Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Кыргыз туусун желбиретчү жаштар бар


Урматтуу мекендештер !!!

Кыргыз Республикасы ­өз эгемендүүлүгүн алганына быйыл туура 23 жылдын жүзү болду. 23 жыл бою мамлекетибиз гүлдөп, өсүп-өнүккөн мамлекеттердин катарына кирет деген ишеничте, канчалаган атактуу, залкар инсандарыбыз өз аракеттерин кылып келишти, бирок тилекке каршы, алар да бул дүйнө менен кош айтышып кеттишти. Ошентсе да Кыргызстандын келечегин Кыргызстанда жашаган ар бир жаран элибиздин бутуна туруп кетишине үмүт кылып өз салымдарын кошуп келет.

Кыргызстан үчүн күйгөн эр-азаматтар арабызда жок эмес. Кыргыздын мыкты уулдары чет мамлекетке барып билим, тажрыйба алып, топтогон тажрыйбасын өз мамлекетине колдонуп жаткан чагы. Мамлекетибиз өтө жаш болгонуна карабастан, өлкөдө көптөгөн өзгөрүүлөр, ошону менен катар кубанычтуу, өкүнүчтүү да окуялар да болуп кетти.

Бүгүнкү күндө, мамлекетибиздин ирдениши үчүн бардык аракеттер жумшалууда.

Эгер басып өткөн жолубузга кылчайып көз чаптырсак, союз тарагандан бери жаңы төрөлгөн жаш баладай өзүбүздүн киндигибизди өзүбүз кескендей болуп, эгемендүүлүктү алгандан баштап, көптөгөн окуялар болду.

Кыргыз эли абдан намыскөй, айкөл, чыдамкай. Бирок ошого карабай бийлик тарабынан мамлекеттик жогорку кызматтарга дайындоолор тез-тез алмашып, туруксуздук жаратып, үй-бүлөлүк кийлигишүүлөргө жол берилип, өлкөбүздүн экономикасын солгундатып, кымбатчылык күчөп, ар бир үй-бүлө көптөгөн кыйынчылыктарды жон териси менен тартып, акырында нааразык күчөп, 2005-жылдын 24-мартында биринчи революция болуп өттү.

Көп өтпөй эле электр энергиянын тарифинин кымбатташына, уюлдук телефондун биринчи минутасындагы 60 тыйындын алынышы, үй-бүлөлүк башкаруу системасына кийинки бийликтин жол берүүсү жана дагы башка көптөгөн катачылыктар элди дагы нааразы кылды. 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революцияда сексенден ашык баатырларыбыз курман болду. Андан кийин июнь окуясы башталып кетти, бейкүнөө жандар каза тапты, өлкөбүздөн экономикасы жабыр тартты.

Жумушсуздуктун күчөшү менен уул-кыздарыбыз Орусияга агылып, ал жактан ар кандай окуяларга туш болуп жатканы зээниңди кейитет. Мындай көрүнүштөргө дуушар болгон элибизге мамлекеттин да күнөөсү бар. Мамлекет жаштарды жумуш менен камсыз кыла албады, тиешелүү жардам бере албады. Муну биз моюнга алабыз.

Мына бүгүнкү күндө Апрель окуясы боюнча козголгон иш аягына чыгып, күнөөлүүлөр өз жазасын ала элек. Бул дагы болсо азыркы күндөгү сот реформасынын аксаганынан кабар берет.

Мамлекетибиздин алдында дагы бир тарыхый окуя болгону турат, бул биздин Бажы биримдигине киришибиз. Бажы биримдигине кирүү үчүн жол картасын чийип, мүмкүн болушунча тезирээк кирүүгө аракеттерин көрүп жатышат. Себеби, бизде өнөр жай тармагы жакшы өнүгө албай жатат, ал эми Бажы биримдиги аны өстүрүүгө жана өнүктүрүүгө чоң жардам берет. Жакын арада ал да даяр болуп калат. Бул Бажы биримдиги биздин экономикабызга жакшы киреше алып келет деген ишеничтебиз.

Бажы биримдигине кирүү менен өлкөбүздүн экономикасын бир кыйла алдыга жылдырабыз деген ойдобуз, биз агрардык өлкө болгондуктан, биздин агрардык сектор алдыга жылаары шексиз, ошондуктан биз дыйкандардын эмгегин ар тараптан колдоого алышыбыз керек. Айыл чарба товарларын экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз абзел, ошол эле убакта энергосекторду дагы өнүктүрүү зарыл.

Ички сырткы инвесторлорду тартууга жана алардын укуктарын коргоого дагы чоң көңүл бурушубуз керек, алардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен чакан жана орто бизнестердин абалын жакшыртабыз жана жумушка жарандуу калкыбыздын көпчүлүгүн иш менен камсыз болооруна, ошондой эле экономикага жакшы натыйжа берерине ишенич бар.

Жарандарды биометрикалык паспорттор менен камсыз кылуу дагы, мындан ары шайлоолор таза өтөт жана жарандарыбыздын, шайлоого болгон мамилеси жана өлкөбүздүн коопсуздугуна да оң натыйжасын берет деген ишеничтебиз. Өкмөт биометрикалык паспорттор менен жарандарды камсыз кылууда көп иштерди жүргүзүп жатат.

Мындан ары мамлекетибиздин өнүгүшүнө, элибиздин жашоо-турмушунун оңолушуна аракеттерди көрөбүз. Ошону менен катар ар бир мен “кыргызмын” - деген атуул мамлекеттин өнүгүшүнө кызыкдар болуп, мамлекетибизге кичине болсо да өз салымдарыңарды кошуп, жардамыңарды аябастан колдон келишинче “Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаралы” - деп айтаар элем. Ынтымактуу болсок, биз баарын жеңебиз. Мамлекетибизде тынчтык жана стабилдүүлүк орноп, алга карай кадам таштайлы.

Чынында мактана турган эч нерсе деле жок, болгону эгемен мамлекет болгонубуз менен ар кимден карызга сурап, өзгөчө Орусияга көз каранды болгонубуз эгемендиктин белгисиби? Башталганча мактанбай, бүткөндө мактан – демекчи биздин мамлекетибиздин башында эле бийликтин башында турган эр-азаматтарыбыз туура багытты тандап, ошол максатты көздөгөндө башкача болот беле деген ой кетет. Бийлик башындагылар жумуртканын сасыткысындай, бир кумалак майды бир карын чиритет болуп, башынан кыргыз элинин келечегин ойлогон эч ким болгон жок, ойлосо да ал адамдарга бут тосуп, накта патриот элибиздин шагын сындырган өзүбүздүн эле көрө албастарыбыз. Жалаң гана керт башын ойлогон, ача туяктуу кепшөөчү айбандын бир түрүндөй эле мамиле кылган чоңдордун мамилеси элибиздин кыжырын кайнатат.

Ошентсе да кыргыз эли кыйын, намыскөй, айкөл, ак көңүлдүү, боорукердиги менен башка мамлекеттерден айырмаланып турат. Мен ишенем, кыргыз элин көтөрүп кете турган чыгаан кыргыз эр-азаматтар барына, мен ишенем алар бир күнү күндүн жарыгындай жаркылдап, түнкү жылдыздардай болуп Кыргызстандын желегин желбиретип алыстан таанытат. Кыргызстан өсө турган мамлекет! Болгону биз пейилди кенен коюп, бирибизге жөлөк, бирибизге таяк болуп жардамдашып, үйрөтүп, колдоочу жерден колдоп кетсек жакшы болмок! Кандай болгон күндө да кыргыз илгертеден келген өчпөс мамлекет, КЫРГЫЗСТАН аты өчпөсүнө кайрадан жанып өсүшүнө ишенем!

Майрамыңыздар менен менин жердештерим, туугандарым!

Канат Акматбеков

XS
SM
MD
LG