Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:15

Эркиндиктен кымбат эч нерсе жок


Эркиндик майрамы.
Эркиндик майрамы.

Бейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Кудайды карап туруп, тобо деп айтсак, бүгүнкү күндө ак өңдүү нерселер арбын. Ириде элибиз ынтымак-ырашкердикте, тынчтыкта оокатын өткөрүп жатат. Жүрөк өйүткөн талап-тоноолор, толкундоолор болгон жок. Көлүбүздө суубуз кенен, корообуз малга, кампабыз данга, дасторконубуз нанга толду. Келечектүү, билимдүү жаштар өсүп чыкты. Ала-Тоонун өрүшү кеңейип, касиеттүү жергебизде II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөнү турат. Көк Теңир ыроологон Ысык-Көлдө жоокер элдин жашоосун айгинелеген боз үйлөрдүн шаарчасы курулат. Көк асманы алаканга салгандай көрүнгөн нур жылдыздуу өлкөбүздө чоң майрам болот. Мындай оомат көрүнгөн эле элдин пешенесине жазыла бербейт. Ушуну көкүрөккө бекем сакташыбыз керек” деп толкундап жазды “Ачык сөз” гезити “Маратабалуу өлкөнүн баа жеткис эркиндиги” аттуу макаласында.

Буга улай эле Бишкек Эркин экономикалык аймактын башчысы Дүйшөн Ирсалиевдин ишмердигине ак тилегин арнаган макала басылды. Журналист Жора Сулайманов “Келечегине жол чапкан Текебаев” аттуу макаласында катардагы мугалимден кабелтең саясатчыга айлануу, калайык калкка аттын кашкасындай таанылуу Өмүрбек үчүн оңойго турбаганын, камчысын жонуна ойноткон бийлик күчтүүлүк кылган кездерде да Текебаев сынбаганын, зулум падышалардын баш терисин “сыйрып” тургандары карапайым калкка жагып келгенин кеп кылды. Автор андан ары “Ата Мекендин” лидери акыркы кездери ат тезегин кургатпай пресс-конференцияларды өткөрүп жатканы бекеринен эместигин, анткени эмдиги жылы өлкө башына жаңы президент келгени жатканын, ошол келе турган адам менен анын мамилеси кандай болот деген ой каңкуулана баштаганын, референдум өтөрүнөн Текебаев деле шек санабастыгын, ошентсе да чоң саясатчынын кийинки тагдырын Атамбаев ойлонушу шарт деген эскертүүсүн лидер ачыкка чыгарып турганын, чын эле Текебаевдин сунуштарын ажо угуп, керектүүлөрүн алса жаман болбосун, анткени компромиске баруудан эчким зыян тартпаганын айтты.

“Ачык сөз” гезити Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин ректору Чынара Адамкулованын “Реформанын бардыгында студенттер көңүл борборунда” деген маегин тартуулады. Таланттуу жазуучу, публицист Абдиламит Матисаковдун “Кыргыз өңү Сүймөнкулдун өңүндөй” аттуу баянынын корутунду бөлүгү басылып чыкты. Сатирик жазуучу Орозбек Бөрүгуловдун такмазалары, белгилүү жазуучу Тойчубай Субанбековдун “Мамык кандын ажайып түшү же чөккөн көңүл чалкыганда” аттуу жаңы романынан үзүндү, акын Адилет Сатыбалдиеванын ырлары жана акын Тынчтыкбек Нурманбетовдун поэзиясы тууралуу профессор Курманбек Абакировдун ойлору жарык көрдү.

“Азия ньюс” гезити бул санын Карыбай Турусбековдун “Революциянын жеңишин сактап калыш үчүн кыргыз элин кемсинтип, чөгөлөтүш керекпи?” деген көлөмдүү макаласы менен ачты. Автор Кыргызстандын эгемендүү мамлекет катары ылдамыраак кыйрашына кимдер кызыкдар деген суроону талдоого алды.

Улуттук Коопсуздук комитетинин СИЗОсунда жаткан Алмаз Абековдун “Азия ньюстагы” макаласы “Атамбаев баары бир мураскер чыгарат, ал ким болот?” деп аталып, ушул суроонун айланасында ой жүгүртүп, Кыргызстан 21-кылымда инновациялык жол менен өнүгүшү керектигин белгилеп, бирок “бүгүнкү бийликте инновацияны түшүнгөн ким бар?” деп суроо коюп, бийликке мураскер келсе баягы эле кадрларды ары-бери чампалап, курулай сөз менен жүрө берерибизди, бизге болсо тескерисинче көз карандысыз, эл алдында жоопкерчилигин сезген, келечекти көрө билген жетекчи керектигин, жаңы багытка жаңы адамдар гана алып барарын айтты.

Саясатчы Феликс Куловдун маеги “Эми көчөдөгү оппозиция пайда болот” деп аталды. Саясатчы генерал Исмаил Исаков макаласын “Кан жолунда кабыл алынган Конституцияны коргоо–баарыбыздын милдетибиз” деп атаса, дагы бир саясатчы Аликбек Жекшенкулов макаласын “Бийлик кара пиар менен өлкөнүн имиджине зыян келтирүүдө” деп, парапсихолог Мелис Карыбеков маегин “Жаратканга нааразы болгом, эми Кудайга миң мертебе ыраазымын” деп атады.

Кыргызстандын кулатуу күрөшү боюнча 10 жолку чемпиону, ушу кезде Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери болуп иштеп жаткан милийса кыз Камила Ташкееванын “Генерал болгонго чейин кыргыз элиме кызмат кылам” аттуу кызыктуу маеги да гезиттин бүгүнкү санында. Айтылуу журналист, өмүрүнүн көбүн Улуу Үркүндү изилдөөгө арнап келаткан Памирбек Казыбаевдин “Тарыхтан таш баян же өмүр көчү уланууда” аттуу макаласы окурмандарга тартууланды.

XS
SM
MD
LG