Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

“Жаатташкан эл болбойт, жалгыз тамчы сел болбойт”


Соцжеле.
Соцжеле.

Бүгүн "Майдан", "Багыт", "Вечерний Бишкек" гезиттери чыкты.

"Манас" абамайданына жакын Дача айылындагы канабайрамдан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, кырсык тууралуу “Каргашалуу дүйшөмбү” деген макала менен бүгүнкү санын ачкан “Майдан” гезити “Апрель окуясы: күнөөсүз күнөөлүүлөргө кайрадан сыйыртмак салуу аракетиби?” деген суроого “Ак калпак” саясый партиясынын лидери Улукбек Маматаевдин, журналист Эмилбек Момуновдун, “Прогресс” фондунун жетекчиси Адил Турдукуловдун, “Кыргыз Ата” партиясынын жетекчиси Төлөгөн Келдибаевдин жоопторун басты. Гүлмайрам Турусбекова макаласын “Акматбек Келдибековду эмитен жарыштан четтетүү аракети башталды!” деп атаса, Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Самсаалы Четинбаев маегин “Адилеттик, калыстык болбогон жерде эртели-кеч тополоң чыгып кетиши мүмкүн” деп атады. “Сот-прокурорлордон кылмыштуу топ түзүлдү!” деген аталыш менен кыргыз элине, Жогорку Кеңешке, 1-Май райсотуна өзүлөрүн “саясый туткун” деп атаган Кубанычбек Кадыровдун, Эрнест Карыбековдун, Бектур Асановдун кайрылуу каты басылды.

Профессор Каныбек Осмоналиев президент Алмазбек Атамбаевге жазган катын “Алмазбек Шаршенович, сиздин кабыл алууңузда болуу кийинки учурда такыр мүмкүн болбой калды” деп атап, экс-министр билим берүү жана илим тармагындагы көйгөйдү бирден жиликтеген, кеңири талдоого алган олуттуу ойлорун ортого салды. Коңшу республикаларда, айрыкча Орусияда билим берүү жана илим ресурстарын пайдаланып, байлыкка, наамга туйтунууну көздөгөн, илимге ар кандай айла-амалдар менен кирип алгандарды, жалган окумуштуулук даражага жетип алгандарды катуу жазалап, андай арам тамак шылуундардан ылдам арылып жатканын, ал эми бизде бул багытта эч кандай аракеттер жасала электигин, токтотпой чече турган толгон-токой маселелер бар экенин окумуштуу Каныбек Осмоналиев ортого салды.

Саясатчы Эдил Байсаловдун Чынайым Кутманалиевага берген “Евразиялык экономикалык союзга Атамбаев киргиздиби, бизди ошол киши өзү чыгарсын” деген маеги жарык көрдү.

“Багыт” гезити Боинг учагы кыйратып кеткен каргашалуу окуя тууралуу “Калкыбыз кайгыга батып турат...” деген макала басып, каза болгондордун тизмесин жарыя кылды.

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров Нарынга барып конок болуп олтурганда Келдибеков жөнүндө сөз болуп, ар ким өз оюн айтып, Бекназаров да пикирин эл алдында ачык билдирип: “Акматбек Келдибеков президенттикке жарабайт, аны аялы башкарат. Акмат президент болсо экинчи Акаев эле болот. Кыргызстанды Майрам Акаевадай Акматтын аялы башкара баштайт. Анын аялы аксылык, менин карындашым болот. Аларды мен жакшы билем” деп айтканын, анан ошол жерде олтурган нарындыктар: “Анда кимди колдойбуз?” деп сураса Бекназаров: “Күтө тургула, жакында айтам, ошондо мен көрсөткөн кишини колдойсуңар” деп айтты эле, ошол бойдон жок” деп айтып берген Бактыгүл Жумабаеванын сөзүн окурмандарга тартуу кылды.

“Багыт” гезити Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын кызматкери Таттыгүл Дөөталиева фейсбук аркылуу “Кырсыктын баары Ошто болот. Москвада өрттөнүп өлгөндөр да оштуктар болгон. Учак кырсыгынан каза тапкандар да оштуктар экен, улут арасында тазалоо жүрүп жаткандай” деген сөздөрдү жазганын, ириген ооздон чириген сөз чыгат деген ушул болорун, “башканы коюп Манасты айт” дегендей Улуттук Коопсуздук кызматы элди экиге, жерди жетиге, бир Кыргызстанды түндүк-түштүккө бөлгөн ушундайларды катуу жазалаш керектигин, анткени башкаларга сабак болушу керектигин жазды.

Аталган гезиттен Баратбай Аракеевдин “Алыбызга жараша дос күтөлү” деген, “Алда неден чочулап, алдын-ала актанууга өткөн Аида Салянова” деген, “Салянова өзүн коргоо максатында ар кандай билдирүүлөрдү жасап жатат” деген, Эл баатыры Мамбет Мамакеевдин “Элимдин эсендигин тилейм” деген, депутат Сурабалдиеванын “Текебаев мага “Үч жолу сатып кетишиң керек” деп...” деген, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун “КСДП президентикке сөзсүз өз талапкерин чыгарат” деген, Баратбай Аракеевдин “Наамдардын баркы эмес, абийири кетти” деген, “Текебаевдин “Сентябрь” телеканалы өлкө кызыкчылыгын уруп ойнобой калдыбы?” деген, белгилүү кино ишмери Нуртай Борбиевдин “Кино тартабыз деп 15 күн музда жаттык...” деген макалаларын, маектерин окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” гезити бул санын кулап түшүп өрттөнгөн “Боинг” 17 үйдү жер үстүнөн жексен кылып кеткенин эске салып, “Кыйраган үйдүн алдынан аман калган үй-бүлө” деген ат менен тирүү калган келиндин балдары менен сүрөтүн басып, кырсыкка багышталган макалалардын топтомун жарыялады. Бермет Маликованын “Илимпоздор реформаны каалайбы?” деген макаласы да ушул гезитте.

XS
SM
MD
LG