Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.

Кемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыкты

"Жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалган 20дан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттер камакка алынган.

Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген. Бул ишке "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

11:52 17.3.2023

“Акыйкат жана эркиндик үчүн” тынч чогулушунун жыйынтыгында резолюция кабыл алынды

  • Сот реформасын жүргүзүп, соттордун толук көз карандысыздыгын камсыз кылуу;
  • “Азаттык”, Kaktus.media, “ПолитКлиника” жана бардык эркин медиага басым токтолсун;
  • Кыргызстандан күч менен чыгарылган журналист Болот Темировдун кыргыз жарандыгын калыбына келтирүү,
  • “Кемпир-Абад иши” боюнча камакта жаткандарды бошотуп, толук актоо;
  • Өкмөт ишкерлерге кысымды токтотуп, аткезчилик, коррупция менен күрөшсүн.
11:28 17.3.2023

Мурдагы коргоо министри, саясатчы Исмаил Исаков Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отургандардын жакындары менен тарапташтарынын тынч митингинде сөз сүйлөп, бийлик ачык сотту камсыздашы керектигин белгиледи.

Ал мындан 21 жыл мурда болгон Аксы окуясын эскерип, анын соңу Үзөңгү-Кууштун берилишине каршы чыккан элге ок аткан бийликтин качышы менен аяктаганын белгиледи.

"Бүгүн дагы ошондой окуя кайталанып жатат. Кемпир-Абаддын берилишине каршы чыккан бир топ жарандарды камашып, эл аз экен, буларды колдогондор жок экен дегендей саясатты жүргүзүп буларды мыйзамсыз кармап отурушат. Андай саясат туура эмес экенин бийлик өкүлдөрүнө эскертип коеюн деп келдим. Башында дагы ушундай саясат жүргүзгөн Акаев азыр кайда? Көп түкүрсө көл болот. Эгер 26 жарандын өкүлдөрү ар тараптан чыкса, көл эмес деңиз болуп кетиши ыктымал. Анда бийлик өзүнүн ким экенин билбей калат. Камалгандардын көбүн билем, алардын бардыгы Кыргызстандын патриоттору, биринин дагы төңкөрүш жасайын, тополоң чыгарайын деген ою болгон эмес. Болгону Кемпир-Абад берилбесин деп гана өздөрүнүн жарандык, патриоттук сезиминин негизинде чыгышкан атуулдар болчу", - деди саясатчы.

Исаков бийликке кайрылып, камалгандардын бөгөт чарасын өзгөртүп, ачык сотту камсыз кылууга чакырды.

Мунун алдында ушул эле иш менен абакта отурган жарандык активист Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай камалгандардын көбүнүн жашы жете элек балдары бар экенин, айрымдарынын жубайлары иштебей бала менен үйдө отурушканын айткан. Ал "саясат менен иши жок, өз ишин кылып жүргөн жаштарды көчөгө чыгарып, бийлик оппонеттерди өзү жаратууда" деген.

Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткандардын тарапташтары 17-мартта Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбагына нааразылык акцияга чыгышты. "Азаттык" радиосунун кабарчысы болжол менен 200дөй киши чогулганын айтты.

10:52 17.3.2023

10:48 17.3.2023

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG