Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:21

Кылычбек Султанов Кудайга анан президентке ыраазы


Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанов.
Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанов.

Апта башында шейшембиде чыккан кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Эркин тоо” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктаган сөзүн басты.

“Кыргыз туусу” гезити бул санын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин “Алганыбыз кымбаттап, бергенибиз бекер болууда” деген, депутат Бактыбек Жетигеновдун “Конституциялык реформага каршы чыккандар өкмөт башчысын, министрлерди каалагандай калчасак, жакпай калган күнү алмаштыра берсек дегендер” деген сөздөрүнө шилтеме кылуу менен ачты. Аталган гезит жаңы санында Конституцияга арналган бир топ макалаларга орун берди. Нарынкүл Назаралиеванын “Алты жыл бою каталарга чыдадык” деген, Кубан Асанбековдун “Темир жолчулар Башмыйзамдын долбоорун колдоого алышты” деген жана башка макалаларды жарыялады. Депутат Бактыбек Жетигенов гезиттеги сөзүндө:-Мамлекеттин каражатына кол салган коррупционерлер кылмыш мөөнөтүнүн өтүшүнө карабай жоопко тартылышы керек. Бул мыйзам референдумдан өткөндөн кийин жалаң эле “Кумтөргө” эмес, ушул сыяктуу экономикалык оор кылмыш кылгандарга да тиешелүү болору анык. Жеп-ичкендер аликүнчө жазаланбай жүрөт. Ушуга байланыштуу өзгөртүү киргизилип аткан Конституция боюнча кылмыш кылган адамдын жаза мөөнөтү өтпөй турган норманын кабыл алынышын туура деп эсептейм,-деп айтты.

“Фабула” гезити Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанов президент Алмазбек Атамбаевдан кечирим сураганын, бир топ жыл Малайзияда элчи болуп ырахаттануу менен иштегенин, бул үчүн Кудайга анан президентке ыраазы экенин белгилеп, мамлекет башчысы жүргүзгөн саясатты сындап келгендиги үчүн кечирим сураганын билдиргенин кабарлады. Журналист Тынчтык Алтымышевдин “Кыргызстандын дүйнө алдында абийири таза” деген макаласы басылды. Алтымышев Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясында сүйлөгөн Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин сөзүнө шилтеме берип, көлөмдүү макала жазган. Ал макала “ЕККУнун эки бети бар”, “Суунун да сурагы бар”, “Диний экстремизмге маданий диалог” деген бөлүмдөрдөн турат. Гүлмира Шаршеева даярдаган материал “Жолдо жүрүү маданиятына ар бир адам жоопкер” деген теманын алдында бир катар жарандардын ойлоруна орун берди. Укук коргоочу Турсунбек Акундун маеги “Төлөйкан менен Азизага өзбек диаспоралары көп акча төлөп берген” деп аталып, Төлөйкан менен Азиза жалпы кыргыз укук коргоочуларынын абийирине көө сүйкөгөнүн, эми бул экөө элдин бетин карап, көчөдө кантип басышарын билбей калгандыгын, буларды Атамбаев сындаганда укук коргоочуларга теңелип эмне кылат деп жаман көргөнүн, көрсө президент туура эле сындаганына эми көзү жеткенин, Төлөйкан ачкан “Бир дүйнө Кыргызстан” деген долбоорду мамлекет тез арада жабышы керектигин, ал долбоор менен Төлөйкан батыштын тарбиясын таңуулап, жаш балдарды секске үндөп келатканын, алар кылмышкер Кадыржан Батыровдун жанына олтургандыгы үчүн көп акча алышкандыгын, эми Төлөйкандын Кыргызстанда жашашы кыйын болуп калгандыгын, бирок мамлекет жазасын берсе, “Мына, кыргыздар мени куугунтуктап жатат, башпаанек бербесеңер болбойт” деп, жер сабап жатып ошол эле Кадыржандын жанына кетип калышы мүмкүн экендигин айтты.

“Фабула” гезити булардан тышкары кыл кыякчы Айнура Бердигулованын жакында кыл кыяк менен жеке концертин бергенге даярданып жатканын, чыгармачылык жолун, кыл кыяктын сырларын баяндаган кызыктуу маегин тартуулады. Жазуучу Меңдибек Асылбековдун “Суук көздөр” аттуу эссеси жарык көрдү. Филология илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиевдин “Борбордук Азияны дүңгүрөткөн кылым таймашы же Кошой баатырдын улутка утуп берген улуу мөөрөйү” деген ат менен сандан- санга жарыяланып келаткан эмгеги бүгүн соңуна чыкты. Акын Максат Жангазиевдин жаңы ырлары тартууланды.

“Вечерний Бишкек” гезити да басылып чыкты.

XS
SM
MD
LG