Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:24

Алибини урган ишкер катаал жазага кабылды


Казакстан -- соттолуучу Кайрат Жамалиев сот залында (ортодогусу). Астана, 7-август, 2015.
Казакстан -- соттолуучу Кайрат Жамалиев сот залында (ортодогусу). Астана, 7-август, 2015.

Казакстанда сот ири ишкер Кайрат Жамалиевди 13 жылга эркинен ажыратып, дүнүйө мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү өкүмүн чыгарды.

Кошуна өлкөдө “Алиби иши” деген ат менен белгилүү болгон ишти караган сот белгилүү ишкерди "адамды мыйзамсыз эркинен ажыратуу", "опузалап ири көлөмдө акча алуу" жана "сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча айыптуу деп тапты.

Астананын райондор аралык адистештирилген соту ошентип ишкер Кайрат Жамалиевди 13 жыл күчөтүлгөн режимдеги абакка кесип, бар мүлкүн мамлекет пайдасына алуу чечимин чыгарды. Сот залында отурган анын жакындары өкүмдү өкүнүү менен кабыл алып, айрымдары өкүм окулуп жатканда ыйлап да жиберди.

Өкүм окулуп бүткөн соң соттолуучунун жакындары операторлорду “тартпагыла” деп кубалаганга чейин барды. Алар сот өкүмү адилет болбой калганын айтып жатышты.

Соттолуучунун адвокаты Салимжан Мусин “Азаттыкка” мындай катаал өкүмдөн абдырап калганын жашырган жок:

- Менимче, бул адам ишенгис катаал өкүм. Сот жасалган кылмышка карай адилет жаза чектебеди. Өзүм да далдырап калдым.

Адвокат Мусин бул өкүмгө каршы жогорку баскычтагы сотко даттанышарын да кошумчалады.

Ишкер Кайрат Жамалиевдин аялы Алена Жамалиева өкүмдү толук окуп, таанышкан соң гана комментарий берерин айтты.

Алиби Жумагулов сот залында
Алиби Жумагулов сот залында

Соттолуучунун мыйзамдуу аялынан тышкары өзүн Жамалиевдин жарандык никедеги аялымын деп тааныштырган Айнур Исина да сот ишине катышып отурду. Соттук иштин материалдарында бул аялдын да аты аталды.

"Соттолуп жаткан Жамалиевге 2015-жылдын 3-апрелинде жарандык никедеги зайыбы Айнур Исина менен Алиби Жумагуловдун тааныштыгы белгилүү болгон. Экөөнүн ортосунда жыныстык байланыш бардыгына шектенген Жамалиев кызганычтан улам Жумагуловго өчүккөн”, - деди судья Эрбол Рахымбеков.

Жабырлануучу Алиби Жумагуловдун адвокаты Анатолий Утбанов сот өкүмүнө карата арызданбасын айтты. Алиби Жумагулов өзү болсо үн катпады. Алар өкүмгө канааттангандай сыягы.

Бул иште Жамалиев менен кошо дагы эки киши, ишкердин жардамчысы Арман Абилтаев менен айдоочусу Анатолий Прибытков да соттолду. Маселен, Абилтаев Жамалиевге колдонулган ошол эле беренелер менен айыпталып, 12 жылга, айдоочу Прибытков 8 жылга кесилди. Алардын да мал-мүлкү мамлекет пайдасына чегериле турган болду. Соттук териштирүү учурунда бирок бул үч соттолуучу тең тагылган айыптарга макул эместигин айтып жатышты.

Астананын Нурлан Жумагулов аттуу тургуну быйыл апрелде Фейсбук социалдык тармагына 24 жаштагы уулу Алиби белгилүү ишкер Кайрат Жамалиев тарабынан катуу сабалганын айтып, уулуна жардам берүү өтүнүчү менен кайрылып чыккан.

Алёна Жамалиева сот залында
Алёна Жамалиева сот залында

“Биз ооруканага келгенде уулубуздун бети-башынын тамтыгы жок экенин көрдүк. Башын жөн эле тебелеп салышыптыр, мурду, жаагы сынган, бети айрылган. Кулагы кесилген. Бүт кийими кан. Моюнунда муунткан жиптин тагы калган”, - деп жазган Жумагулов Фейсбукка койгон билдирүүсүндө. Кабыргасы кайышкан ата мына ушундай жол менен уулуна жасалган зомбулукка көпчүлүк көңүлүн бурдурууга аракет кылган.

Ошондон соң бул окуя казак коомчулугунда катуу резонанс жаратып, интернеттеги социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн. Көптөгөн адамдар Алибини токмоктогон ишкер Кайрат Жамалиев - Астанадагы бир катар ресторандардын жана оюн-зоок жайлардын ээси, колунда бар адам экенин жазышып, акчасына жана укук коргоо органдарындагы байланыштарына таянган мындай адамдар жазадан кутулуп кетиши ыктымалдыгын да айтып чыгышкан. Ушундай талкуулардан соң казак Ички иштер министрлиги “Алибинин иши” министрдин жеке көзөмөлүнө алынганын билдирген. Көп өтпөй ишкер Кайрат Жамалиев менен ага көмөктөшкөн Анатолий Прибытков менен Арман Абилтаев кармалып, камакка алынганы кабарланган.

Коомчулукта чоң резонанс жараткан бул ишке сот чекит коюп, ошентип Казакстандагы ири ишкерлердин бири катары таанымал Кайрат Жамалиев 13 жылга эркинен ажыратылды.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG