Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Эгемен өлкө. Демократиялуу коом. Эркин атуул


“Эгемен өлкө. Демократиялуу коом. Эркин атуул” илимий жыйынынын көрнөгү. 26.8.2016.
“Эгемен өлкө. Демократиялуу коом. Эркин атуул” илимий жыйынынын көрнөгү. 26.8.2016.

Баш оона (август) айынын 26сында Бишкекте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыкты жарыялашынын 25 жылдык мааракесине арналган “Эгемен өлкө. Демократиялуу коом. Эркин атуул” аттуу жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү. Т.Чоротегиндин жыйындагы сөзүнөн.

Мындан чейрек кылым илгери дал ушул айдын соңунда ал кездеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Советтер Биримдигинин теңата союздук жумурияттарынын бири болгон Кыргызстанды көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган. Ошентип, 25 жыл илгери кыргыз улуту өзүнүн эгемен мамлекетин калыбына келтирген.

Кыргызстандын эгемендиги жарыяланган Ак Үй.
Кыргызстандын эгемендиги жарыяланган Ак Үй.

Тарых барактарына кыскача көз жүгүртсөк, ата-бабаларыбыз бир кезде байыркы Кыргыз мамлекетин, Энесай Кыргыз каганатын, андан соң Карахандар каганаты, Моголстан, Кокон хандыгы, Ормондун хандыгы, Полот-хандын хандыгы сыяктуу көп этностуу бир катар мамлекеттерди, XX кылымдын башында болсо – 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш очокторундагы Канаат Ыбыке уулу, Мөкүш Шабдан уулу, Баатыркан Ногой уулу сыяктуу бабаларыбыз лидерлик кылган хандыктарды, Алаш Ордо (1917), Кокон автономиясы (1917) сыяктуу аз гана убакыт өкүм сүргөн мамлекет түрлөрүн негиздеген.

XX кылымдын башындагы кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүүгө багытталган күрөштүн туусун Кеңеш доорундагы автономиялык жана союздук макамга ээ болуу үчүн саясий жана айдыңдык күрөштүн каармандары андан ары көтөргөн.

Мурдагы падышалык оторчулук маалында эзилген этностордун талабы эске алынып, 1922-жылдын 30-декабрында Советтик Социалисттик Республикалар Биримдиги (СССР) түзүлүп, анын аймагында улуттук мамлекеттик бирикмелердин пайда болушуна өбөлгө түзүлгөн.

Эшенаалы Арабай уулу, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдыракманов сыяктуу чыгаан бабаларыбыздын ырааттуу күрөшүнүн натыйжасында, XX кылымдагы коммунисттик доордо Кыргызстанда советтик мамлекет түрлөрү пайда болгон.

Алар тууралуу бүгүн кеңири сөз болууда, ошого карабастан, аларды санап өтөлүк: 1922-жылы - Тоолуу облус түзүлүп, сталиндик буйрук менен кайра жоюлган; 1924-жылы Орусия Федерациясынын курамында Кара-Кыргыз автономиялык облусу түзүлгөн; кийинки жылы анын аталышынан “Кара” сөзү алынып салынган. 1926-жылы бул аймак Орусия Федерациясынын курамындагы Кыргыз автономдук советтик социалисттик жумурияты болуп жогоркураак макамга ээ болгон.

Ал эми 80 жыл илгери, 1936-жылы – бул Кыргыз АССРи Советтер Биримдигин түзгөн негизги жумурияттар менен теңата союздук жумурият - Кыргыз ССРи болуп жарыяланган.

СССРдин Башмыйзамында көрсөтүлгөн укугуна таянуу менен, Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 1991-жылдын август (баш оона) айынын 31инде Кыргызстандын мамлекеттик көз каранды эместигин жарыялаган.

Ала-Тоо жергесинде калыптандырган бабаларыбыздын тарыхый чыйыры, ошентип, акыркы 25 жыл ичинде мамлекеттик эгемендиктин шарапатына бөлөнүп улантылууда.

“Эгемен өлкө. Демократиялуу коом. Эркин атуул” аттуу жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйын маалында. Бишкек. 26.8.2016.
“Эгемен өлкө. Демократиялуу коом. Эркин атуул” аттуу жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйын маалында. Бишкек. 26.8.2016.

Биз, кыргыз атуулдары, азыркы тапта тек гана эгемен мамлекетте жашап чектелген жокпуз. Бүгүнкү илимий жыйындын “Эгемен өлкө. Демократиялуу коом. Эркин атуул” деген аталышынан айгинеленгендей, биз – эркин, демократиялуу коомдо жашап жатабыз. Бүгүнкү коомубузда Баш мыйзамды сактап калуу же өзгөртүү тууралуу ар кыл талкуулар тастыктап жаткандай, атуулдарыбыздын жекече эркиндиги, сөз эркиндиги, басма сөз эркиндиги чейрек кылымдын ичиндеги таберик кылчу эң башкы жеңип алуубуз болду.

XXI кылымдын башындагы кош элдик ыңкылаптан соң, 2010-жылдын 27-июнундагы конституциялык референдум өткөрүлүп, анын натыйжасында Кыргыз Республикасы парламенттик демократия системасын түптөөгө киришти. Бул дагы узак мөөнөттүк күрөштүн натыйжасы болду.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык 2016-жыл үчүн жарыяланган “Тарых жана маданият жылы” иш-чараларынын алкагында өлкөбүздө өткөрүлүп жаткан бул маданий иш-чаралардын айрымдары – 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн жана Улуу Үркүндүн 100 жылдык мааракесине арналса, башкалары - Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы, Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы жана Кыргызстандын мамлекеттик көз каранды эместикке жетишинин 25 жылдыгы сыяктуу мааракелерге арналууда.

Бул мааракелердин орток өзөгү бар. Ал – кыргыз улутунун көөнөргүс айдыңдык мурасы “Манас” дастанында чагылдырылган эркиндик, эгемендик урааны.

P.C.

Бул жумурияттык илимий жыйынды Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фонду, “Тарых жана маданият” жылын өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекция, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси биргелешип өткөрдү.

XS
SM
MD
LG