Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Байлык менен бийликти бөлүшөлү


Аптанын аягында жарыкка чыккан кыргыз басылмаларында саясий-экономикалык темадагы макалалар, узун маектер арбын жарыяланды.

“Кыргыз туусу” гезити автомашиналарга керектелүүчү газ 27 сомдон 19 сомго арзандаганын, Бишкектеги “Автомаш радиатор” заводунун базасында Беларустун Минск трактор заводу менен Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин ортосунда кызматташуу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлганын, буга ылайык эми беларус трактору Бишкекте жыйнала баштарын, өлкө бүгүн 7 миң тракторго муктаж экендигин, буюрса дыйкандар эңсеген тракторго жетип кубана турган күн да алыс эместигин белгиледи. Гезит ошондой эле “Карапайым кыргызстандыктардын жаратман эмгеги менен өлкө өнүгүү жолуна түштү” деген баш теманын алдында президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн бир катар адамдарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырганын жазып чыкты.

Ушул эле гезитке берген маегинде академик, белгилүү энергетик Карыпбек Алымкулов өлкө аймагында 70ке жакын көмүр кени болсо бүгүн 40ка жакыны иштеп жатканын, ар биринин жанында чакан шаарлар, айылдар барын, ушул жерлерге 10, 15, 20 мегаваттык чакан Жылуулук электр борборлорун курса болорун, ал эми Кара-Кечеге 1 млн. 200 миң киловаттык Жылуулук электр борбору курулушу керектигин, мындай чакан ГЭСтерди курууга өзүбүздүн эле акчасы бар байлардын мүмкүнчүлүгү эң сонун жетерин, ошол эле убакта көмүрдү иштетүүдө экологияны бузбай сактай турган жаңы технологияларды колдонсо болорун айтып чыкты.

“Де-факто” гезити коомдук ишмер Кемел Ашыралиевдин “Бийлик менен байлыкты бөлүү керек” деген маегине орун берди. Кемел Ашыралиев өлкө парламентке мурда бийликте жүрүп элдин эсебинен байыган уятсыздар, байлык менен бийликке тойбогондор же күйөөсү же атасы бай ургаачылар, тажрыйбасы жок жаштар келгенин, биздикиндей кичинекей өлкөгө 120 жулунбаган, колу таза, Кыргызстан үчүн чындап күйгөн чыныгы патриоттор келгенде абалыбыз бат эле жакшы жагына өзгөрмөгүн, ал эми бүгүн базарда байпак сатып жүрүп байыгандар айыл өкмөтү же аким болуп отурганын, бийлик тазаланууга бармайын болбой тургандыгын белгиледи.

Окумуштуу, коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов маегин “Ууру-кескилер төргө өтүп, бандиттер башка чыккан заман келди” деп атап, депутаттык мандат кызылдай акчага сатылып алынганын, парламентке депутаттык креслого эмес түрмөдө олтура турган бир топ кишилер чогулганын, анын жеке пикиринде 2010-жылдан кийин актай турганын актап, соттой турганын соттоп, бир тазаланып алганда жакшы болмогун, былтыр Убактылуу өкмөттө отурган көздөй чиновниктердин бири “Кумтөрдө 30 миңден ашуун алтын акцияларым бар, аны мага канадалыктар сыйлык катары берген” деп ачык эле айтканын, ушундайлар мамлекеттин талуу жеринде олтурса, анан кайдагы коррупция менен күрөштү айтууга болот деп белгилеп, 1-президент Аскар Акаев илгери жазуучулар үчүн берилген 70 млн рублды жеп алган деп президентке курулай күнөө жапканы жалгандыгын, Акаев бул иштин майда-чүйдө деталдарын билбей туруп интервью бергенин белгилеген Осмонакун Ибраимов, убагында өзү Жазуучулар союзунун катчысы болуп туруп, Атамбаев менен бирге агездеги бийликке, тиешелүү органдарга кайрылып, так ошол 70 млн. рублды жеп кеткен жазуучулардан кайрып алалбай коюшканын кеп кылды.

“Жаңы агым” гезити депутат Рыскелди Момбеков эгер парламент ишмердүүлүгүн өзгөртпөсө эл нааразы болуп 10 миң киши аянтка чыкса парламент 10 саатта жок болорун айтканын, депутат Жыргалбек Саматов депутат Өмүрбек Бабановду казак жараны деп чыкканын, ант берип, төш белги тагынып, депутат болуп мурдагы күнгө чейин отурган Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы мандатынан ажыратуу жөнүндөгү Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарган чечимди Жогорку Сот күчүндө калтырганын, депутат Акылбек Жапаров бийик тоолуу аймактарда иштеген врачтардын кошумча айлыгын кайра калыбына келтирүүнү, оң рулдуу машиналардын айланасындагы жана турак–жай менен автомашиналарды камсыздандыруу маселесин токтотууну, анткени кыргыз өкмөтү жерде жаткан тырмоону басып алып сабы башына тийгенден кийин качып жок болгон мурдагы бийликтин катасын кайталабашы керектигин, азыр бул боюнча эл нааразы болуп жатканын, ойлонулбай жасалган иштер омуртканы сындырып кое турган төңкөрүшкө алып келе тургандыгын айтканын жазып чыкты.

“Вечерний Бишкек” гезити 1-Май райондук соту Туризм департаментинин мурдагы директору Максат Чакиевди күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө алты жылга кескен өкүмүн чыгарганын, филология илимдеринин доктору Кубан Мамбеталиевдин “Совнаркомдун төрагасынын кызы” деген ат менен 1933-жылы Кыргыз мамлекетин түптөп, кыргыз мамлекетин кургандардын башында тургандардын бири, 38-жылкы кандуу репрессиянын курмандыгы болуп 41 жашында атылып кетип, кийин сөөгү Чоң-Таштан табылып, "Ата-Бейитке" коюлган Баялы Исакеев жөнүндө анын кызы Лариса Исакеева менен маеги кыргыздын мыкты уулдарынын биринин кызынын бүгүнкү жашоо-турмушу тууралуу баяндап берген.

XS
SM
MD
LG