Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:17

Никеси “кыйылбаган” мыйзам


Кыргыз гезиттери.
Кыргыз гезиттери.

Шейшембидеги кыргыз гезитттерине Шайлообек сереп.

“Фабула” гезитине журналист Үсөн Касыбековдун “Көздөн учкан ЕАЭС” деген макаласы басылып, автор Евразиялык экономикалык биримдикке киргенибизге 9 айдын жүзү болгонун, бирок экономикада чечкиндүү өзгөрүүлөр байкалбаганын, республика жайма базар таз кейпинен кутула электигин, кызыл кулак алып сатарлар менен ортомчу-далдалчы мителер мурдагыдай эле экономикага өз эркин таңуулаганын улантып келатканын жазды. Касыбеков макаласынын аягында биримдиктин жакшылыгын көрбөй келатканыбыздын дагы бир себебин өкмөттөгү министрлердин иштин көзүн жакшы билбегендигинен, парламент тарабынан министрлерди кызматка дайындоодо профессионалдык сапатына басым коюлбаганынан, кимдер сунуш кылынса, ошолорду кыздын баласындай мактап-жактап өткөрүп сала бермей өнөкөтүнөн арылбай келатканыбыздан көрдү.

“Фабула” гезити “Мелис Турганбаевдин кызматтан кетиши боюнча кандай пикирдесиз?” деген суроо менен кайрылганда:

Генерал Өмүрбек Кутуев:- Мелис жаман иштеген жок. Бир топ жакшы иштерди жасады. Тажрыйбалуу, жакшы жетекчи болчу. Мелистин ордуна келген Кашкар менин айылдашым болот. Мен үчүн экөө тең бирдей,-деп,

серепчи Бакыт Бакетаев:- Мен билгенден көп министрлерге салыштырмалуу Турганбаев жакшы иштеп жаткан. Баарынан да милийсалардын социалдык маселелерин чечкен. Патрулдук милийсаны ишке киргизген,-деп,

серепчи Токтогул Какчекеев:- Анын кызматтан кетишинин себеби президент күч структураларынын башчыларын жаңыртып жатат окшойт. Мелис Турганбаев өз ишине жооп бере алчу, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүгө күчү жетчү,-деп,

журналист Күнболот Момоконов:- Президент өз айланасына саясатчы эмес, чыныгы өз адамдарынан команда топтоодо. Менимче, Кыргызстандын саясый элитасы келерки президенттик шайлоонун шайтан оюндары менен шымалана баштады. Турганбаев министрликке өзүн татыктуу көрсөткөн. Ал эми Кашкар Жунушалиев кызматында Бишкек милийсасын башкарган даражага жеткен адам болгондуктан жөн адам болбосо керек, турмушта көп сүйлөбөгөн адам көп иш жасайт эмеспи, күтө туралы,- деп жооп берди.

“Эркин тоо” гезити бул санын “Кадамжай жардамсыз калбайт” деген фотосүрөттүү кабарлар менен ачып, селден жабыркаган аймакка мамлекет кандай жардамдарды берип жатканын жазды. Бүгүнкү сандан Чүй облусу өлкөбүздүн локомотиви бойдон каларын, Сары Өзөн Чүйдө молчулук болсо өлкөдө токчулук болорун, байыркы түрк жазма эстеликтерин изилдөө уланып жатканын, өлкөнүн түштүк аймагында соттор жаңы имараттуу болушканын, 29-майда Анкара шаарында Түркияда билим алып жаткан кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаковдун чыгармачылык кечесин өткөргөнүн кабарлады. Жазгүл Кенжетаева макаласын “Балдарды коргоо кимдин милдети?” деп атаса, Сымбат Максүтова макаласын “Жүрөгү сагынычка толуп, саргая жол караган балдар” деп атады. “Эркин Тоо” гезитинин 25 жылдыгына карата журналист Акил Адамалиевдин макаласы жарык көрдү.

“Кыргыз туусу” гезити Болотбек Таштаналиевдин “Мамгеология - “Челси”, мамлекет - Абрамовичпи?” деген макаласын тартуулады. Бишкектин Аламүдүн районунун тургуну Хатима Калыбаева 98-жылдын 17-мартында “Баатыр эне” ордени менен сыйланганын, ошол ордени бир жамгырдан кийин ичи-тышынан бери карарып, капкара болуп калганын айтып кайрылды. Эртең белгилене турган Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Кыргыз туусу” гезити балдар акыны Каныбек Жунушевдин жарым бет жаңы ырларын жарыялады.

“Вечерний Бишкек” гезити бул санын “Кадамжай каргашасы” деген макала менен ачып, селдин кесепетин баяндаган Александр Тузовдун макаласына орун берди. Аба ырайынын адиси Юлия Алькина жамгыр май айына караганда июнь айында азыраак болорун кабарлады. Бермет Маликова макаласында нике тууралуу мыйзамдын өтпөй калгандыгын талдоого алды.

XS
SM
MD
LG