Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Кыргыз-кытай биргеликте Ли Бо тууралуу көркөм тасма жаратат


Кыргыз режиссеру Кытайдын “Бир алкак - бир жол” долбоорунун алкагында “Ли Бонун изи менен” аттуу тасма тартат. Бул тасманы эки өлкөнүн кино ишмерлери чогуу тартууну макулдашты. Кытай тарап каржылай турган тасманын сценарийин кытайлык кыргыз актёру Элчоро Курман жазган жана ал сценарийге ылайык окуя кыргыз жеринде өтөт. Жергиликтүү кино ишмерлер бул кызматташтык мындан ары да өнүгөт деп үмүттөнүшөт.

Дүйнөлүк адабиятта чыгыш поэзиясынын классикалык өкүлү катары өз орду бар кытайлык акын Ли Бо (Ли Бай) 701-жылы жарык дүйнөгө келген. Кино сценарий улуу акындын тарыхын изилдеп, из кууп жүргөн чет элдик каарман капысынан ажайып табияты, тоолору, маданияты таңдандырган керемет эл жашаган аймакка туш болгону менен башталат.

Изин издеткен акындын поэзиясында да так ушул сыяктуу ай түнөгөн тоолор, шаркыратма, жаратылыштын койнундагы эркиндик, тазалык бар эле.

Кытайдын Тан доорундагы (618–907) ханзулардын улуу акыны –Ли Бо (Ли-Бай; 701-762) азыркы Токмок шаарына жакын Ак-Бешим шаар чалдыбарынын ордунда жайгашкан Суйаб шаарында туулгандыгы жоромолдонот. Туулган жери боюнча башка да варианттар бар.
Кытайдын Тан доорундагы (618–907) ханзулардын улуу акыны –Ли Бо (Ли-Бай; 701-762) азыркы Токмок шаарына жакын Ак-Бешим шаар чалдыбарынын ордунда жайгашкан Суйаб шаарында туулгандыгы жоромолдонот. Туулган жери боюнча башка да варианттар бар.

Тарыхта Ли Бо (Ли Бай) азыркы Кыргызстандын аймагы болгон Токмок шаарына жакын жайгашкан байыркы Кытайдын Тан династиясына таандык болгон Суяб шаарында жарык дүйнөгө келген деген жоромол бар. Суйабдын орду - бүгүнкү Ак-Бешим шаар чалдыбары. (Албетте, Кытайда Ли Бону өз чөлкөмүнө таандык кылып талашкан аймактар арбын).

Ала-Тоонун кооздугу даңазаланган жаңы тасманы былтыр көрүүчүлөргө “Үркүн” тасмасын тартуулган режиссер Медин Үчүкеев (Учукеев) тартмакчы. Ал "Азаттык" үналгысына келишимдин жөн жайы тууралуу мындайча кеп салды:

- Кытай Улуу Жибек жолун жаңыртууда жүздөн ашык мамлекет менен саясый, экономикалык жактан чоң долбоорлорду баштаганын билебиз. Анын ичинде маданий байланыштарды арттыруу жаатында да максаттары бар экен. Ага ылайык жүз мамлекет менен биргеликте жүз тасма тартуу ишин алгач Кыргызстандан баштады. Оболу бул долбоорду алар Казакстан менен биргелешип ишке ашырууну көздөгөн экен. Бирок биз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин, кино тартууну биринчи биз менен баштамай болушту

Режиссёрго бул тасманы тартууну кытай тарап өздөрү сунуштаган. Учурда сценарий эки тилге которулуп, алымча-кошумча менен иштелип жатат:

- Анткени окуя Кыргызстанда өтүп жатат. Болгону Кытайдан актёрлук курам келет. Бирок кинонун 70 пайызы кыргыз тилинде сүйлөнөт. Биз бул жактан кытайча сүйлөнгөн сөздөрдүн баарын кыргыз тилинде которуп көрсөтөбүз. Ал эми Кытайда бул тасманы өздөрү ханзу тилине которуп алат. Кыргыз актёрлор кыргызча, кытай актёрлор кытайча ойной берет

Үчүкеевдин айтымында, келишим боюнча аталган тасмадагы актёрлук курамдын жетимиш пайызын кыргыз өнөрпоздору түзөт. Калганын кытайлык кыргыз актёру Элчоро Курман баштаган чет элдик өнөрпоздор толуктайт. Мындан сырткары режиссёр Кытай тарап фильмдин техникалык жана каржылык жагын камсыздай турганын айтты.

“Ли Бонун изи менен” фильмин тартуу келишими Бишкекте "Seven Sky" кино студиясы менен түзүлдү.

Аталган студиянын жетекчиси Талант Рысалиев бул кызматташтык мындан ары да өнүгөт деп ишенет:

- Биз кино тартуудан сырткары бири-бирибиздин тасмаларыбызды которуу боюнча да сөз кылдык. Биздин студия буга чейин тасма которуу боюнча иштеп келген. Алар бизге Кытайда бир нече жакшы кинолор бар экенин айтып, которууну сунуш кылышты. Буйруса, бул жаатта да иштешебиз. Бирок ал жумуштарды жогорудагы тасманы тартып бүткөндөн кийин баштайбыз.

Рысалиев негизинен кыргыз-кытай кино ишмерлери эки багытта иш жүргүзүүгө белсенип жатканын: аны биринчиси чогуу тасма тартуу болсо, экинчиси кыргыз кинолорун кытай тилине, кытай кинолорун кыргыз тилине которуу экенин айтты.

Кинематографисттер бирлигинин төрагасы Таалай Кулмендеев кыргыз кинолорун Кытай базарына киргизүү аракети азырынча кыял болуп калышы мүмкүн экенин айтып, анткен менен жеке студиялардын Кытай сыяктуу чоң дөөлөттөр менен кино жаатында кызматташтыкка бара баштаганы жакшы көрүнүш экенин кошумчалады:

- Мисалы, кино жаралгандан бери, эгемендик алганыбыздан бери биз Кытай менен кино жаатында такыр эле байланышта болгон жокбуз да. Кытай кинолору Кыргызстанда же кыргыз кинолору Кытайда коюлганын уккан эмесмин. Биз интернет аркылуу гана кытай кинолору кандай деңгээлде өнүгүп жатканын билип келебиз. Бул жагынан алып караганда азыркы балдардын катнаш түзүп, аракет кылып жатканы баалоого арзыйт.

Кулмендеевдин пикиринде, “Бир алкак - бир жол” долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн маданий байланыштардан чочулап кереги жок.

Кытай 2013-жылы Евразия өлкөлөрүнүн ортосунда байланышты жана инфраструктураны орток түзүүгө багытталган “Бир алкак – бир жол” деген аталыштагы экономикалык өнүгүүнүн жаңы стратегиясын жарыялаган.

Бул дипломатиялык демилге Орусия жана Борбордук Азия аркылуу кургактык менен Чыгыштан Батышка, ошондой эле, мухит соода жолу аркылуу да Чыгыш Азиядан башка континенттердеги мамлекеттерге жеңилдетилген тартипте товарларды түз жеткирчү соода өткөөлүн жандандырууну жана маданий карым-катнаштарды чыңдоону көздөйт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG