* * * * * * *
— Беня, бөркүңдөй көрө берчү окуя болот: биз беш жылдан кийин Европадагыдан да мыкты жашап калабыз!
— Ал жакта 5 жылда кыйсыпыр түшүп калышат бекен?
* * * * * * *
— Изя, эки миллиондой ливандык жемкорлукка каршы көчөгө чыгышыптыр дешет. Ушундай окуя биздин Орусиябызда болушу мүмкүнбү?
— Сёма, өзүң акылдуу элесиң, бир ойлоп көрсөң: жалпы Орусиябызда 2 миллион ливандыкты каяктан тапмак элек?
* * * * * * *
— Параны жемкорлуктан кантип айырмалай алабыз?
— Өтө жөнөкөй: пара — бул киши акча алып, өз сөзүн аткаргандыгысы, а жемкорлук — бул учурда киши акчаны да алат, бирок аткарбай да коёт...
* * * * * * *
— Моня, маалкатпастан келе калчы эми, шорпо бышканы качан!
— Аны эмнеден жасадың?
— Чыдамымдын акыркы бүртүгүнөн!
* * * * * * *
Сара Абрамовна терезеден сыртка карап, короодогу уулуна кыйкырат дейт:
— Боря! Сен Изяны анча берилип токмоктой бербечи! Тердеп кетсең, тумоолоп калышың мүмкүн!
* * * * * * *
Тажрыйбасы укмуш Соломон Маркович жаш коңшусуна турмуштук сабак берди:
— Лёва, мени ук да, мээңе түйүп алгын: аял — бул ар дайым сюрприз, бирок баары бир эч качан белек болбойт!
* * * * * * *
— Изя, айланайын, апаңа кулак салып койчу! Эгерде сага Роза жагып турса, анда убакытты текке кетирбегин: аялзаты эч качан жашарбайт, бирок убакыт өткөн сайын акылдуу боло баштайт. Анан сенин ага үйлөнүү үчүн келген удулуң азайгандан азая берет!
* * * * * * *
— Фима, болдучу эми, байболгур!
— Софочка, мен сага бир да сөз айтпадым го?..
— Бирок сен дабышты өтө чоң чыгарып ойлонуп жатасың!
* * * * * * *
— Египетте уча албай кармалып жаткан 45 миң орусиялык туристти чыгарып кетүү үчүн эмне кылыш керек?
— Бирабижан шаарынан география сабагы мугалими Моисей Абрамович Рабиновичти ошоякка жөнөтүү керек.
* * * * * * *
— Бул “одессалык анекдот” дегениң эмне, өзү?
— Бул – келгин кишилер эч түшүнө албаган, ал эми жергиликтүүлөр эчак эле чоң ата-чоң апасынан уккан азил…
* * * * * * *
(TT)