"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, массалык башаламандык уюштурууга даярданган деп шек саналган Акыл Айтбаевдин бөгөт чарасы каралып жатат.
Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаардык соту "Жапырт башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен камалган саясатчы Клара Сооронкулова менен "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Акылбек Айтбаевдин бөгөт чарасын карап, мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин алар Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга, 20-декабрга чейин №1 убактылуу тергөө абагына (СИЗО-1) камалган.
Мунун алдында сот алардын кармалышын дагы мыйзамдуу деп тапкан.
Жогорку Кеңештин 20 чакты депутаты президент Садыр Жапаровго кайрылып, Кемпир-Абад иши боюнча камалган аялдарды бошотууну өтүнүштү. Бул маалыматты эл өкүлү Дастан Бекешев "Азаттыкка" ырастады. Кайрылууда аялдар Кыргызстандын маданиятында тарыхый роль ойной турганы белгиленип, камактагы активисттер өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкону айтылган.
"Сизден жеке катышууңуз менен гумандуулукту көрсөтүп, тиешелүү жетекчилерден мурда кабыл алынган чечимдерди кайра карап чыгууну жана башка адамдардын арасында камакка алынган аялдардын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранабыз", - деп жазгылган кайрылууда.
Кайрылууга Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев, Исхак Масалиев, Эмил Токтошев, Венера Раимбачаева, Гуля Кожокулова, Жанар Акаев жана башкалар кол койгон.