Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Алты тилде түш жоруган президент


Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

Бүгүн “Эркин тоо”, “Супер инфо”, “Кыргыз туусу”, “Фабула”, “Вечерний Бишкек” жана “Де-факто” гезиттери жарыкка чыкты.

“Супер инфо” гезити жаңы жылда үйдү кантип тазалаш керектигине кеңешин берип, өнөрпоз адамдар менен ырчылардын маектерин, бөбөктөрдүн Аяз атага жазган каттарын жарыя кылып, келерки жылдын жылдыз төлгөлөрүн жана башкаларды басты.

“Фабула” гезити “2016-жыл эмнеси менен эсте калды?” деген макаласында Кыргызстандын бир жыл ичиндеги саясый, социалдык, экономикалык жашоо-турмушун байкоого алды. Журналист Гүлмира Шаршеева узап бараткан жыл тууралуу айрым адамдардын ойлоруна орун берди. Журналисттердин ар кандай талкуусун жаратып жаткан массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзам долбоорунун автору, депутат Кожобек Рыспаев:-Бул мыйзам чет элдик үлүшү бар телеканалдарга гана тиешелүү. Мына ошону негиздеген кыргыз тараптын үлүшү 65 пайыз болуп, ал эми чет жактын үлүшү 35 пайыздан ашпоосу керек деген чечимге токтолдук,- деп, журналист Жалил Сапаров:- Чет элдик ММКларды кайра каттоого туура келет,-деп, журналист Бейшенбек Бекешов:- Бул мыйзам башынан “Азаттыкты” жабууга багытталган деп тастыкталып келүүдө. Бизде сөз эркиндиги жок деп айтсак жаңылышпайбыз. Ошол фонддо ар тараптуу сөз айтып жаткан “Азаттык” жападан жалгыз ММК десек болот. Ал да жок калса анда сөз эркиндиги биротоло жок болот,-деп, журналист Нарын Айып:- Мыйзамдын авторлору бул мыйзам телеканалдарга гана тиешелүү деп айтып жатат, анда эмне үчүн ачык жазышпайт? Ошондуктан “Азаттыкка” да, башкаларга да мыйзамдын залакасы тийиши мүмкүн,-деп жооп берди.

Жыл мыктыларын аныктап, ага татыктуу болгондордун сүрөтүн жарыялаган “Фабула” басылмасы жазуучу Меңдибек Асылбековдун “Кара-Буура даңазалуу аймак” деген ат менен райондун акими Баратбек Сыдыкназаровдун маегин тартуулады.

“Эркин тоо” гезити “Алты тилде сүйлөгөн президент Ала-Тоого келди” деген ат менен бүгүн мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында Ирандын президенти Хасан Роухани менен Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусу болорун кабарлап, Ирандын президенти 1948-жылы туулганын, 68 жашта экенин, учурунда Улуу Британиядагы атактуу Каледония университетинде билим алып, докторлук даражага ээ болуп, араб, англис, француз, немис жана орус тилдеринде эркин сүйлөрүн, ал чоң окумуштуу, шиит аалымы да болуп саналарын кошумчалады. Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле эртең Самаркан шаарында Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу үчүн жөнөп кетерин да кабарлады. “Эркин тоонун” жаңы санынан сиздер референдумдун жыйынтыгы кандай болгонун, Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков Азербайжан шаарында ТүркПА катчылыгынын чакыруусу менен жүргөнүн, жаш окумуштуу Нурдин Усеевдин “Биз дагы өз доорунда жазуусу бар эл болгонбуз” деген, жаш окумуштуу Кайрат Белектин “Илимге жаңы күчтөр келип жатат” деген маектерин окуйсуздар.

“Кыргыз туусу” гезити бир катар расмий маалыматтарды жарыялап, жылдын мыктыларын сыйлагандан кийин Айдарбек Галиевдин “Конституция менен мыйзамдарды бузган соттордон жоопту ким сурайт?” деген суроолуу макаласын жарыялап, автор анысында далайлардын шоруна калган соттук иштерди далилге тартып, “Соттор асманда Кудай, жерде Мыйзам менен Конституция бар экендигин такыр эле эстеринен чыгарып салышкан, президент Атамбаевдин Кыргызстанда кол тийбес адамдар же “неприкасаемых” жок деген сөзүн соттор мылтыктын куру дүрмөт менен атылганына айлантып алышкан” деп жазды. Жыпар Исабаеванын айтылуу кара сөз чебери Казат Акматовду эскерүүсү жарык көрдү. Калемгер тирүү болгондо 75 жашка чыкмак экен.

“Де-факто” гезити Кимбайкенин “Адашкан жолдор” аттуу макаласы менен жаңы санын ачып, коомдук ишмер Кемел Ашыралиевдин “Атамбаев менен Бакиевди салыштырып болбойт” деген маегин тартуулады. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Мирлан Бакировдун “Кредит алууну токтотпосок мамлекеттин келечегине балта чабылат” деп маек курду. Ушул эле санга Төлөгөн Карыкеев - Кимбайкенин “Жыйырма жылдан кийин” деген ат менен бир кездеги “Асабаны”, “асабачыларды” жана Түгөлбай Казаков экөөнүн жакшы кездерин эстеген кызыктуу макаласы жарыяланды.

“Вечерний Бишкек” гезитинен Токтогулда эмне болду? Жарык өчпөйбү?” деген, “Киши өлтүргөн деп күнөөлөнүп жаткандын апасы өрттөнүп өлөм” деп жатат” деген, “Аракечтик жөнүндө талаш” деген макалаларды, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Айымдос Бозжигитовдун маегин, “Айыл банктын” директорлор кеңешинин төрагасы Кайрат Маматовдун журналист Бермет Маликова дярдаган “Кайрат Маматовдун ачыкка чыгышы же эмне үчүн Жеенбаева банк менен ымаласы келише алган жок” деген жана Башкы прокурордун орунбасары Людмила Усманованын “Башка кесипти билбейм” деген маегин жана башка кызыктуу материалдарды окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG