Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:19

“Атамбаев ат куйругун чорт кести”


Атамбаевдин "Ала-Тоо" аянтындагы жалындуу сөзү.
Атамбаевдин "Ала-Тоо" аянтындагы жалындуу сөзү.

Кыргызстандыктарды, ата-энелерди, балдарды Билим күнү менен куттуктайбыз!Бейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

Бүгүн жарык көргөн “Азия ньюс” гезити бул санын “Акаев менен Бакиевдин да табасы каныптыр...” деген макала менен ачып, президент Алмазбек Атамбаевдин "Ала-Тоо" аянтындагы кечээ күнкү сүйлөгөн сөзү “доско күлкү, душманга таба” дегендей качкын эки президентке бирдей жакканын, 2010-жылы бийликти алган оппозиционерлер биринин айыптарын бири чукуп жатканы бүйүрлөрүн кызытып атканын белгилеп, эми 7-апрелден кийинки талап-тоноочулук, банк уячасындагы миллиондордун жоголушу, Кадыржан Батыровду качыргандар, болгондо да президент айткандан кийин ушундай жашыруун кылмыштардын бети ачылышы керектигин белгилеп, “Бирок экс-революционерлер саясат сахнасында “кырылышып” жатканда үчүнчү күчтөр чыгып кетпес бекен, кыскасы Кыргызстанда саясый тирешүү башталды”, деп жазды.

Журналист Сабыр Муканбетовдун “Атамбаев ат куйругун чорт кести” деген макаласында да ушул тууралуу сөз болду. Саясатчы Эмил Каптагаев маек куруп, анысын “Роза Отунбаева башты бийик көтөрүп, трибунадан татыктуу кеткени болду” деп атап, экс-президент Отунбаеванын басып кеткени туура болгонун, эл да муну туура түшүнөрүн, ал эми бийлик тарабынан кандай кыйынчылык болсо да чыдарын айтты. Акылбек Бекчороев макаласында “Эгер Атамбаев адатынча, ура-аа, кеттик, аттангыла!” дечү болсо, бери жагы 15 миң адам түрүлүп түшүп, Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында дүркүрөп туруп беришет, мындай фактылар болгон” деп жазса, Тайлак Назымов аттуу автор “Ажо алсырай баштадыбы?” деп жазды.

“Азия нюьс” ошондойле “Конституция бизди бөлүп-жарбай, тескерисинче, бириктирүүгө тийиш” деген аталышта Отунбаева, Текебаев, Бекназаров, Исаков, Ибраимова, Дүйшөбаев, Каптагаев, Болот Шер кол койгон кайрылууну басты. Саясат таануучу Табылды Акеров “Атамбаев эч кимди аябасын көрсөтүп койду” деп маек берсе, экс-министр Нурлан Шакиев “Бабанов шайлоодон кийин Ташиевди алдап кетти” деп маек берди.

“ПолитКлиника” гезити Кыргызстандын Бразилиядагы ардактуу консулу, чыгаан ишкер Аскар Салымбеков “Таланттуу эки-үч спортчуну мамлекет мелдештерге өзүнчө даярдаш керек экен” деген темада олимпиададан алган ойлору менен бөлүштү. Гезиттин “Президентке кат” аттуу рубрикасында Ат-Башы айлынын тургуну Дүйшөнкул Жумаковдун “Ат-Башы Ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Жусубалиев Чолпонбектин агасы Жусубалиев Тынчтык мени өлтүрөм деп коркутту”, деп президент Атамбаевге жазган каты жарык көрдү.

“ПолитКлиника” гезити булардан тышкары журналист Парахат Шүкүрованын Москвадагы өрттөн шейит болгон кырчындай кыздарды сүрөттөрү менен жарыялап, ар бири менен тааныштырып, каргаша кандай болгондугу тууралуу кабарлады. Башмыйзамдын айланасындагы эки макалада Конституция канча жолу өзгөртүлгөнү жөнүндө сөз болот. Гезиттин “Ойкуйт да кайкыйт Ак чардак” рубрикасындагыларды окуй кетели:

Депутат Рыскелди Момбеков:- Мен интернеттен аябай көп нерселерди окудум. Осмонакун Ибраимовдун Конституцияны өзгөртүү маселесин угуп чочуп кеткенин окудум. Ал “төбө чачым тик турду” деп айтыптыр, анын төбөсүндө чачы деле жок эле го”,- деп,

Депутат Өмүрбек Текебаев:-Конституциянын кемчиликтерин сындаган Курманбек Осмоновго “көзүңүздүн астында капкара калыңыз бар. Ортосунда кыл өсүп турат. Аны пластикалык операция жасатып алдырып койсоңуз болот. Жасатпай койсоңуз да болот. Анткени функцияны дене аткарып жатат да. Конституция да ошондой, кемчиликтери бар. Бирок функциясын аткарып жатат,- деген какшыктары басылды.

“Саресеп” гезити Үркүндүн 100 жылдыгына байланыштуу залкар талант Мукай Элебаевдин “Узак жол” романынан үзүндү басууда. Университеттин Конституциялык укук боюнча окутуучусу Азамат Борончиевдин “Өзгөрсө да, өзгөрбөсө да, Конституция болбосо да турмуш өтө берет” деген макаласы тартууланды.

Аталган гезит Кытай элчилигиндеги жардырууга байланыштуу мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаевга суроо салганда генерал-майор, буга чейин Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном районунда бир топ теракттар болгонун, из ошол жактан келгенсип турганын, УКМКнын алдында антитеррордук борбор жана 10-башкармалык барын, буларда бир топ болжолдуу схемалар бар экенин, мына ушулар катуу иштеши зарылдыгын, ал эми Көчмөндөр оюнунда кыргыз милициясы коопсуздукту толук сактап бергенге күч-кубаты жетерин, эл бүгүнкү күндө милицияга муктаждыгын, ошондуктан аларды чачыранды кылбай бириктирип, бардык жагынан шарт түзүп, айлыгын, санын көбөйтүү мыкты иштешине кепилдик болорун кеп кылды.

XS
SM
MD
LG