Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

Соттолгондор мэр болбойт


Баткендеги гезит саткан күркө
Баткендеги гезит саткан күркө

Апта соңундагы басылмаларда саясий-экономикалык, маданий темалар арбын козголду.

“Кыргыз туусу” гезити 25-ноябрдын кечинде, кечки саат алтыдан таңкы саат алтыга чейин өлкөнүн ар кайсы аймагынан 122 ымыркай төрөлгөнүн, президент Алмазбек Атамбаев алты миллионунчу балага 1 млн. сомдук депозиттик эсеп ачууга, ошондой эле алты миллионунчу бала менен бир мезгилде төрөлгөн 122 ымыркайдын үй-бүлөсүнүн ар бирине бир жолку материалдык жардам иретинде 100 миң сомдон бөлүп берүүгө буйрук бергенин кабарлады. Президент жарык дүйнөгө келген наристелердин ата-энелерин куттуктоосунда кыргыз элинин накыл кебинде: “Адамзат эненин курсагынан Жер эненин кучагына түшөт, киндик каны топуракка төгүлөт, Киндик кан тамган топурак ыйык!” деп айтылат. Балдарыбыз каны тамган Кыргыз жеринин накта азаматы болуп өссүн” деп айтканын жазып чыкты. Сиздер ошондой эле бул гезиттен президент кыргыз элин да куттуктаганын, мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүү тапшырмасын бергенин, кызматын аткарып жүрүп каза болгон милициянын лейтенанты Актилек Абдубалиевдин үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлгөнүн, Нарынга эт комбинаты куруларын, соттолгону жабылгандыгына, алынгандыгына карабастан кезинде мамлекетке каршы кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамдар мындан ары Бишкек жана Ош шаарларына мэр боло албастыгын жана журналист Азимжан Ибраимовдун “Күчтүү идеологиясы бар улут күчтүү мамлекет курат” деген, “Жер титирөөнүн кесепеттери жоюлууда” деген жана башка макалаларды окуйсуздар.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Силер билгенди биз бир жерде отуруп билебиз” деген макаласында, “Ошентип чет элден келгендер бизге мал бакканды, эгин эккенди, токой өстүргөндү, карагат тиккенди, бадыраң менен картөшкө айдаганды ж.б. үйрөтүп жатканы. Баарынан да үй-бүлө кандай болуш керектигин үйрөтүп жатканда күйбөгөн жериң күл болот да! Бизде ата-эненин, уул менен кыздын, келин менен күйөө баланын, кайнене менен кайнатанын баарынын өз орду, бири-бирине жасай турган ыйман-ызааты, кыскасы Европа калкынын мээси анча жете бербеген эрежелери бар, ал эми чет элдиктерде бой тарткан уул-кыздары ат-энелеринин айткан-дегендерине быш деп да койбойт”, деп жазды. Автор айрыкча кыргыз жаштарын роботко айланып бараткан чет элдиктерди акыл-эси же башы жок кишидей туурай бербей, дүйнөгө Азиз Салиевди, Чыңгыз Айтматовду, Болот Миңжылкыевди жана ушул сыяктуу мыктыларды берген кыргыз элинин каада-салты менен, акыл кеби, жашоо эрежелери менен өсүүгө чакырып, анткени жогорудагыдай таланттуу адамдардын баары чет элдиктердин анык турмуштан ажыраган “парник” жашоосунда эмес, кыргыздын нукура кыртышынан өсүп чыккандар экендигин эстерине салды.

“Де-факто” гезитинде Болот Жанузаковдун “Кыргызчылыкты жойгондо гана коррупция жоголот” деген, ички иштер министри Мелис Турганбаевдин “Калк сакчылыгында болуу бала кезден берки кыялым” деген, депутат Бакыт Төрөбаевдин “Биздин максат– “өнүгүү” аркылуу өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүнө жетүү” деген, эмгек сиңирген артист, киноактер Марат Мамбетовдун “Мен Эл артисти наамын бербейт" деп нааразы болбойм” деген маектери бар.

“Вечерний Бишкек” гезити бул санын “Телтаевдин муунуп өлгөнү табышмак бойдон калууда” деген макала менен ачып, №50 СИЗОДОгу кандуу окуяга кайрылып, ошол күнү күзөтүү бөлүмүнүн жанындагы свет рубильниктин жардамы менен жарым саатка өчүрүлгөнү тергөөдөн кийин ачыкка чыкканын, бирок ким өчүргөнү эмгиче аныктала электигин, андан кийин камеранын эшигин бирөө ачканын, анан кылмышкерлер үч дежурныйды муунтуп өлтүрүп, оперативдүү кызматкердин мойнун толгоп салып, имаратты шашпай аралап барып терезенин тосмосун талкалап чыгып кетишкенин жана Жаза аткаруу кызматынын ошол учурлардагы аракетин баяндоо менен Телтаевдин туугандары президент Атамбаевге, премьер-министр Сариевге бул окуяны жеке көзөмөлүнө алып, жакшылап териштирип берүү өтүнүчү менен кайрылышканын, иш Башкы прокуратурга берилгенин, анткени калган органдарга ишеним болбой калганын жазып чыкты.

“Жаңы агым” гезити журналист Келдибек Назировдун “Күрөшкөн сайын күчөгөн коррупция” деген макаласын тартуулады. Макала “Башкы прокуратура баарына тегиз эмес”, “Карганбек карганган менен”, “Бизде коррупционерлер камалат же кызматка коюлат”, “Коррупциядан коргонуунун жалгыз жолу - депутаттык мандат” деген кошумча темалардан турат. Панфиловдук дыйкан Абдыкадыр Берикбаевдин айтып бергендери журналист Назгүл Калмамбетованын “Акыйкат издеген дыйкандар Искендер Айдаралиевге неге нааразы?” деген макаласында басылды. Гезитте ошондой эле кинорежиссер Сүйүн Откеевдин кечээ бет ачары болуп өткөн “Көпөлөк” аттуу көркөм тасмасынын айланасында сөз болот. Жаңы тасманын идеясы белгилүү драматург Керез Зарлыкованыкы болсо сценарийин Керез Жукеева жазган. Башкы ролду Кыргыз-түрк Манас университетинде актерлукта окуп жаткан Малика Абдыразакова ойногон.

XS
SM
MD
LG