Өлкөдө интернет чектелгени кабарланды. Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда өзгөчө абал жарыяланды.
Өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев нааразылык учурунда каза болгон күч кызматкерлери бар экенин билдирип, жакындарын жоготкондорго көңүл айтты. Ал ошондой эле, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы болгонун жарыялады. Буга чейин бул кызматты Нурсултан Назарбаев ээлеп келген.
Казакстан: өрттөлгөн имарат, көчөгө батпаган эл

1
Нааразылык акциясынан бир көрүнүш. Алматы, 5-январь, 2022-жыл.

2
Топтолуп турган күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү. Алматы, 5-январь, 2022-жыл.

3
Нааразы болгон топ Алматы акимчилигинин имаратын басып алышты. Анын бир бөлүгүн өрт чалды. 5-январь, 2022-жыл.

4
Машинеде кетип бараткан митингчилер. Алматы, 5-январь, 2022-жыл.

5
Алматыда полиция көчөлөрдүн бирин жапты. 5-январь, 2022-жыл.

6
Алматынын көчөлөрүнө күч органдары тартылды. 5-январь, 2022-жыл.

7
Алматы акимчилигинин алдында турган аскер техникасы. 5-январь, 2022-жыл.

8
"Нур Отан" партиясынын Алматыдагы кеңсеси өрттөлдү. Аталган партияны мурдагы президент Нурсултан Назарбаев 1999-жылы негиздеген.

9
Өлкөнүн Ички иштер министрлиги полициянын 30дан ашык автоунаасы талкаланганын билдирди. Алматы, 5-январь, 2022-жыл.

10
Полициянын терезелери талкаланган автоунаасы. Алматы, 5-январь, 2022-жыл.

11
Нааразы болгон топ таң атпай акцияга чыгышты. Алматы, 5-январь, 2022-жыл.

12
Актауда дагы каршылык митинги уланды. 5-январь, 2022-жыл.

13
Актөбө облусунун акимчилигинин имаратынын алдына дагы эл чогулду. 5-январь, 2022-жыл.