Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:31

Далай жылдарга уланчу “бүгүн келип, эртең кетмей оюну”


Министрлер кабинети.
Министрлер кабинети.

Бүгүн “Багыт”, “Майдан”, “Вечерний Бишкек” гезиттери жарык көрдү.

“Багыт” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Жаңы өкмөт эски жол” аттуу макаласын тартуулады. Буга улай эле “Дональд Трамптын АКШга президент болушу менен Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарын каржылоо кыскарабы?” деген макала басылды. Жекшенбек Абдысатаров макаласын “Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн максаты эмнеде?” деп атады.

Ушул эле “Багыт” гезити бүгүнкү санына депутат Тынчтыкбек Конушбаевдин “Мындай коррупциялык келишимге Аргынбек Малабаев кол койгон” деп маек берди. Саясат таануучу Марс Сариев “Эгер “Альфа Телеком” боюнча маалымат далилденип калса Текебаев, Шыкмаматов, Салянованы мандаты сактап кала албайт” деп айтты. Булардан сырткары “Бакиев, Текебаев мыйзам алдында ак экенин далилдесин” деген, “Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын чечүүдө жылыштар башталды” деген, “Кыргызстандын калкынын 60 пайызы Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү колдойт” деген, ошондой эле айтылуу публицист Алым Токтомушев жөнүндө “Алыке Пастернакты пир туткан” деген макалалар бар.

“Майдан” гезити жаңы санын Автандил Белековдун “Өлкөнү “11” синдрому каптады... Эмненин белгиси?” деген макаласы менен ачып, “Бешилик”,”Чейрек кылым пайдасыз чиновниктер менен саясатчылардын айынан текке кетти!” деген, “Турсунбай Бакир уулу “Фейсбуктагы” маалымат үчүн таяк жеди” деген, “Президент Атамбаевди өлтүргүсү келген жаран издөөгө алынды” деген, жергиликтүү шайлоо тууралуу жазылган “Куру убада, жалган сөздүн айы башталды” деген макалаларды басты. Саясат таануучу Табылды Акеровдун маеги “Роза Отунбаеванын чындыгы же президент Атамбаевдин аппараты бийликти узурпациялап алдыбы?” деген ат менен жарык көрсө, саясат таануучу Марат Казакпаевдин маеги “Текебаев оппозициянын ажарын ачат” деген ат менен жарык көрдү.

Кабарчынын:-Текебаев менен Бабанов оппозицияда калып, бир максатта иш алып барышат деп ишенсе болобу? - деген суроосуна Марат Казакпаев:- Негизи Текебаевге оппозиция болуш кеп деле эмес. Болсо оппозициянын ажарын ачат. Бирок ал Бабанов менен бирге иш алып барбайт. Анткени булар парламентте оппозиция болгону менен кызыкчылыктары башка, өз ара чатактары бар адамдар. Негизи идеология жагынан “Ата Мекен” менен эч ким бирикпейт. Бирок бүгүн Текебаевдин да абалы суктанарлык эмес, анткени “Ата Мекендин” курамынан канча жыл мүчө болгон, Текебаевдин ишенимдүү адамына айланган Дүйшөн Чотонов, Сайдулла Нышановдор кетип жатат. Тактап айтканда, президенттин саясатына Текебаев эле каршы чыгып, башка “атамекенчилер” тымызын ажону колдоп жатышат. Менин божомолумда, Текебаевди “Ата Мекенде” жалгыз калтырат же аны партиясын таштап кетүүгө аргасыз кылышат, - деп айтты.

“Майдан” гезити бүгүнкү санына “2010-жылдын 6-апрелинде “Итке минген адаммын” деп көрсөтмө берген “господин” Текебаев кантип миллионерге айланды?” деген баштеманын алдында ага тиешелүү делген имараттарды сүрөттөрү менен жарыя кылды.

“Вечерний Бишкек” гезити журналист Вячеслав Аникиндин “Дагы ким убактылуу? Үстөлдү бошот!“ деген макаласында айыл чарбасынын жаңы министри болуп Нурбек Мурашов дайындалганын жазып келип, 1991-жылы айыл чарбасынын дасыккан адиси Карыпбек Асанов министр болгонун, андан кийин Акаев адис эмес Бекболот Талгарбековду апкелгенин, андан кийин экономист Жумакадыр Акенеев, 2000-жылы кыргыз тилин да айыл чарбасын да мыкты билген Александр Костюк, андан кийин Азим Исабеков, Талантбек Узакбаев, Сооронбай Жээнбеков, 2008-жылы Искендербек Айдаралиев, андан кийин бат келип бат кеткен Мухаматдин Турдукулов менен Төрөгул Беков, 2012-жылы Сапарбек Тынаев, мындан кийин алты ай иштеген Аскарбек Жаныбеков, 2014-жылы Таалайбек Айдаралиев, 2015-жылы Турдуназир Бекбоев, эми болсо Нурбек Мурашев министр болгонун, бул макалада дагы көптөрүнүн аттары аталбай калганын, сыягы биздин өлкөдө кадрлар чыныгы профессионалдуулугу боюнча дайындалбай, партиялуулугу боюнча дайындала берсе, “бүгүн келип, эртең кетмей оюну” дагы далай жылдарга чейин улана берери баяндалды.

XS
SM
MD
LG