Кыргыз авиациясына 90 жыл: унутулган эски аэропорт
Кыргыз авиациясынын түптөлгөнүнө быйыл 90 жыл толду. Бул дата 1933-жылдын 7-октябрында Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар кеңешинин токтому менен белгиленген. Кыргызстандын аймагына алгачкы жолу учакты финляндиялык Теодор Суопио кондурган. Ал Ю–13 учагын Бишкектин чок ортосуна 1927-жылы учуруп келген. Өлкөдөгү эң биринчи аэропорт Бишкектин четиндеги Папеновка айылында 1933-жылы түптөлгөн. Анын имараты 1940-жылы курулган. Азыр бул аэропорттун имараты эле сакталып калган. "Азаттык" Кыргызстандагы алгачкы аба майдандын архивдик сүрөттөрүн чогултту.

1
Фрунзе аэропорту. Бул аэропорт 1940-жылы курулган. Ага чейин учкучтар шаардын четиндеги ушул бош жаткан талааны учактарды кондуруп, учуруу үчүн пайдаланган. 1977-жыл.

2
Фрунзе шаарындагы аба майданда тизилип турган учактар. 1955-жыл.

3
Фрунзе аэропортуна учуп келген биринчи Ил-18 учагы. 1957-жыл. Ил-18 Советтер Союзунун жарандык авиация үчүн чыгарылган алгачкы учагы. 75 кишиге ылайыкташкан. Учак 1957-жылы сыноодон өтүп, 1978-жылга чейин чыгарылган.

4
Кыргыз ССРинин жарандык авиациясынын командири, учкуч Ишенбай Абдраимов (солдо) жана Кыргызстан КПБКнын биринчи катчысы Исхак Раззаков Фрунзе аэропорту. 1958-жыл.
Ишенбай Абдраимов 1966-жылы Советтер Союзундагы эң биринчи эмгек сиңирген учкуч наамын алган. Өлкөдөгү авиациянын демилгечиси, уюштуруучусу, жетекчиси жана эң биринчи кыргыз учкуч Абдраимов Кыргызстандагы 1-класс стандартындагы аба майданды курдурган. Ал өлкөнүн тоолуу аймактарына У–2, Ли–2 жана Ил–18 учактары менен алгачкы жолу учкан. Бишкектеги авиациялык институт анын ысымын алып жүрөт.

5
Учакта отурган жүргүнчүлөр жана стюардесса.

6
Фрунзе аэропортунун 1957-жылдагы көрүнүшү.

7
Аба майдандын 1960-жылдардагы көрүнүшү. Бул аба майдан 1981-жылга чейин иштеген.

8
Жүргүнчүлөрдү ташыган автопоезд. 1982-жыл.

9
Ил-18 учагына отуруп жаткан жүргүнчүлөр. 1982-жыл. 1974-жылы "Манас" аэропорту курулуп, 80-жылдардын башында жабылган.

10
Эски аэропорттун көрүнүшү. 1964-жыл. Аба майдандын имаратында "Кош келипсиз урматтуу Никита Сергеевич" деп жазылып турат.
Никита Хрущев 1953-жылдан 1964-жылга чейин СССРдин Компартиясынын баш катчысы болгон.
Никита Хрущев 1953-жылдан 1964-жылга чейин СССРдин Компартиясынын баш катчысы болгон.

11
1970-жылдардын башындагы эски аэропорттун көрүнүшү.

12
Эски аэропорттун имаратынын бүгүнкү көрүнүшү. Аэропорт иштебей калгандан кийин анын айланасына көп кабаттуу үйлөр курулуп, тарыхый имарат бир караганда байкалбай да калат.

13
Учурда аэропорттун имараты ИИМге өткөрүп берилген.

14
Эски аэропорттун ордуна акырындык менен көп кабаттуу турак үйлөр курулуп баратат. 2023-жыл.