...1953-жылдын март айлары чени.
“Мидин Нарынга келиптир” деп уктук.
Мугалимдер институтунун үч-төрт студенти “Тянь-Шань правдасы” гезитинин редакциясына келдик.
Тегерек тарткан топ кыраан каткы күлкүгө баткан.
Башында эскилиги жеткен кара тумак, эски тыбыт моюнорооч, кара чокой, көзүнүн алды шишимек тартып, ортодо Мидин сайрап турат.
- Күндөрдүн биринде Райкан (Райкан Шүкүрбеков, 1913-1964. – ред.) экөөбүздү Борбордук Комитет чакырып калды. Ээрчишип жөнөдүк.
Экөөбүздүн кылык-жоругубуз эчак эле белгилүү болуптур.
Биринчи (катчынын) алдында маалымат жатат.
Жолдош Исхак Раззакович экөөбүздү алмак-салмак карап алды.
Карап туруп:
- Сиздер эл тааныган акындар болуп туруп, эмне үчүн аракты көп ичесиздер, жолдоштор? – деди.
- Жок, Исхак Раззакович! Биз вино гана ичебиз.
- Арак менен винонун айырмасы кайсы?
- Айырмасы жолдош Орозалиев менен Жакишовдой, - дедим эле, чоңдор күлүп калышты.
(Анда Керимкул Орозалиев өзү да отурган. Ал БКнын идеология боюнча катчысы, Жакишов – КыргызТАГдын бир өңүрүн жетектеген кызматкер эле. Бирөө өз атасынын, экинчиси – чоңатасынын атына катталып алган жакын туугандар экен).
Сырткы түрүбүзгө көз жүгүртүп алып:
- Көп ичет окшойсуңар? – деди Биринчи катчы.
- Жок, Исхак Раззакович! Аз эле ичебиз. 100 грамм. Анан өзү эле андан ары алып жүрүп кетет.
Кайрадан каткырык жаңырды.
- Үй-бүлөчүлүк да анча ынтымакта эмес ко? Үч аял кетирипсиз, ушул чынбы?
- Мен бир эле аял кетиргемин.
- Экөөнүчү?
- Экөө кайра мени кетирген, Исхак Раззакович!
Кайрадан жапырт күлүп калышты.
А.Акматалиев.
* * * * *
“Азаттыктын” Кыргызстандагы алгачкы жергиликтүү кабарчыларынын бири, журналист, этнограф, публицист Амантур Акматалиевдин (1934-2002) бул эскерүүсү Бекмырза Рахман уулу Жекембаевдин “Куйкум сөздүү куудулдар” жыйнагына (Бишкек, 2002, 64-65-беттер) жарыяланган.