Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

“Биздин жети операторубуз кайсы бир партияларга сатылып кетишкен”


Референдум.
Референдум.

Бүгүн “ПолитКлиника”, “”Ачык сөз”, “Азия ньюс” гезиттери жарык көрдү.

“ПолитКлиника” гезити депутат Канат Исаевдин маеги менен жаңы санын ачты. Исаев бирөөнө каршы чыксаң эле текшере башташарын, биринчи жолу Убактылуу өкмөткө каршы чыкканда текшерүүгө алышса, эми президентти сындап койсо текшерип киришкенин, Темир Сариев менен жакында чай үстүндө олтуруп, кемчилик кетсе аны артка таштайлы, ортодо адамгерчилигибиз калсын деп сүйлөшкөнүн айтты. Буга улай эле “Мен кек сактабайм. Артка кылчактабай, алдыга кадам таштаган адаммын” деген ат менен Темир Сариев саясаттагы, өкмөттөгү иштерин эскерди. “Биздин жети операторубуз кайсы бир партияларга сатылып кетишкен” деген ат менен Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев шайлоо жана референдум кандай өткөнүн кеп кылды.

“ПолитКлиника” гезити бир бетин “Азаттык” медиа мекемесинин башкы редактору Бурулкан Сарыгулованын акындык кечеси филармониянын кичи залында өткөнүн, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду буга чейин акындар Кыялбек Урмамбетовдун, Майрамкан Абылкасымованын, Бактыгүл Чотурованын, Жыпар Исабаеванын ыр кечелерин өткөрүп жакшы иш кылганын, бирок Бурулкан Сарыгулованын кечеси ал кечелерден бардык тарабынан бир тепкичке жогору болгонун, кечени акын Мирлан Самыйкожо да кемелине келтире алып барганын, койгон режиссер Молдосеит Мамбетакунов да чыныгы режиссерлук талантын көрсөткөнүн, көрүүчүлөр Бурулкан Сарыгулованын керемет ырларын угуп, кадимкидей эс алып, жан дүйнөсү байып кайтканын журналист Айгүл Бакеева жазып берди. Гезит ушул эле күнү филармониянын чоң залында кыргыз поэзиясынын даана тулпары, акындардын чолпон жылдызы, залкар талант Турар Кожомбердиевдин 75 жылдыгы белгиленгенин баяндап, замандаштарынын Турар тууралуу айткандарын жарыя кылды.

“Ачык сөз” гезити жылды жыйынтыктап жатып “Жылдын чыгаан журт башчысы” деген наамды президент Алмазбек Атамбаевге ыйгарганын, Атамбаев мөөнөтүн бүтүп кеткенден кийин да акжолтой падыша катары элинин эсинде кала берерин жазды. Анын алдына “Өлкөнүн алган багыты бийиктеп баратат” деген баш макаланы тартуу кылды. Жергиликтүү шайлоодо мөрөйдү капчыктуу партиялар алышканын маалымдаган макала жана Тажикстандын Жерге-Тал районундагы кыргыз мектептеринин китеп көйгөйү жөнүндөгү мугалимдердин ойлору жарык көрдү.

“Ачык сөз” гезитинен сиздер “Жылдын мыктылары” кимдер болгону менен таанышып, Мураталы Турдубаевдин “Мугалим–мөмөлүү дарак” деген, Алымжан Молорбаевдин “Текке кетпеген жылдар” деген, Адылжан Жажановдун “Менин Кыргызстаным” деген, Абдил-Ахат Курбан уулунун “Молдо Исхак казы” деген макалаларын жана башкаларды окуйсуздар.

“Азия ньюс” гезити бул санын депутат Аида Салянованын “Мен УКМКда 4 сааттан ашык суракта болдум, Жылдыз Мамбеталиева менен беттештиришти, ал жалган көрсөтмөлөрдү берди” деген маеги менен ачты. Турсунбек Акун КДКнын конференциясы өтүп, келерки жылкы президенттик жарышка өз күлүгү катары саясатчы Өмүрбек Текебаевди алып чыгалы деген чечимге келгенин билдирди. Экс-вице-премьер-министр Тынычбек Табылдиевдин маеги “Өлгөн малдын, эшектин этин жеп жатсак да бийлик үн катпады” деп аталды. Ал бүгүн өкмөт менен анын вицелери эмне иш кылышты тыңгылыктуу билишпестигин, Ош базарынан өлгөн малдын, эшектин этин жеп жатканыбызды журналисттер ташка тамга баскандай ачык көрсөтүп жатса дагы, өкмөттүн бир дагы органы “былк” этип кыймылдап койбогонун, мөөнөтү өтүп кеткен жумурткалар сатылып жатканын депутаттар айтып чыгышканын, буга да өкмөттөн эчким үн катып койбогонун, демек бийликтеги кишилер тажрыйбалуу, турмушту көргөн, ишти билген ак ниет адамдар болмоюнча, сайраган тили менен көздү байлап, акыл үйрөткөндөрдөн эч нерсе чыкпай тургандыгын баса белгиледи. Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров “Келерки жылы пенсияны көтөрүүгө 633,1 млн. сом каралганын айтса, Замир Шаабеков макаласын “Тагдыры табышмак, кайрымдуу Азим Рой” деп атады. Коомдук ишмер Кемелбек Ашыралиев журналист Сурат Жылкычиевге берген маегин “Кыздар көп тийишет, капчыгымды каккысы келишет” деп атады.

XS
SM
MD
LG