Кумтөрдүн келечеги кандай болот?
Кыргыз бийлиги менен Канаданын “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы талаш-тартышты чечкен макулдашууга кол коюлду. Президент Садыр Жапаров кайрылуу жасап, Кыргызстан эң чоң алтын кенине толук ээлик кыларын жарыялады. Өлкө эгемендик алгандан бери чуусу басылбаган кен боюнча келишимдин шарттары кандай? Кыргызстанга толугу менен өткөн Кумтөр кантип иштетилет? Бул суроолорду "Эксперттер талдайт" программасында талкуулайбыз. Талкууга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев, парламенттин экс-депутаты, Кумтөр боюнча иштеп келе жаткан активист Эркингүл Иманкожоева, Кыргызстандагы тоо кенчилер бирлигинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков жана аналитик Эмиль Каниметов катышты.
Чыгарылыштар
- 
![Жогорку Кеңеш кезексиз таркады. Шайлоо кандай өтөт?]() Сентябрь 25, 2025 Сентябрь 25, 2025Жогорку Кеңеш кезексиз таркады. Шайлоо кандай өтөт?
- 
![Менчик кол тийбестиги коркунучтабы?]() Сентябрь 19, 2025 Сентябрь 19, 2025Менчик кол тийбестиги коркунучтабы?
- 
![Жогорку Кеңеш: Эрте шайлоого камылга башталдыбы?]() Сентябрь 11, 2025 Сентябрь 11, 2025Жогорку Кеңеш: Эрте шайлоого камылга башталдыбы?
- 
![Эгемен элдин келечеги: Эркин өлкө, ачык коом, изденген муун]() Август 29, 2025 Август 29, 2025Эгемен элдин келечеги: Эркин өлкө, ачык коом, изденген муун
- 
![“Снос” өнөктүгү: Үй-жайы бузулгандардын үнүн ким угат?]() Август 11, 2025 Август 11, 2025“Снос” өнөктүгү: Үй-жайы бузулгандардын үнүн ким угат?
- 
![Жапаровдун Москва сапарынын мигранттарга жарыгы тийеби?]() Июль 03, 2025 Июль 03, 2025Жапаровдун Москва сапарынын мигранттарга жарыгы тийеби?
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
