Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

Көчө мушташын культка, эрежесиз урушту эрежеге айлантабызбы?


Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.
Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу.
  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
UFC чемпиону, орусиялык Хабиб Нурмагомедовду күйөрмандары тосуп алууда. Дагестан, Махачкала. 2018-жыл. Иллюстрация.
UFC чемпиону, орусиялык Хабиб Нурмагомедовду күйөрмандары тосуп алууда. Дагестан, Махачкала. 2018-жыл. Иллюстрация.

Сооронбай Жээнбеков Ак үйдө турганда эрежесиз мушташтын чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алышын президенттин айланасындагылардын айласыз иши го деп боолгологом алгач. “Жаштар арасында популярдуу, ушуну кабыл алсаңыз жерде сулап жаткан рейтингиңиз бир аз баш көтөрөт, эл күнүгө кетирип жаткан кемчиликтерден алаксыйт, тынбай иштеп жаткан, спортко көңүл бөлгөн киши болуп көрүнөсүз” деп ынандырса керек.

Адатта кылаарга иш, салаарга куш жок калганда президенттердин тегерегиндегилер аргасыздан иштеп жаткан түр көрсөтүүнүн түркүн формасын ойлоп табат.

Бирок президент Жээнбеков бир эле кабыл алып тим болбой, улам кезигип, алыстагы мушкерге телефон чала баштады. Ага удаа спикер, премьерлер кабыл алды убагында. Шевченко - эрежесиз мушташта көп кыз-келинди жулмалап сабаган мушкер. Аял киши болсо да кыргыздар ага калпак да кийгиздик, уча тарттык, айтор төргө чыгардык, төбөбүзгө көтөрдүк. Ошондо гана жандалбастаган аракет, жармач пиар гана эмес, сыркоонун симптомун байкадым. Тентектер, бейбаштар, арам акчанын ээлери, эч бир эреже сактабай мөрөй алып көнгөн шылуундар коомго жугузган илдеттин белгиси. Оору өтүшүп, өнөкөткө айланып баратат окшойт. Вирустун алып жүрүүчүлөрү жогорку даражалуу кызматтагылар болсо, андан кийинкилери жабалактап туш-тушка таратып жатса, коом биротоло ооруй баштаган окшойт.

Эми ошону менен тынч калбаптырбыз. Ушул эле эрежесиз мушташтын чемпиону, орусиялык Хабиб Нурмагомедовдун ар бир жеңишине төбөсү көккө жетип, анын Кыргызстанга келишин коомчулук Юпитерге спутник учургандай эле кабыл алат. Бийликтеги чиновниктер сый-урмат менен кабыл алат, байбачалар коноктойт, акындар төшөлүп ырдайт, ырчылар обонго салат, айтор улуттук баатырдай эле урматка бөлөйбүз

Ал аз келгенсип мамлекеттик деңгээлдеги ишке айлантабыз. Хабиб менен чектелбестен, анын атасынын урматына “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасы почта маркасын чыгарып жиберди.

“Орошон салтанатка” ишкананын жетекчиси катышып, кол коюп, ири ийгилик катары даназалашты. Же алар бааласа экен.

Кыргыз спортчусунун урматына ошол эле Орусияда марка чыгарылганын укпаптырмын. А балким, биздин кайсы бир эрежесиз мушташтын “чыгаанынын” атасынын урматына КМШ мамлекеттеринин биринде марка чыгарылып, ушундай урмат-сыйга ээ болсо, анда ак чөп башта. Билгендери мыйыгынан күлүп, башкалары ичинен “бечара кыргыздар” деген чыгар.

Жөн эле чычалай бербейин, балким, дүйнөдө абройлуу спорт чыгар деп, ММА аталган эрежесиз уруштун дүйнөлүк спортто кадырын түрдүү булактан эринбей иликтедим. Атына жараша уруш, олимпиадалык түргө кирбеген, бизге окшогон сейрек өлкөлөрдө гана популярдуу мушташ экен.

Биз тигинтип кыйын мушташкан орус жараны Хабибди көкөлөтүп, айга-күнгө теңеп жатканда Өзбекстанда окуя тууралуу маалымат жарыяланды. Президент Мирзиеев шахмат боюнча Индияда өткөн Бүткүл дүйнөлүк шахмат мелдешинде утуп алган өзбек жаштарына автоунаа сыяктуу баалуу сыйлыктарды ыйгарыптыр.

Маселе белектин баасында же акчанын суммасында деле эмес. Кеп кайсы спорттун түрү, кандай жеңиши үчүн кимге урмат-сый көргөзүлүп жаткандыгында. Кеп анын мазмунунда. Батыштын же Чыгыштын мамлекеттеринин саясатчылары эрежесиз мушташтын мыктыларын Кыргызстандын кыйындары сыяктуу өзгөчө, ашкере урмат-сыйга бөлөбөйт экен.

Ири державаларды койдум, бу биздин тегеректеги өлкөлөрдүн саясатчылары, жетекчилери ММА чемпиондорун кабат-кабат кабыл алганын окуганым жок.

Демек, бизде спорттун түрүнө карата мамиле биздин жалпы интеллектуалдык, маданий, саясий деңгээлди каңкуулап туру. Биздин өзүбүзгө карата мамилени кыйыткан шекилди. Биздин коомдун абалын көрсөтүп турат. Бейбаштардын арасында популярдуу мушташ мамлекеттик кызматкерлер, саясатчылар арасында да кадыры артык тура, көрсө.

Алар да эрежесиз мушташты эрежесиз болгону үчүн кадырлайт окшобойбу. Болбосо башка түрлөрү даңазаланбайт беле. Чаап, тиштеп, тээп, апчып, тытып, муунтуп, мыкаачылык менен атаандашын сабаган сымал, эрежесиз жеңишке жетүү жападан жалгыз эрежеге айланып баратабы, кашайып. Оюнду койдук, кас душман менен кандуу кармашта да эрежелер сакталар эле.


Уучубуз кур эмес. Илимдин тармагы, маданияттын, искусствонун кайсы бир түрү боюнча же бизнесте ийгиликке жеткен жаштарыбыз бар. Анда-санда аты угулса, сыймыктанып, алардын боосу бекем болсо экен деп сүрөп калабыз. Бирок да ошондой мыкты уул-кыздарыбызды коомчулук Хабибдей билбейт, баалабайт, Шевченкодой көкөлөтпөйт, ал тургай кабары жок.

Сүрөөнчүсү арбын мушкер келсе же атанган бандит өлүп жатса, окумуштуу кыргыз кызынын химиядагы ийгилиги, шахматист баланын жеңиши, музыкант өспүрүмдүн сонун концерти, окумуштуу жигиттин илимий ачылышы кимди кызыктырмак эле. Миңдеген киши жабалактап, бирине бири бөлүшө турган окуя болуп жатса, илимпоз кыргыз жараны же чет жердеги мекендешибиздин ийгилиги тууралуу жаңылыкты ким жазат да, ким окуйт.

"Флешмоб коомдо", утурумдук саясат үстөмдүк кылган жерде популист саясатчыга калктын көңүлүн бурбай турган олуттуу маселе, мисалы илимий тема, ачылыш, илимпоз инсан мөрөй алып келбейт. Ага керексиз. Убактысы жок, түшүнүүгө, ишке ашырууга чама-чаркы аз. Ошондуктан кызматкерлер ага маани бербейт, маалымат каражаттары кыйгап өтөт, коом беймаалым.

Маданияттын көп аныктамасы бар. Маданият баалуулуктар тутуму жана нарк эрежелеринин жандуу системасы. Бүгүн биз көчө мушташын саясатта идеалга, жүрүм-турумда үлгүгө, чогулуп алып баш урган культка айлантсак, эртең биздин балдар ким болот? Биз баары бир кетебиз, бизди көргөн кийинки муун кантет, кайран өлкөнү кайда алпарат? Бизди ойлонткон нерселер, маңдайыбызда турган суроолор коомдун күрөө тамырын кармап турууга милдеттүү болгон соң, тиешелүү мамлекеттик кызматкерлерди да түйшөлтүүгө тийиш.

Алмаз Кулматов, коомдук ишмер

Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG