Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:24

“Кыргызстанда жей турган эч нерсе калбай, саясатчылар бирин-бири жеп жатат”


Шаршембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Майдан” гезити журналист Гүлмайрам Турусбекованын “Атамбаев менен Текебаевдин тирешип жатып сүйлөгөн сөздөрү–бийликке чабылып аткан балка!” деген аталыш менен эки беттен турган макаласын жарыялады. Анда мурдагы өкмөт башчысы айрым басылмалардын журналисттерин чогултуп, алгач өзүнүн тегерегиндеги айтылып келаткан сөздөрдүн чын-жалганын түшүндүргөнүн, коррупциялык тендерге катыштыгы жоктугун, Кыргызстандын тарыхында 1-жолу инвестициянын көлөмүн 1 млрд. 573 сомго жеткиргенин билдирип, азыркы саясый кырдаалга токтолуп, акыркы 10-11 жылдын ичинде Кыргызстан төңкөрүш кылуунун планын толтурганын, эми төңкөрүш жолу менен бийлик алмашуу болбошу керектигин айтты. Сариев андан ары Конституцияны өзгөртүүнү төрт фракциянын лидерлери демилгелеп чыккан соң, эртең кокус териштирүү болуп калса, жоопкерчиликти ошол төртөө алышы зарылдыгын билдирди.

Кабарчы: -Сиз Атамбаевдин жеке кызыкчылыгынан Конституцияны өзгөрткөнү жатканына токтолбой, сылап-сыйпап, “муну алып чыккан фракция лидерлери кийин жооп берет” деп айттыңыз. Эмнеге ачык айтпайсыз? Же кылмыш иши козголгондон кийин кысымга кабылып атасызбы?-деп суроо берди эле.

Темир Сариев:- Мага кылмыш иши козголгон жок. Жогорку Кеңештин кайрылуусу менен териштирүү жүрүп жатат. Күбө катары эки жолу суроолорго жооп бердим. Мен эч нерседен корккон эмесмин, мындан да кыйын нерселерди баштан өткөрүп, бычактын мизи менен баскан күндөр болгон,- деп жооп берди.

Ушул эле “Майдан” гезити аркылуу илим доктору, профессор Советбек Байгазиев маңкурт болуп бараткан жаштарды, интеллигенцияны көп көргөнүн, мына жакында эле теледен кыргыздын балдар-кыздары: “Сен кайра жаралып калсаң ким болот?” элең деген суроого, “Мен кайра төрөлсөм, француз болгум келет, англичанин болгум келет” деп айтып калганына жаны сыздады. “Майдан” гезитинен булардан тышкары саясатчылар Табылды Акеровдун “Конституциялык реформалар парламентти эле эмес, президентти да кайра шайлоого жол ачат” деген, Равшан Жээнбековдун “Атамбаевдин моралдык, саясый мүмкүнчүлүктөрү бүгүнкү күндө кескин азайып барат” деген, Алмамбет Шыкмаматовдун “Атамбаевдин Башмыйзамында миналар көп” деген, “Коррупцияга каршы коомдук көзөмөл” бирикмесинин жетекчиси Камил Умаровдун “Зурдиновдун кызматтык былыктары үйүлүп турса дагы эчким үн катпады” деген маектери бар.

“Багыт” гезитине куудул Жамбыл Камчиев “Кыргызстанда жей турган эчтеке калбай, саясатчылар бирин-бири жеп жатат” деп маек куруп президенттик жарышка түшө тургандыгын айтты. Журналист Азамат Кангелдиев макаласы аркылуу “Кыргызстандын эркиндигин жоготуп, тукум курут кылуу Текебаевдин башкы максаты беле?” деген суроого жооп издеди. “Вечерний Бишкек” сайтынан алынып басылган макала “Канкор Бакиевдердин баскынчылыгы үчүн “жол чаап”, капитал топтогон Улукбек Ормоновдун башты айланткан байлыктары” деп аталып, анын Курманбек Бакиевдин маалындагы ишмердиги, чоң кызматтарда иштеп туруп топтогон байлыктары тизмеленди. Журналист Үсөн Касыбеков макаласын “Карга карганын көзүн чокубайт” деп атады.

Ушул эле “Багыт” гезитине курган маегин саясат талдоочу Марс Сариев: “Кыргызстанда башаламандык жасоо үчүн Батышта “драматургдар” менен “режиссерлор” иштеп жатат” деп атап, ЕККУнун трибунасынан кылмышкер сепаратист Кадыржан Батыровдун чыгып эки ирет сүйлөгөнү бекеринен болбогондугун, Батыш Батыров аркылуу НПОлор үчүн “Биз силер мененбиз” деген сигнал бергенин, ошондуктан Кыргызстан чоң оюндун ичинде турганын, ал эми бул оюндун “драматургдары” менен “режиссерлору” сыртында турушканын билдирди.

Кабарчынын:- Алар Кыргызстанда кайрадан массалык акцияларды уюштуруп, чаң-тополоң салуу аракетин көрүп жаткан болсочу? Бул биздин мамлекет үчүн канчалык кооптуу?-дегенине,

Марс Сариев:-Мен азыр элди көтөрүүгө мүмкүн деп ойлобойм. Күзүндө кырдаалды курчутуу ишке ашпайт. Массалык каршылыктарды күчөтүү үчүн акча апкелип, аны таратып, митингге чыгуу үчүн бир топ убакыт анан даярдык керек. Ал эми жазында митингге чыга турган люмпендер (бекерпоздор) арбын эле болот. Бирок эл каршылык акцияларын колдобойт. АКШ өзүнүн шайлоосу менен бош эмес. Эгер күчкө салган антиконституциялык аракеттер башталса, анда камакка алуу, олтургузуу, чукул адекваттуу чараларды көрүү кажет болот. Эл, албетте, революцияны каалабайт, бирок жергиликтүү авторитеттер, талаа командирлери колдогон бузукулар башаламандык уюштурушу, алардын алдына либерал-бейөкмөтчүлөр чыгып, артында криминал турушу мүмкүн. Ошондуктан бийлик ачык аракет кылып, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максатын жана маанисин адамдарга нормалдуу түшүндүрүү керек. Маалымат согушунда азыр кайсыл тарапта артыкчылык болуп жатканын айтуу кыйын,- деп жооп берди.

“Бүгүн “Вечерний Бишкек” гезити да жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG