Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

Казакстан Ливанга аскер жөнөтөт


ШКУнун аскерий машыгууларына катышып жаткан казак аскерлери. 19-сентябрь, 2016-жыл.
ШКУнун аскерий машыгууларына катышып жаткан казак аскерлери. 19-сентябрь, 2016-жыл.

Казак парламенти өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн БУУнун миссияларына катышуусун колдоду. Президент Нурсултан Назарбаевдин сунушу эки палатанын жалпы жыйынында каралып, колго салынган. Мамлекет башчы 120 жоокерди Ливандагы убактылуу миссияга жөнөтүүнү сунуш кылган.

Казакстан парламентинин жума күнү өткөн жыйынында президенттин сунушун коргоо министри Сакен Жасузаков окуп берди:

- Казакстан Конституциясынын 53-беренесине ылайык, казак коргоо күчтөрүнүн 120 аскерин Индия мамлекетинин куралдуу күчтөрүнүн курамында Ливандагы Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуучу миссиясына катыштырууну сунуштайм. Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев.

​Эки палатанын биргелешкен жыйынына катышкан депутаттар Нурсултан Назарбаевдин сунушун бир добуштан колдошту.

Казакстан парламентинин эки палатасынын биргелешкен жыйыны. 15-июнь, 2018-жыл.
Казакстан парламентинин эки палатасынын биргелешкен жыйыны. 15-июнь, 2018-жыл.

Коргоо министринин айтымында, аскерлердин биринчи бөлүгү алты айлык сапарга быйыл күз айында аттанат. Алар жарым жыл сайын алмашып турат. Улуттар Уюмунун миссиясына Казакстан качанкыга чейин аскер жөнөтүп турары беймаалым.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, экс-дипломат Балташ Турсынбаев мамлекетти коргоочу аскерлердин чет жакта жүргөнү дурус эмес деген пикирде:

- Дүйнө жүзүндө алп мамлекеттер бар. Алардын аскерлери саясат жактан да жатыккан. Алар кандай күрөшүү керек, кайсы убакта токтотуу керек, кандай бөлүү керек дегендин баарын билишет. Биздин 120 аскер барып эмне кылат? Бир үй-бүлөнүн баласы, агасы-иниси ошол жакка барып майып болуп келсе, бул эмне деген шумдук?

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев.
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев.

​Коргоо министринин айтымында, бейпилдик күчтөрүнө кошулчу 120 офицер менен аскерге мамлекеттен жылына 345 миллион теңге бөлүнөт. Андан тышкары казакстандык аскерлерге Улуттар Уюмунун эсебинен да каржы төлөнөт. Казакстан Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүнүн катарына 2017-жылдын 1-январында кирген.

Коргоо министринин маалыматына караганда, 2014-жылдан бери казакстандык 11 офицер 12 ай бою Кот д`Ивуар менен Батыш Сахарада БУУнун миссияларына катышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG