Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:43

Кыргыз хоккейчилери жеңиш менен келеби?


Хоккей боюнча Кыргызстандын курамасы.
Хоккей боюнча Кыргызстандын курамасы.

Ушул күндөрү Кувейт өлкөсүндө хоккей боюнча “Азия чакырыгы” кубогунун оюндары өтүүдө. Мелдешке Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Оман, Индия жана Сингапурдун улуттук курамалары катышууда.

Кыргызстан курама командасы Кувейт менен 24-апрелде ойногону жатат.

Дуулат Абышов хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын эң жаш оюнчусу. Учурда 18 жашта. Ал улуттук кураманын катарында эки жылдан бери ойноп келет.

Былтыр "Азия чакырыгы" кубогунун оюндары Бишкекте өткөндө кыргыз хоккейчилери финалда Макао курамасына аз гана айырма менен 5:4 эсебинде утулуп, башкы олжодон куру калган эле. Ошол оюндарга катышып, тажрыйба топтогон Дуулат кыргыз хоккейчилери кетирген кемчиликтерден сабак алды дейт.

Хоккей боюнча Кыргызстандын курамасынын эң жаш оюнчусу Дуулат Абышов. 16-апрель, 2015-ж. Бишкек.
Хоккей боюнча Кыргызстандын курамасынын эң жаш оюнчусу Дуулат Абышов. 16-апрель, 2015-ж. Бишкек.

- Ал оюндар бизге аябай эле сабак болду. Жаракат алгандан оолак болуп, биринчи оюндарда эле жеңишке жетишкенде эрте сүйүнбөш керек экен. Ошол оюндарда көпчүлүк коргоочулар менен кошо мен дагы жаракат алып акыркы мүнөттө жакшы оюн көргөзө албай калдык. Макаону биринчи беттеште утканбыз. Кийин финалда тилекке каршы, аз айырма менен утулуп калганыбыз өкүнүчтүү болду.

Кувейт өлкөсүнө хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы 16-апрелде Бишкектен сапар алган. Улуттук курамага 22 оюнчу кирген. Алардын экөөсү дарбазачы. Андан сырткары курамга эки машыктыруучу жетекчилик кылууда. Ушул күнгө чейин 4 тур оюн болуп, кыргызстандыктар үч оюнда жеңишке жетип, бир жолу утулушту. 18-апрель күнү алгачкы оюнда башкы олжого негизги талапкерлердин бири болгон Малайзия курамасын кыргыз хоккейчилери 6:5 эсебинде утуп алышты.

Тилекке каршы, экинчи турда Сингапур курамасына 4:2 эсебинде жеңилип беришти. Андан кийин Оман курамасын 7:3, кийин 4-турда Индия курамасын ири айырма менен 9:1 эсебинде утуп алышты. Улуттук кураманын форварды Арлен Кыдырбаев Кувейт ысык өлкө болгондуктан аба ырайына көп оюнчулар көнө албай кыйынчылыктарга туш болушканын, ошондой болсо да жеңишке жетүү үчүн болгон күч - аракеттерин жумшап жатышкандыгын "Азаттыкка" айтып берди.

- Бизди жакшы тосуп алышты, жатаканалары, тамак-аштары жакшы экен. Бирок аба ырайы ысык болуп көнө албай аябай кыйналдык. Жатаканада, унаада абаны муздатуу үчүн кондиционерди көп колдонушкандыктан көп оюнчуларыбыз сасык тумоолоп ооруп калышты. Ошондой болсо да намысты коргоо үчүн аракет кылып, ар бир оюнда жеңишке жетүүгө аракет кылып жатабыз. Учурда алтын байгени алууга бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз.

Хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курамасын Кувейтке узатуу учуру. 16-апрель, 2015-ж. Бишкек.
Хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курамасын Кувейтке узатуу учуру. 16-апрель, 2015-ж. Бишкек.

"Азия чакырыгы" кубогунун оюндарына даярдануу үчүн кыргыз хоккейчилери үч айга жакын убакыт бою машыккан. Акыркы 10 күндүк машыгууга, спортчулардын кийимдерине жана жол киреге кеткен каражатты дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги каржылаган. 24-апрелде 5-турда Кыргызстан Кувейт менен ойнойт. Бул турдагы оюндардан кийин финалда ойной турган командалар аныкталат.

Команданын капитаны Аманбек Эсен уулу алтын байгени алуу башка максат экендигин айтып берди:

- Кыргызстан курамасы жаңы курамда жаш оюнчулар менен алгачкы жолу чет өлкөгө чыгып жатат. Кувейт менен кыргыз хоккейчилери Азия оюндарында беттешип утуп алган. Бирок ал кезде биздин команданын курамында оюнчулар башка болчу. Ал убакта ойногондордон беш-алтоо гана учурда биз менен ойноп жүрүшөт. Кувейттиктер мелдеш кожоюну болгондуктан мыкты даярданышып, башкы олжону өз жеринде алып калууга аракет кылышат. Бир ай Швецияда даярданышты деп уктук. Буюрса жеңиш менен келебиз.

“Азия чакырыгы” кубогунун оюндарында 4 турдагы беттештерден кийин бир да жолу утула элек Кувейт хоккейчилери 12 упай менен көч башында келе жатат. Үч жеңиш, бир жеңилүү менен эсебинде 9 упайлары бар Сингапур менен Кыргызстан киргизилген шайбалардын эсеби боюнча экинчи жана үчүнчү катарда жайгашууда. Сингапур хоккейчилери биринчи беттешинде Кувейт оюнчуларына жеңилген болчу. Алтын байге үчүн болгон оюн 25-апрелде болот. Башкы олжонун ээси кийинки жылы Азия чөлкөмүндөгү командалар арасында А дивизиондо ойноого мүмкүнчүлүк алат. Былтыр бул кубокту Макао курамасы уткан.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG