Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:21

“Артыбызда Москва, алдыбызда Ак үй, чегинүүгө жол жок!”


Кыргыз гезиттери.
Кыргыз гезиттери.

Шаршембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Жаңылыктар” гезити Райымбек Усупжановдун Улуттук тил комиссиясын сынга алган макаласын жарыялады. Ушул эле автордун "Кумтөрдүн" азыркы абалы жөнүндө тоо кендери боюнча адис Орозбек Дүйшеев менен маеги басылып чыкты.

“Багыт” гезити Улуттук коопсуздук комитетинин полковниги Болот Абдрахмановдун журналист Назгүл Осмоновага берген маегин жарыялады. Полковник Чоң-Таш айылында репрессиядан атылган адамдардын сөөгү кандайча жашырылып келип, кийин Бүбүйра деген апа аркылуу кандайча ачыкка чыкканын, сөөктөрдү казып алып жатканда бир гимнастерканын чөнтөгүндө кагаз жүргөнүн, окуса “5-ноябрь 1938-жыл. Жусуп Абдрахманов шпион катары атылсын” деген кагаз экенин, анан сөөктөр кайра жашырылып, “Ата-Бейит” деген атты Чыңгыз Айтматов коюп, арадан 11 жыл өткөндөн кийин эптеп каражат таап азыркы мемориалдык курулушту тургузуп, ошондо баягы Бүбүйра апаны чакырып, агездеги Мамлекеттик катчы Накен Касиев Акаевдин жарлыгы менен берилген “Эрдик” медалын тапшырса апа ошондо: “11 жыл күттүм, ырахмат, ушундан көрө бир кап ун берип койсоңор жакшы болмок” дегенин... айтып зээнди кейиткен, айтор адам деген жакшылыкты унутпоо керектигин эске салган маекти бүгүн жарык көргөн “Багыт” гезитинен окусаңыздар болот. Аталган гезит Айбек Шамшыкеевдин “Маданияттын мафиялары” деген макаласынын жаңы “серияларын” баса баштады. Аталган басылмада Баратбай Аракеевдин “Жер бергенче жан бер”, “Мен бузулдум” дебейлиби?” деген макалалары жана “Периште жолу” аттуу романынан үзүндү бар. Президент Алмазбек Атамбаевдин финансылык жардамы менен айтылуу акын Жолон Мамытовдун үч томдук ырлар жыйнагы жарык көргөнүн да “Багыт” жазып чыкты.

“Майдан” гезити “Бешилик" деген баштеманын алдында “Депутат Рыскелди Момбеков”, “Картошка”, “Нюша”, “Бекболот Талгарбеков”, “Чыныбай Турсунбеков” жөнүндө жазгандарга окурман көңүлүн бурду. Андан кийинки макала “Экс-депутаттын небере кызы КТРК жылдызы Фатима Узбекованы сүзүп, дайны жок”, деген ат менен жарык көрдү. Саясатчы Азимбек Бекназаровдун маегинин аты “Ажо таасирдүү кызматтарды өз партиялаштарына гана ыраа көрүп, башкаларды жолотпой жатат” деп аталды. Анын жообунун бирөөн окуй кетели: "Текебаевдин спикер болууга мүмкүнүчүлүгү бар болчу. Бирок андай мүмкүнчүлүктөн куржалак калууга Текебаев өзү күнөөлүү. Көп жерден былыгы чыгып, Атамбаевге көз каранды болуп калган. Акыркы күндөрү “мародерлугум” чыгып калбасын деп, же дагы башка кылыгым жарыяланып кетпесин деп унчукпай олтурат. Текебаев спикер болсо талаптарды, убадаларды ишке ашырабыз деп ойлогом”, деди Бекназаров Чынайым Кутманалиева менен маегинде.

“Майдандын” бул санынан “Медакадемия ушакчылардын ордосуна, анан базарга айланды” деген макаланы, мурдагы министр Бекболот Талагарбековдун “Бийликке жагалдангандан башканы билбеген өтө ыплас кошоматчылардын катмары пайда болду” аттуу маеги басылып, алар түзгөн “Элдик парламенттин” артында Орусиянын эң жогорку кызматтарында иштеген 15ке жакын кыргызстандыктар бар экенин, алар мурда кыргыз атуулдары болсо, азыр орус атуулдары болуп саналарын, арасында 2 генерал-полковник, бир генерал-лейтенант, 3 генерал-майор жана полковник барын, бири генерал-лейтенант Бахтияр Алиев, бири Бишкек шаардык сотунун мурдагы төрагасы Марат Султанов экендигин, бирок артында эч кандай Аскар Акаев жоктугун, Акаев башын сайып илимге кирип кеткенин кеп салды.

Кабарчынын "22 миң киши менен 28-апрелде өтө турган митингиңер эмне үчүн 12-майга жылып калды", деген суроосуна Талгарбеков:

"Артка жылышына 4 себеп бар. Орусиядагы мекенчил достор Атамбаевге убакыт беришибизди суранып, кызматынан өзү кетип калсын деп жатышат. Үчүнчүсү, мигранттар ал жыйынга катышарын билдирип, артка жылдырып турушубуз керек экенин айтышты. Төртүнчүсү, 1-5-9-май майрамдарын саясатка аралаштырбайлы деген чечимге келдик", деп жооп берди.

Укук коргоочу Турсунбек Акундун макаласы “Кыргызстанда авторитардык система калыптана баштады”, деген ат менен жарык көрдү. “Элдик парламенттин мүчөсү” Төрөбай Колубаевдин маеги “Акаевге да Бакиевге да тийешебиз жок!” деген ат менен тартууланды.

“Көк асаба” гезити Кундуз Шабданбекованын “Кымыз” деген макаласын сунуш кылды. Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, жазуучу Эрмек Ракманкул кызынын “Канаат хан” баяны соңуна чыкты. Улуу Жеңиш күнүнө карата Ата Мекендик согуштун катышуучусу Бекиш Исмаиловду кызы Сукен Бекишова эскерди. “Үркүндүн” 100 жылдыгына карата “Ашар” козголушунун төрагасы Жумагазы Садыр уулунун “Ажар жана Кырк Шейит” аттуу баяны сандан-санга басылууда. Жаныбек Үсөновдун макаласы “Өмүр көчүнүн” иши уланууда” деген ат менен жарык көрдү.

“Вечерний Бишкек” гезити Чернобылдын 30 жылдыгына арналган макаласын “Долуланган тынч атом” деп атады. “Аскаровдун иши кайрадан көңүл борборунда” аттуу чакан макалада өмүр бою түрмөгө кесилген Азимжан Аскаровдун иши жаңы жагдайларга байланыштуу Жогорку сотто кайрадан каралмай болгонун Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева билдиргенин маалымдады.

XS
SM
MD
LG