Бишкек шаардык соту "Жапырт башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен камалган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Буга чейин сот анын кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.
Дүйшөбаев Кемпир-Абад иши боюнча жапырт кармалгандардын катарында болгон. Ал Биринчи райондук сотунун чечиминин негизинде 20-декабрга чейин №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камалган.
Ушул эле күнү шаардык сот жарандык активист Марат Баязовдун бөгөт чарасын карап, мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.
Бишкек шаардык соту бүгүн 10-ноябрда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган активист Эрлан Бекчоро уулун да камакта калтырды. Биринчи Май райондук соту аны 20-декабрга чейин камакка калган, шаарык сот бүгүн ошол чечимди күчүндө калтырды.