Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:24
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.

Кемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыкты

"Жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалган 20дан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттер камакка алынган.

Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген. Бул ишке "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

18:48 24.10.2022

23-октябрда кармалган саясатчылардын, жарандык активисттердин айрымдарынын бөгөт чаралары карала баштады. Бишкектин Биринчи май райондук сотуна саясатчы Азимбек Бекназаров, Асия Сасыкбаева, Бектур Асанов, укук коргоочу Рита Карасартова жана жарандык активисттер Али Шабдан менен Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, журналист, саясат талдоочу Айданбек Акматов алып келинди.

Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

18:26 24.10.2022

"Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин мүчөсү, активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) Кыргызстандан убактылуу чыгып кеткенин өзү "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, 23-октябрга караган түнү өлкөдөн чыгып кеткен жана жапырт кармоолор тууралуу уккандан кийин азырынча келбей турууну чечкен. Активист Фейсбуктагы баракчасына Вильнюска жеткенин жазды.

Тилекмат Кудайберген укук коргоо кызматкерлерине видеокайрылуу жасап, элдин коопсуздугун, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу максатында мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырды.

17:48 24.10.2022

Ички иштер министрлиги Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде саясатчылардын жана жарандык активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады. Мекеме кимдер кармалганы жана алар кайсы милиция бөлүмүндө экенин тактаган жок.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 21 киши кармалганын жазып, тизмесин жарыялады. Милиция жапырт иш козгоп, кармаган саясатчылар жана жарандык активисттер кимдер жана эмне менен алек болорун тизмектедик.

17:26 24.10.2022

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаев 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 24-октябрда билдирди.

Ага ылайык, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Исаевдин 2018-жылдын октябрында тандалган эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт чарасы өзгөртүлгөн. Анын негизинде Исаев 23-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG