кыргыздын лексиконунда бар" деген, "Конституцияга депутат болчу адамдардын өздөрү эле эмес, жакындары да уяттуу ишке аралашпасын" деген өзгөртүү киргизишибиз керек" деген майда темалардан турат.

Бул санда Улуттук университеттин ректору Чынара Адамкулованын, ырчы Роза Шакированын, коомдук ишмер Жыпар Жекшеевдин, КТРКнын "Телекүзөт" программасынын кабарчысы Темирлан Сейитбек уулунун, Медет Садыркуловдун бир тууган агасы Мелис Садыркуловдун, ырчы Жанин Ахужанованын жана башкалардын маектери, макалалары бар.

"Вечерний Бишкек" гезити "Дыйканга" тийбегиле!" деген баштема менен жаңы санын ачты. Шаар бийлиги менен "Дыйкан" базарындагы арендаторлордун тиреши Ак үй алдындагы митингге чейин жеткени тууралуу Сергей Швецтин макаласында сөз болот.

Ольга Дядюченконун "Дзержинкадагы "жихадчыны" чындап эле эмне себептен соттошту?" деген макаласында Арабаев атындагы гуманитардык лицейдин 16 жаштагы студенти Айдар Үкүбаевди өлтүрүш үчүн кол салды деген Марсел Өмүралиевге шаардын 1-Май райондук соту өкүм чыгарганы, ал алты жылга кесилгени баяндалат.

XS
SM
MD
LG