Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:21

Балдар өлүм менен, чоңдор өмүр менен ойноодо


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бүгүн “Жаңы ордо”, “Эркин тоо”, “Фабула”, “Супер инфо”, “Кыргыз туусу”, “Де-факто”, “Вечерний Бишкек” гезиттери жарык көрдү.

“Жаңы ордо” гезити орус президенти Путиндин Кыргызстанга келе турганы боюнча айрым адамдардын ойлоруна орун берди. Равшан Жээнбеков: -Путин Кремлге каалаган кишисин чакырып алып каалагандай сүйлөшөт,-деп, Жусупжан Жээнбеков: -Президент болом дегендердин баары мени колдоп койсо экен деп Россияны тиктеп олтурат,-деп, Ырысбек Өмүрзаков:-Геосаясый, аскерий маселелерди чечүү максаты болушу мүмкүн,-деп, Өмүрбек Абдрахманов:-Биздин саясатчылар Путинге көрүнүп калсам экен деп моюндарын сунуп турган кез,-деп, Бакыт Бакетаев:- Путинге кичинекей Кыргызстан эмне болуп калыптыр, Америкага көз салып, өз пикирин билдирип жатат го,-деп, Марат Кайыпов:-Атайын старт берүү үчүн келүү Путиндин деңгээли эмес,-деп, Шайырбек Абдрахманов:-Бул чөлкөмдөгү саясый экономикалык кырдаал ага кызык болсо керек,-деп, Качкын Булатов:- Кыргызстандын саясатына сөзсүз киришет,-деп жооп беришти.

“Жаңы ордонун” жаңы санынан Өмүрбек Текебаевдин “Бийлик Атамбаевди тез өзгөртөт деп ойологон эмесмин” деген, Бегалы Наргозуевдин “Тарых Сабыр Муканбетовдун кыргызды бөлүп-жарган трайбалисттик бузукулугун унутпайт” деген маектерин жана башка маалыматтарды окуйсуздар.

“Эркин тоо” гезити ырасмий маалыматтарды, академик Абдыганы Эркебаевдин “Өкмөттүн чечими менен биз илимдер академиясын сактап калдык” деген маегин, “Түркия үнү” радиосунун Кыргызстандагы жетекчиси Алмазбек Асанбаевдин, Каракол шаарындагы №2-кесиптик лицейдин директору Кудайберген Жумалиевдин маектерин басты.

“Фабула” гезити укук таануучу Айбек Султановдун “Текебаев “Белизгейт” боюнча өзүн актоодо” деген макаласын, Гүлмира Шаршееванын “Өспүрүмдү өлүмгө азгыруучу оюндар жайылуудабы?” деген макаласын тартуулады. Ушул эле санда “Жүзүңдү аччы Гүлчөтай” деген макала басылып, анда Роза-Раушан Качиева-Рыкунова-Айткулова деген фамилиялары бар аял туурасында сөз болот.

Айкүр федерациясынын негиздөөчүсү “Интернет жок, бактылуу балалыкты баштан өткөрдүм” деп баян курду. Филология илимдеринин доктору, Билим берүү академиясынын вице-президенти, профессор Советбек Байгазиевдин “2017- “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деген баштеманын алдында кыргыз элиндеги адептүүлүк менен ыймандуулукту баяндаган макаласы жарыялана баштады.

“Супер инфо” гезити бул санын “Өспүрүмдөр өлүм менен ойноп жатышат. Балаңызга көз салыңыз!” деген макала менен ачты. Гезитте “Азия михсти түптөгөндө Элдияр экөөбүзгө жардам берген эчким жок болчу” аттуу Камила Абдилдин маеги, “Бакма бала ата-энесин сабап өлтүрдү деп шектелүүдө” деген Нурбек Абдыкадыровдун макаласы, ырчы жигит Арсендин “Инстаграмдагы кыздар жасалма. Алардан күйүп калган жайым бар” аттуу маеги жана башкалар бар.

“Кыргыз туусу” гезити Нарынкүл Назаралиеванын “Өткөн жылдын өсүштөрү жана өксүктөрү” деген, Мырзакат Тыналиевдин “Жергиликтүү бийликтин өктөмдүгүбү же өзүм билемдигиби?” деген, ушул эле автордун “Өлкөдө юристтер жокпу?” деген, Аида Надырбекованын “Өспүрүмдөр арасындагы суицид: жан кыюунун себеби эмнеде?” деген макалалары тартууланды.

“Вечерний Бишкек” гезити Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык алакага 25 жыл толгондугуна байланыштуу Германиянын Кыргызстандагы элчиси Петер Рудольф Шольцтун маегин басты. Журналист Виктория Куреневанын бир макаласы “Текебаев: өзүн өзү сакташ үчүн мандемдүү калпычылык” деп аталса, экинчи макаласы “Салянованын кийинки сурагына Түлеевчилер чакырылат” деген ат менен жарыяланды. Азамат Касыбековдун макаласы “Өлүм менен ойногон балдар оюну” деген ат менен, Надежда Хохлованын макаласы “Кичинекей Муканын чоң кайгысы же дем алуусу үчүн эле Мажит Кочкорбаевге күн сайын миң сомдон кетет!” деген ат менен, Евгений Денисенконун таштанды балдар жөнүндөгү макаласы “Апа, сен эмне үчүн ушинттиң?” деген ат менен, Александра Василькованын макаласы ”Ысык-Көлдүн туристтик маалына эмне тоскоолдук кылып жатат?” деген ат менен жарык көрсө, Юрий Кузьминдин өткөн жылдын ноябрында Майлуу-Суу шаарында 69 жаштагы пенсионерди өлтүрүп, өлтүрүп эле тим болбостон, зордуктап туруп таштап кеткени боюнча иликтеп жазган макаласы “Эчкимге кереги жок” деген ат менен жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG