Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

"Президент буга чейин чыдап келген эле"


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Апта соңундагы кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Фабула” гезити “Президенттин сөзүнө териккен Убактылуу өкмөт мүчөлөрү боюнча эмне айта аласыз?” деген суроо менен кайрылганда,

саясый серепчи Токтогул Какчекеев:- Биз юбилей болсо эле мактанганга, мактаганга көнүп алганбыз. Бул жолу президент элге түз карап, көкөйдөгү маселени ортого салды,-деп,

Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов:- Президент буга чейин чыдап келген эле. Бул ирет өзүнө көз караштары жакын деген адамдары сатып кеткендигине чыдабай калды окшойт. Көкүрөгүндөгү оюн эл менен ачык бөлүштү. Ачуу чындык кимди да болсун катуу чычалатат. Президенттин ой-максаты чындык экендигине арадан бир топ мезгил өткөндө ынанабыз,-деп,

Экс-депутат Ыргал Кадыралиева:- Президент ачууга алдырып алды окшойт. Бирок эртедир-кечтир айтыла турган сөз болсо керек. Ал эми Роза Отунбаева аянтты таштап басып кеткени туура болду. Мен деле ошентмекмин. Аял киши болгондон кийин президент анчалык катуу айтпай, көңүлүн оорутпаш керек эле,-деп,

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев:- Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү терең жаңылып жатат. Атамбаев экинчи президент болбосун 2-3 жылдан бери эле кайталап келе жатат. Чынын айтсак, азыр бизде толук кандуу парламенттик башкаруу жок. Башмыйзам ага ылайыктап жазылган эмес. Атамбаев ошону түзөйлү деп жатат. Экинчиден, 2010-жылдагы банк ячейкаларынан уурдалган акчалар, талап-тоноочулук боюнча кылмыштардын бети ачылып, иш саясатка аралашпастан, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек,-деп,

“Калыс” саясый кыймылынын мүчөсү Жеңиш Молдокматов:- Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн революциядан кийинки иштери коомчулукта талкууга алынып, көп иштер жабылып калганын ким танат? Эгерде президенттин айтканы чын болуп чыкса, жоопко тартчу күн да келет деп ойлойм. Айтылган сөз–атылган ок демекчи, убакыт көрсөтөт. Эл тынч болуп, саясый тиреш сүйлөшүүлөр аркылуу чечилишин тилейм,-деп жооп беришти.

“Де-факто” гезитине маек курган генерал Артур Медетбеков маегин “Убактылуу өкмөт бошотуп ийген “Жайшуль махдичилер”–азыр катуу даярдыктан өткөн террористтик уюмдун мүчөлөрү” деп атап, Кытай элчилигиндеги террордук акт Кыргызстанда 1-жолу болуп атпаганын, бул жерде Сирияга же Ооганстанга согушка катышып жүргөн адамдардын изи барын, дин кызматкерлери дүйнөдөгү окуяларды карап туруп элге: “Динди жамынгандар күнөөсүз адамдарды кырып, мал мууздагандай мууздап, башын кесип жатат, буга барбайлы. Мамлекетти сактайлы”, деген иштерди жүргүзсө жакшы болмогун, маселен, Чубак ажынын пикирлерин туура эмес деп, анын маалымат каражаттарына чыгышына тыюу салгандын өзү туура эместигин, экстремисттик топтор ушундай адамдарды өз катарына тартууга аракет кыла баштарын белгиледи. Чекист андан ары 2010-жылы аянтта революционермин деген 5-6 жигит автомат кармап, Акүйдүн жанында атышууга катышканын, 2011-жылы январь айында ошол жигиттер Кыргызстанда “Жайшуль Махди” деген террордук уюмду түзүшкөнүн, күч органдарынын 4 кызматкерин атып өлтүрүп, бийликке каршы чыгышканын, андан тышкары “Жайшуль Махдинин” мүчөлөрү Убактылуу өкмөттүн буйругу менен Ош окуясына ар кандай жардамдарды көргөзүү үчүн барып келишкенин, ошол эле 2010-жылдын 10-майында Убактылуу өкмөттүн декретинин чечими боюнча 20дан ашуун экстремисттик топтордун мүчөлөрүнө мунапыс берилип бошонуп кетишкенин, алардын бир тобу бүгүн Сирияда жүрсө, калганы катуу даярдыктан өткөн террордук уюмга айланганын айтып чыкты.

“Кыргыз туусу” гезити эртең Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталарын маалымдап,ага байланыштуу макалаларды жарыялады.

“Эркин Тоо” гезити “Кырчын” жайлоосуна тигилген боз үйлөр менен жаңы курулган ат майданынын фото сүрөттөрүн тартуулап, президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстандын 25 жылдыгына байланыштуу сүйлөгөн сөзүн басты. Башмыйзамды талкууга алган филология илимдеринин доктору Сыртпай Мусаев “Конституция кабыл алынып жатканда чийки жерлери көп болчу. Ошон үчүн сөзсүз өзгөртүү керек” десе, Конституциялык палатанынын туруктуу мүчөсү Нурбек Касымбеков “Азыркы Конституцияда эгемендикке шек келтирген жобо жазылып калган, ошондуктан өзгөртүлүшү керек”, деп айтты.

Президенттин "Ала-Тоо" аянтындагы сүйлөгөнү боюнча оюн билдирген философия илимдеринин доктору Жамгырбек Бөкөшев: -Президент курч маселелерди айтты,-десе,

Экс-депутат Кубанычбек Исабеков:-Президенттин жарылып айткан сөздөрүн абдан кубаттайм. Көп маселени Убактылуу өкмөткө токтом менен кабыл алгыла дегенбиз, бирок Текебаев каршы болгон. Мына эми, декрет менен кабыл алынган маселелер четинен чыгууда. Мен ошол күнү Акүйдөн кеч чыктым. Түнкүсүн дүкөндөрдү, банктарды тоноп жатышкандарын көрдүм. Эми ошолорду ким уюштурганын Кудай турат, ачыкка чыгат дебедиби президент,-деп айтты.

Бүгүн “Супер инфо” менен “Вечерний Бишкек” гезиттери да жарыкка чыкты.

XS
SM
MD
LG