Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча өтүп жаткан элдик курултай жыйынтыкталды.
Анда бир нече пунктан турган резолюция кабыл алынып, Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлмөй болду.
Курултайдын катышуучулары суу сактагыч жана анын аянтын Кыргызстандын менчигинде калтырууну, Кемпир-Абад суу сактагычына башка жерлерди алмашуу, делимитация жана деморкация иштерин токтотуп, ратификация өткөрбөөнү бийликтен талап кылышты. Делимитация жана деморкация боюнча мамлекеттик комиссияны кайрадан түзүү талабы айтылды.
Бул иштер токтобой турган болсо Кемпир-Абад боюнча кийинки элдик курултай Бишкекте өтө турганы белгиленди.