Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Уячадан уурдалган акчалар кайда кеткен?


Апрель ынкылабынан кийин.
Апрель ынкылабынан кийин.

7-сентябрдагы кыргыз гезиттерине баяндама - Шайлообек сереп.

“Майдан” гезити саясатчы Азимбек Бекназаровдун “Атамбаев чыныгы көчмөндөрдүн тукуму эмес” деген маеги менен жаңы санын ачты. Анда чек ара, Үңкүр-Тоо, Сариев өкмөтүнүн протоколун жокко чыгаруу маселесин айтып президентти сынга алды.

Кабарчынын: - Атамбаев айткан сындарга макулсузбу? - дегенине Бекназаров:- 2010-жылдан бери банк уячалары тууралуу айтып: “Бекназаров менен Сариев бөлүп алган” деп келатат. Бирок Сариевди өкмөт башчы кылды. Атамбаевдин бизге доомат коюп жатканынын себеби Убактылуу өкмөттүн ишине катышкан эмес. Кутучалардан алынган акчаны мамлекеттин бүтүндүгү, коомдогу тартипти колго алыш үчүн аргасыз иштетип жатканда дагы ал катышкан эмес. Ошон үчүн туура эмес ойлорду айтып, коомдук пикир жаратуу менен алек болуп жатат. Атамбаев үчүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү революция чыгарарына кошула албайм. Отунбаева Атамбаевге таарынып, аны жазалаш үчүн үчүнчү революция чыгарбайт,- деп айтты.

“Майдан” гезити андан ары укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын “Мен бийликтин эмес, Текебаевдин камчысын чаптым” деген аталыштагы маегин басты. Маегинде ал Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси, суунун баркы, ГЭСке байланыштуу көйгөйлөргө токтолду. Үңкүр-Тоо маселесин чечүү үчүн кандай кылуу керектигин айтты. Токтайым андан ары Баш мыйзам боюнча маселеге кайрылып, Текебаевди жакшы билген адам катары саясатчынын эл биле бербеген көп нерселерин ачыкка чыгарды. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү жөнүндө, Роза Отунбаеванын бийликке келиши тууралуу кеп кылды. “Майдан” гезитинин: - Дүйнөнү дүңгүрөткөн көчмөндөр оюну Атамбаевдин кадырын көтөрдүбү? - деген суроосуна:

- Көчмөндөр оюну президенттин кадырын да, кыргыз элинин кадырын да көтөрүп, келечекте Кыргызстанды көчмөндөрдүн брендине айланышына шарт түздү. Кыргыздын зоболосун бийик көтөрүп, дүйнө жүзүндө кыргыз менен бир тууган элдердин башын кошо турган саясый ишке айлана баштады. Келечекте бул идеяны туура алып кеталса Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык уюштуруу тобунун башында экс-президент Атамбаев калышы мүмкүн,- деп айтты.

Ушул эле гезит “Азаттыкты” барымтадан кантип чыгарабыз?” деген баштеманын алдында Автандил Белековдун сын макаласын басып, эксперттер катары журналист Канышай Мамыркулованын, экс-депутат Өмүрбек Абдрахмановдун, коомдук ишмер Кайып Шеринин, саясат талдоочу Табылды Акеровдун “Азаттыктын” берүүлөрүнө ичтери чыкпай жаткан ойлоруна орун берди. “Майданда” булардан тышкары публицист Сапар Орозбаковдун: “Башмыйзам: ажыдаарга айлануунун формуласы” деген макаласы жана башкалар бар.

Каникулдан кайтып келген “Багыт” гезити кайрадан чыга баштады. Гезит “Өмүке, Алтыкени аңга түртөт, анан да Бабановду, Адахамды “сүйөт” деген макала менен бүгүнкү санын ачып: “... бир кезде жеп жиберчүдөй жамандагандарынын алдына өтүп, аларды мактап-жактап өзүнчө эле фокус көрсөтүп турат. Бирок бул жолу Текебаевдин фокустары ийгиликсиз болгону турат. Себеби бийлик күчтүү. Анткен менен Башмыйзамды өзгөртүү маселеси Кыргызстандагы чачыранды, биринен бири өткөн, арты таза эмес оппозициячыл саясатчыларды жана саясатчы сөрөйлөрдүн башын бириктирип жаткандыгын байкаса болот. Бул биригүү бийликке кандайдыр бир деңгээлде сигнал болушу керек. Бирок өтө терең биригүү эмес. Оппозициямын дегендер азырынча бирин бири колдоп турган менен эртең эле кырдаал өзгөрүп кетсе, биринин этин бири жеп, биринин жүнүн бири тыта башташат. Кандай болгон күндө да, бийлик дагы, оппозиция дагы өз билгенин кылбашы зарыл. Элдин оюн угуулары керек. Конституция өзгөртүлөт. Мамлекетибиздеги азыркы абалды ар ким ар кандай сүрөттөп, жай турмуштан баштап баш аламандыкка чейин жеткирип жатат. Кандай болгон күндө да Акаев менен Бакиев кулардагы абал азыр жок. Анда элдин кыжыры чегинен ашып турган. Азыр болсо эл массасынын Атамбаевди кулатабыз деген ою жок”, деп жазды.

Баратбай Аракеев мамлекеттер аралык мамиледе өз ара араздашуу, тирешүү эзелтен эле жакшылыкка алып келбегенин кырылышып келаткан өлкөлөрдүн мисалдары аркылуу кеп кылды. Басылма ошондой эле кыргыз деген эл салтын мыкты туткан улуу эл экенин дүйнөгө дүңгүрөткөн көчмөндөр оюну тууралуу баяндады. Журналист Айбек Шамшыкеев макаласын “Татыктуу жана татыксыз таратылган сыйлык-наамдар” деп атады. Дипломат Сактанбек Кадыралиевдин макаласы “Качан мыйзамдуу мамлекет болобуз?” деген ат менен жарык көрдү. Гезитке Стивен Сигалдын жубайынын “Уулубуздун калы–атасынын монгол экенин далилдейт” деген кызыктуу маеги да басылып чыкты.

“Вечерний Бишкек” гезитинен Үңкүр-Тоодогу линейлик радиостанцияда иштеген төрт кыргыз жарандарын токтоосуз бошотуу жөнүндө талаптар коюлуп жатканын, Москвадагы өрткө капталган кыз-келиндерди алып чыгууга жардам берген кыргыз жигиттери Азамат Акматов, Азизбек Абдыгапар уулу, Маматсабыр Алимбек уулу, Таалайбек Марип уулу, Адылбек Шакиров экендиктерин жазды жана окуя тууралуу Адыл Шакировдун маегин жана көчмөндөр оюунун Кырчын жайлоосундагы кызыктары боюнча макала, маектерди жарыялады.

XS
SM
MD
LG