Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:56
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.

Кемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыкты

"Жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалган 20дан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттер камакка алынган.

Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген. Бул ишке "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

09:43 17.2.2023

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад ишине катышы бар деп кармалгандардын бөгөт чарасын кароону 16-декабрда да түн жарымына чейин улантып, чечим чыгарды.

Айданбек Акматов, Атай Бейшенбек, Айбек Бусурманкулов, Кубаныч Кадыров, Марат Баязов жана Эрлан Бекчоро 20-апрелге чейин камакта калды.

Мамбетжунус Абылов ооруканада жаткандыктан анын бөгөт чарасы сырттан каралып, ал дагы эки айга тергөө абагында калтырылды.

Ден соолугуна байланыштуу Талантбек Эшалиевдин үй камагы эки айга узартылды. Сот 17-февралда уланат.

15-февралда райондук соттун чечими менен 11 жаран 20-апрелге чейин тергөө абагында калды. Нурлан Асанбековдун жана Орозайым Нарматованын үй камагы эки айга узартылды.

23:14 16.2.2023
Жарандык активист Эрлан Бекчороев 20-апрелге чейин камакта калтырылды. Бекчороев сот залынан чыгып баратып, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековго кайрылып, сотторду көзөмөлгө алууну суранды.

22:18 16.2.2023

21:54 16.2.2023

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG