Кытайдын Ханчжоу шаарында 19-жайкы Азия оюндары расмий ачылды. Салтанат 80 миң кишиге ылайыкташкан Ханчжоу шаарындагы "Чоң лотос" Олимпиадалык стадионунда өтүп, ага Кытайдын лидери Си Цзинпин да катышты. Оюндарга Кыргызстандан Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов, Айбек Кубанычбек уулу, Гүлшанай Сатарова баштаган 164 спортчу катышып жатат.
Ханчжоу: Азия оюндарынын ачылышы
![Азия оюндарынан ачылуу аземинде уюштуруучулар жүздөгөн бийчилерден турган кызыктуу шоу программаны көрсөтүштү. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-222a-08dbbc65ff70_w1024_q10_s.jpg)
1
Азия оюндарынан ачылуу аземинде уюштуруучулар жүздөгөн бийчилерден турган кызыктуу шоу программаны көрсөтүштү.
![Азия оюндарына 45 өлкөдөн 12 500 спортчу катышып жатат. Спортчулар спорттун 40 түрүнөн мелдешет. Мелдештердин арасында өзгөчө деп саналган "ажыдаар-кайыктардын" жарышы да бар. . ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-b35e-08dbbc676182_w1024_q10_s.jpg)
2
Азия оюндарына 45 өлкөдөн 12 500 спортчу катышып жатат. Спортчулар спорттун 40 түрүнөн мелдешет. Мелдештердин арасында өзгөчө деп саналган "ажыдаар-кайыктардын" жарышы да бар. .
![Кыргызстан курама командасы Азия оюндарынын ачылыш аземинде. Азия оюндарына Кыргызстандан 164 спортчу катышат. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-4dd6-08dbbce15014_w1024_q10_s.jpg)
3
Кыргызстан курама командасы Азия оюндарынын ачылыш аземинде. Азия оюндарына Кыргызстандан 164 спортчу катышат.
![Кыргызстандыктар спорттун 23 түрү боюнча катышат: бокс, сууда сүзүү, ок атуу, жаа атуу, дзюдо, оор атлетика, күрөш (кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөш, грек-рим күрөшү), каратэ, фехтование, жеңил атлетика, каноэ жана байдаркада сүзүү, заманбап спорттун беш түрү, таэквондо WT, триатлон, волейбол, шахмат, ушу саньшоу, кибер спорт, жиу-житсу, баскетбол 3х3, көркөм гимнастика, футбол, күрөш.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-856e-08dbbce1500a_w1024_q10_s.jpg)
4
Кыргызстандыктар спорттун 23 түрү боюнча катышат: бокс, сууда сүзүү, ок атуу, жаа атуу, дзюдо, оор атлетика, күрөш (кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөш, грек-рим күрөшү), каратэ, фехтование, жеңил атлетика, каноэ жана байдаркада сүзүү, заманбап спорттун беш түрү, таэквондо WT, триатлон, волейбол, шахмат, ушу саньшоу, кибер спорт, жиу-житсу, баскетбол 3х3, көркөм гимнастика, футбол, күрөш.
![Азия оюндары Ханчжоу шаарынан башка дагы беш шаарда өтөт. Бул Азия оюндары 2022-жылы жылы өтүшү керек эле. Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2023-жылга калтырылган. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-f915-08dbbc676176_w1024_q10_s.jpg)
5
Азия оюндары Ханчжоу шаарынан башка дагы беш шаарда өтөт. Бул Азия оюндары 2022-жылы жылы өтүшү керек эле. Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2023-жылга калтырылган.
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-7761-08dbbc65ff7c_w1024_q10_s.jpg)
6
![Ачылыш аземинде Кыргызстандын желегин волейболчу Оңолбек Каныбек уулу жана фехтование спортунун өкүлү Камила Абдылхамидова көтөрүп чыкты.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-a3ae-08dbbce15014_w1024_q10_s.jpg)
7
Ачылыш аземинде Кыргызстандын желегин волейболчу Оңолбек Каныбек уулу жана фехтование спортунун өкүлү Камила Абдылхамидова көтөрүп чыкты.
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-be96-08dbbc660d83_w1024_q10_s.jpg)
8
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-4822-08dbbc660d24_w1024_q10_s.jpg)
9
![Быйыл Азия оюндарынын программасына киберспорт да кирген.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-9abd-08dbbc65ff71_w1024_q10_s.jpg)
10
Быйыл Азия оюндарынын программасына киберспорт да кирген.
![](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-2735-08dbbc661634_w1024_q10_s.jpg)
11
![Азия оюндары 1951-жылдан бери өткөрүлүп келет. Акыркы жолу 2018-жылы Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп, Кыргызстандын улуттук курама командасы эки алтын, алты күмүш жана 12 коло медаль уткан. ](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-2991-08dbbc65ff67_w1024_q10_s.jpg)
12
Азия оюндары 1951-жылдан бери өткөрүлүп келет. Акыркы жолу 2018-жылы Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп, Кыргызстандын улуттук курама командасы эки алтын, алты күмүш жана 12 коло медаль уткан.
!["Чоң Лотос" стадиону ачылыш аземи өтүп жаткан учурда.](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-31fc-08dbbc676181_w1024_q10_s.jpg)
13
"Чоң Лотос" стадиону ачылыш аземи өтүп жаткан учурда.