Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Сексуалдык ыдык боюнча арыз БУУга жетти


Казакстанда жумушта жетекчисинен "сексуалдык ыдык" көргөн деген аял бийликтен жети миллион теңге өндүрүп алуу үчүн соттошуп жатат.

Аны соттошууга жеткирген окуя мындан жети жыл мурда болгон жана Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдарды басмырлоону токтотуу комитетине чейин жеткен. Аталган комитет Анна Белоусованын өзү иштеген мектепте директорунан "сексуалдык ыдык көргөнү анык жана бийлик ага моралдык чыгым төлөп бериши керек" деген бүтүм чыгарган. Бул сексуалдык ыдык боюнча БУУга чейин жеткен Борбор Азия аймагындагы алгачкы окуя.

Астана шаарындагы Сарыарка райондук соту Анна Белоусованын Каржы министрлигинен жети миллион теңге (21 мин доллар) өндүрүп берүү боюнча арызын 25-июлдан тарта карай баштады. Сот процессине жабырлануучунун жактоочусу гана катышып жатат. Адвокаты Снежанна Кимдин айтымында, Анна Белоусова аягы көрүнбөгөн соттошуудан, басым-кысымдан, басмырлоодон улам саламаттыгы начарлаган, психологиялык жактан жабыр тартып, өзүнө жакшы келе албай жүрөт. 28-июлдагы сот процессинде жабырлануучуга жардам берген психолог көрсөтмө бермекчи.

Костанай облусунун Перцовка айылынын 35 жаштагы тургуну Анна Белоусова 18 жашынан баштап эле өзү жашаган айылдагы мектепте кийим илгич болуп эмгек келишими менен иштеп жүргөн. Анын адвокаты Снежанна Кимдин билдиришинче, 2010-жылы мектепке Белоусова менен курбалдаш адам директор болуп келген жана аны "иштен айдайм, айлыгыңды азайтам" деп коркутуп бир канча жолу жыныстык катнашка барууга мажбурлаган. Мындан кийин иштен кетирип салган. Белоусова буга даттанып шаардык билим берүү бөлүмүнө, полицияга чейин кайрылган, бирок анын арызы эч жерде каралган эмес.

Тескерисинче, мектептин директору Анна Белоусованы каралап, жаманатты кылып жатат деп айыптаган жана сотко кайрылган. Сот Белоусованы күнөлүү деп тапкан жана мурунку директорунан жамааттын көзүнчө кечирим суроого милдеттендирген.

Белоусова болгон тиешелүү органга кайрылып, жардам таппаган соң 2012-жылы Адам укукун коргоо боюнча бюронун Костанайдагы бөлүмүнүн жардамы аркылуу Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдарды басмырлоого каршы комитетине кайрылган. Анын адвокатынын маалымдашынча, үч жылдан кийин комитет Белоусованын "укугу бузулганы, сексуалдык ыдык көргөнү анык" деген бүтүм чыгарган жана казак бийликтерин ага тиешелүү моралдык жана материалдык чыгымын төлөп берүүгө чакырган:

- Бириккен Улуттар Уюмунун​ комитети бул иште тиешелүү органдар, соттор гендердик зомбулукка кабылган аялдын арызына, анык көрүнүп турган далилдерге көңүл бурушкан эмес деген пикирде. Мындан улам бул мамлекеттик органдар арызды кароодо гендердик факторду эске алышкан эмес.

Адвокат Снежанна Ким. Астана, 25-июль, 2017-жыл
Адвокат Снежанна Ким. Астана, 25-июль, 2017-жыл

Бул Анна Белоусованын БУУнун комитетитинин чечимин аткарууну талап кылып сотко жазган экинчи арызы. Былтыр ал Костанай шаардык билим берүү бөлүмүн сотко берген, бирок утулуп калган. Апелляциялык инстанцияда ага сотко Каржы министрлигин берүүнү сунушташкан.

25-майда сот процессинде Каржы министрлигинин өкүлү Ольга Ломако ал иштеген мекеме доо арызга макул эместигин билдирди. Анна Белоусова туура эмес жакты сотко берип жатат деп айтты. Анын ырасташынча, бюджеттик программа боюнча мыйзамсыз соттолгон же мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартылган жарандарга гана мамлекеттик акчадан материалдык кенемте төлөнүп берилет.

- Бул жерде арыздануучу мыйзамсыз соттолду же мыйзамсыз кылмыш жооопкерчилигине тартылды дегендердин катарына кирбейт. Ошондуктан мамлекеттик казынанын эсебинен ага моралдык чыгым үчүн кенемте төлөп берүү мүмкүн эмес. Балким ал биздин мекемени эмес, башка органды сотко бериши керекдир.

Каржы министрлигинин өкүлү БУУнун комитетинин чечими сунуш ирээтинде гана болорун, Казакстан аны аткарууга милдеттүү эмес экенин да кошумчалады. Жабырлануучунун адвокаты болсо расмий Астананын эл аралык милдеттемелерин эске салып жатат.

БУУ казак бийлигин Анна Белоусванын укугун коргоого, моралдык жана материалдык кенемте төлөп берүүгө чакыргандан сырткары жалпы аялдарды басмырлоого каршы, айрыкча жумушта сексуалдук ыдыкка жол бербөө боюнча атайын мыйзамдарды кабыл алууну да сунуштаган.

Белоусованын сексуалдык ыдык боюнча БУУга жеткен арызы Казакстанда эле эмес, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү биринчи окуя болуп калды.

Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар аталган аймакта сексуалдык ыдык көргөн кыз-келиндердин басымдуу бөлүгү арыз-арманын ачык айта беришпей турганын, коомчулукта тескерисинче өздөрү күнөөлүү катары кабылданып каларынан чочулашарын белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG