Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Үй-жайы жоктор «өзгөчө абалда» калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өлкөнүн айрым аймактарына киргизилген карантинге байланыштуу белгилүү сааттарда көчөдө эч ким жүрбөшү керек. Ал эми үй-жайсыз селсаяктар мындай шартта кайда баш калкалап жатат? Алардын абалынан кабар алдык.

37 жаштагы Айжан (аты өзгөртүлдү) үй-жайы жок, көчөдө жашачу. Карантин башталгандан кийин селсаяктарды кабыл алган борборго келип баш калкалоого мажбур болгон экен.

«Мен кайрымдуулук фонддору бар экенин угуп жүрчүмүн, - дейт ал. - Бирок так даректерин билчү эмесмин. Ошондуктан чиркөөгө бардым. Анан алар мага «Коломтонун» дарегин беришти. Эки жумадан бери ушул жактамын. Мени дароо жакшы кабыл алышты».

«Коломтодо» учурда Айжан менен кошо 70тей адам баш калкалап жатат. Бирок борбор азыр карантин үчүн жабылган. Бишкек шаарынын мэринин коомдук кеңешчиси Гуля Алманбетова ал жакта бардык санитардык нормалар аткарылып, сыртка эч ким чыкпай жатканын билдирди.

Көчөдө калгандарга баш паанек берген борборлордун дагы бири - «Боорукерлик үйү». Мында жалгыз балалуу аялдар баш калкалай алат. «Боорукерлик үйүнүн» жетекчиси Роза Асаналиева алар да карантин шартында иштеп жатышканын, бирок жарымынан көбү шартка байланыштуу чыгарылганын айтты:

«Азыркы күндө 20 киши бар: 7 аял, 13 бала. 13-14 аял чыгып кетти. Негизи биз алты айга чейин кармайбыз. Убактысы алты айдан өтүп кеткендер кетишти. Кээ бир аялдарды күйөөлөрү алып кетти, ал эми боюнда бар, төрөйүн деп калган бир аялды кайнежеси алып кетти. Биз жободон чыгып жатабыз. Борбордун эрежесине ылайык бир маал эле тамак бериш керек, а биз үч маал тамак берип жатабыз. Карантин кылып койгондуктан аялдар эч жакка чыга албай, иштей албай калышты. Кудайга шүгүр, ушул күнгө чейин эч ким ооруган жок».

Роза Асаналиева борборго жаңы адамдарды убактылуу кабыл албай жатканын, анткени учурда жашап жаткан 20 адамдын ден соолугу үчүн бул кооптуу болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Мэриянын эсеби боюнча Бишкек шаарында жалпысынан үй-жайы жок 1100 киши бар. Жогорудагы эки борбордон сырткары башка жайлар азыр ишин токтоткон. Бирок мэрия кайрымдуулук фонддорунун жардамы менен дагы анча-мынча үй-жайсыздарды ысык тамак менен камсыз кылууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу Гуля Алманбетова билдирди:

«Көчөдө калган дагы бир нече жарандарыбыз бар. «Өмүр фонтаны» деп аталган кайрымдуулук уюму Васильев 163 дарегинде жайгашкан. Ал жакта күнүнө 30-35 кишиге ысык тамак берип жатышат. Убактысын өздөрү билишет. Келип, колу-башын жууп, дезинфекциялык тазалоо иштеринен өтүп тамак ичип кетишет. Азыр көчөдө салбырап жүргөндөр жокко эсе. Милиция кызматкерлери «биз селсаяктарды алып келген жокпуз» деп маалымат берип жатышат».

Ал эми үй-жайсыз адамдар менен иш алып барган «Ачык эшик» коомдук бирикмесинин жетекчиси Давлет Нарматов бүгүнкү кырдаалда көчөдө калгандардын акыбалы оор экенин билдирди. Ал карантин учурунда андай адамдардын баарын баш калкалоочу жайларда кармаш керек экенин, бирок шаарда андай жайлар жетишсиз экенин айтты:

Ар бир районго 30 кишилик гана баш калкалоочу жай ачылган. Ал эми Бишкек шаарында жалпы 1300дөй үй-жайы жок адам бар.

«Биринчиден, мэрия төрт районго бириктирген кезде да 180 гана адамды кармаганы укугу бар. Ар бир районго 30 кишилик гана баш калкалоочу жай ачылган. Ал эми Бишкек шаарында жалпы 1300дөй үй-жайы жок адам бар. «Коломтодо» 60 гана адам болсо, калганы көчөдө эле жүрөт. Мисалы, азыр эле «Орто-Сайдын» тегерегинде 15тей үй-жайы жок киши жүрөт. Айрымдары Ош базарынын тегерегинде жүрүшөт. Шише алган жерлер да азыр жабык да. Булар ошолор менен күн көрүшчү. Ошондуктан азыркы учурда көчөдө калгандардын акыбалы өтө оор».

Давлет Нарматов мындай адамдар да коронавирусту жугузуп алууда кооптуу топко кирерин баса белгиледи.

Кыргызстандын айрым аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылган. Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда, кийин 14-апрелден тартып Нарын шаары менен Ат-Башы районунан да коменданттык саат киргизилген. Ага ылайык, саат 21:00 – 06:00 аралыгында көчөдө адам да, машине да жүрбөшү керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG