Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:23

Эчки айдап эшек, теңирин тааныбай темир мингени деле


Бишкектин Ак үйү.
Бишкектин Ак үйү.

Бүгүн “Ачык сөз” жана “Азия ньюс” гезиттери жарык көрдү.

Кырсыктан набыт болгон мекендештерибизге көңүл айткан “Ачык сөз” гезити да карап турбастан “Жаңы мезгил” партиясы менен бирге каражат чогултуп, кырсык болгон жерде күндөп-түндөп ысык тамак уюштуруп жүргөнүн, эми эл-журтубуз мындан ары мындай бөөдө кырсыктан аман-эсен болушун тиледи.

Басылма баш макаласын “Бийликти аксаткысы келгендер жок эмес” деп атап, тоок жылында токтоналбай тургандар кекиртектери кызарганча кыйкырчу кез келгенин, анткени президент Аламзбек Атамбаевдин мөөнөтү бүтүп баратканын, бийликтин бийик олтургучуна сугун арткандар толтура экенин, эчки айдап эшек мингени деле, теңирин тааныбай темир тулпар мингени деле, үйүнө түнөбөй түрмөгө түнөп, анын боткосун татып чыккандар деле мансап талашка чыкканы турганын, булардын баары бүгүн музга тайгаланып мурду канаса деле бийликти сөгүп, бийликти жаманатты кылып, шайтан оюндарын баштап жатканын жазды.

“Коомчулукту дүрбөткөндөр кимдер?” деген, “Кыйын деп койсо кыр көрсөтүшөт” деген, “Адам болууга умтулалы!” деген, “Шараповдун “шайтан” оюндарын ким токтотот?” деген маалыматтар менен таанышып, белгилүү акын Бактыгүл Чотурованын “Ырамандын ырчы уулу деген болгонбу?” деген макаласын, Улуттук университеттин ректору Чынара Адамкулованын “Реформаны ак дилинен колдогондор арбын десем аша чапкан болбойм” деген, мурдагы министр Камила Талиеванын “Мен табиятымдан ачык айтып, ак сүйлөгөндү жактырам” деген маектерин окуйсуздар. Булардан тышкары Түркиянын эки жолку “Алтын үн” номинациясынын лауреаты, ырчы Азиз Батыров менен маекти, илимдин доктору Сайипжамал Сакиеванын “Патриот акын Анарбек Акматбеков” аттуу макаласын, таланттуу акын Сайра Батыркулованын жаңы ырларын окуйсуздар.

“Азия ньюс” гезити журналист Сабыр Муканбетовдун “Акаевден кутулдук, эми бекем турабыз, 25 жыл бийликке аркалыктарды жолотпойбуз” деп ошол эле Үсөн аке үкалары менен жыйын курган...” деген, Жолдошбек Султановдун “Таблиги жамааттын максаты–бийликти алуу!” деген макаласын, саясый серепчи Сабыр Муканбетовдун “Бакиевдин “Акжол” деген кой короосундагы Максимдин токтусу катары Наргозуев эсте калыптыр” деген маегин тартуулады. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тынчтык Шайназаров “Мыйзам бузгандар жазаланбай эле кызматынан жогорулап жатат” деп маек берсе, юрист Мукар Чолпонбаев “Салянованын айтканына ынанган жокмун, Нарынбаев мыйзамдуу түрдө бошоду” деп маек берди.

Гезит кабарчысы Сурат Жылкычиев Аслан Малиев менен Жылдызкан Жолдошеванын “Аалам” партиясы Бишкектеги карылар үйүнө барып жардам бергенин кабарлады. Гезит андан ары ”Кыргыз-орус өнүктүрүү" фондунун төрагасы Кубанычбек Кулматовдун айлыгы 15 миң доллар экендигин айтса, Кулматов ага жооп кылып айлык акысы өлкөдөгү айрым коммерциялык банктагылардыкынан төмөн экендигин билдирди.

Генерал-майор Зарылбек Рысалиев маек куруп, өкмөттүн кадр маселесин Иса Өмүркулов абдан туура козгогонун, кыргыздар жакшынакай каада-салтыбызды сактай албай калганыбызды, мисалы, мектепти кызыл аттестат менен бүткөн окуучуну, “сенде билим бар, мектепке директор бол!” десе, “жок мен директор болбойм, мени окуткан агай-эжейлерим бар, алардын башын аттап эч качан директор болбойм. Азыр эрте. Ал үчүн турмуш көрүп, бышып жетилишим керек” деп айтат эле” деп, азыр ушунун баары, ыйман, нысап, уят дегендер тепселип калганын, союз маалындагы кадрларды жаш кезинде алыскы айылдарга жиберип, эл менен эл кылып, турмушка бышырып туруп, анан иштеп кете ала турган таланты болсо гана кызматтан кызмат берип, өстүрүп олтурмай принциптерди кош колдоп колдонуунун ордуна талакалап жок кылганыбызды, азыр тааныш-билиштик, акча, колунан иш келбеген, бирок мансап үчүн энесин саткандан кайра тартпаган шылуун, жандими, калпычы жулкунбайлардын доору сүрүп калганын, мына ушундайлар талуу жерлерди, министрликтерди басып олтурганда атабыздын башыбызга Кыргызстанды өнүктүрөбүзбү, деп кейиди.

Журналист Жамила Нурмамбетованын макаласы каргашалуу учактан кыйраган окуяны баяндады.

XS
SM
MD
LG